Жер берген жокпуз, алдык. Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча билдирүү жасады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров
Мамлекет башчы Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Жазылуу
Президент талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы Кыргызстан тарапка өткөнүн кошумчалаган.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү таратты.
Президент бул кайрылууну аргасыздан жазып жатканын белгилеген.

"Кечээ Өзгөнгө барып, эл менен жабык эшик артында сүйлөшүп, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны такташуу маселесин адамча түшүндүрүп бердим. "Биз залга батпай калдык" деген 300дөй кишини экинчи этап менен залга киргизип, аларга эртең мененки саат 10:00дөн баштап кечки саат 17:00гө чейин документ, илгерки келишимдер менен түшүндүрүп бердик. Эмне үчүн жабык эшик артында карап жатканыбызды дагы адамча түшүндүрүп бердик. Кудай буюрса, жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен өтүп, келишим бузулгус болуп бекигенден кийин кайсы жерлер бизге өткөндүгү ачыкка чыгат", — деп жазган Жапаров.

Ал элди бир аз чыдап турууга чакырып, талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы Кыргызстан тарапка өткөнүн кошумчалаган.
"Кемпир-Абадды буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1 246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытында колдонушат. Калган чек арадагы жерлер боюнча кийин угасыздар. Сүйүнүү, кубаныч менен кабыл аласыздар. Бизге рахмат айткандан башка эч бир доомат арта албайсыздар. Биз бир сантиметр жер берген жокпуз. Тескерисинче, алдык. Жүз жылдан кийин дагы биздин эмгек, биздин чечим ак жана Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн болгонун тарых тастыктап берет. Биз Каркыра, Төрт-Көчөнү берген чыккынчылардан эмеспиз", — деген мамлекет башчы.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе кайрадан кыргызстандыктардын көңүл чордонунда. Буга чейин Бишкекке Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев экөө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу боюнча процедураны баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Андан кийин өкмөт Өзбекстан менен чек ара маселеси тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечилгенин билдирген.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын айрымдары Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынан кол жууп калышы ыктымал деп кооптонууда. 4-октябрда райондук администрациянын алдына чогулган эл менен мамлекет башчы жолугушуу өткөргөн.
Кемпир-Абад суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2022
Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эмне белгилүү. Фактылар
Жаңылыктар түрмөгү
0