Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эмне белгилүү. Фактылар

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской областиКемпир-Абад суу сактагычы. Архив
Кемпир-Абад суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги коомчулукта кайрадан талкууланып жаткан Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча материал жасады.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе кайрадан кыргызстандыктардын көңүл чордонунда. Аталган объектинин Өзбекстанга өткөнү айтылып, бул жергиликтүү тургундардын, социалдык тармак колдонуучуларынын нааразы пикирин жаратты. Ушуга байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзгөн районуна барып эл менен жолугушууда. Аны менен Ош облусуна УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев да барган. Жергиликтүү эл бийликтен суу сактагыч боюнча калкка ачык маалымат берүүнү талап кылууда.
Талашка түшкөн Кемпир-Абад суу сактагычы качан, кандай максатта курулганы жана буга чейин суу сактагычтын айланасында жаралган талаш маселелер тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги материал даярдады.

Суу сактагыч качан, кайсы жерде курулган?

Кемпир-Абад суу сактагычы Ош облусунун Өзгөн районунда, Өзбекстан менен болгон чек арада жайгашкан.
Өзбекстан аталган объектини Анжиян суу сактагычы деп атайт. Ал эми тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгуловдун айтымында, мурда суу сактагычтын ордунда тарыхый шаар болгондуктан, аймак географиялык, тарыхый аталышынан улам Кемпир-Рават деп аталып калган. Ачык маалымат булактарына таянсак, бул аймакка суу сактагыч өзбек тараптын демилгеси менен 1960-жылдары салынып баштап, 1983-жылы бүткөн. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаевдин (2021-жыл, март) айтымында, кыргыз өкмөтү 1973-жылдары суу сактагычтын курулушу үчүн 5 731 гектар жерди бөлүп берген. Анын ордуна өзбек тарап компенсация катары 4 127 гектар жер берген. Алар Ала-Бука, Аксы, Ноокат, Кадамжай районунда жайгашкан. Ошол келишимде убадаланган 1600 гектар жер 2021-жылкы сүйлөшүүдө алынганы айтылган. Бөрүбаев суу сактагычты эки тарап тең көзөмөлдөп, башкара турганын айтып, эл суу сактагычка малын сугарып, ал жерден балык кармай аларын белгилеген.
Суу сактагычка Кара-Дарыя, Тар, Кара-Кулжа дарыяларынын суулары куят. Объектинин жалпы аянты 4 400 гектар. Ал эми көлөмү — 1,9 куб чакырым.
Сууну Өзбекстан башкарып калбайбы? Өкмөттүн жооптуу өкүлү менен видео маек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Сууну Өзбекстан башкарып калбайбы? Өкмөттүн жооптуу өкүлү менен видео маек

Кемпир-Абад боюнча 2021-жылы чыккан чуу

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 2021-жылдын 23-мартында Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон. Андагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы өзбек тарапка өтөт деп чечим кабыл алынганын, бирок коңшулар бир нече шартты аткарууга милдеттүү экенин билдирген. Ошондой эле тараптар жер алмашуу боюнча протоколго кол коюшканын маалымдаган.
Мындан улам Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун эли суу сактагычтын айланасынан жер берилбеши керек деген талап менен митингге чыгып, социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси боюнча талкуу башталган. Ташиев эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн менен майнап чыккан эмес. Мындан улам УКМК төрагасы Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жер элдин талабы менен Өзбекстанга берилбей турганын айтып, элди тынчыткан.

Бир нече күн мурда Кемпир-Абад темасы кайрадан көтөрүлдү

2022-жылдын 26-сентябрында Бишкекке Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев экөө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу боюнча процедураны баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Анда Ташиев кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин жыйынтыктоо боюнча тарыхый миссия болгонун билдирип, делимитациялоо процесси аяктаганы айтылган. Кийинчерээк министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан менен чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен чечилгенин билдирген.
Андан үч күндөн кийин, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Өзгөн районунда жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөнү айтылып жатканын билдирип, бийлик башындагылар "жең ичинен барып кол койгондугу өлкөдө аябай будуң-чаңды жаратууда" деп айткан. Ошондой эле бул маселе суу сактагычка жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларын тынчсыздандырып жатканын айткан.
Төрткүл суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Кыргызстан Орто Азияны климаттык апааттан сактап кала алат. Суу тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0