Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Акаев: Тажикстан дагы кол салбашы үчүн эл аралык кылмыш сотуна беришибиз керек

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Жазылуу
Эл өкүлү өкмөттөн Рим статутуна мүчө болуш үчүн документтерди тез арада алып келишин талап кылды.
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Тажикстан дагы кол салбашы үчүн эл аралык кылмыш сотуна беришибиз керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев айтты.
Эл өкүлү министрлер кабинетинен Рим статутуна мүчө болуш үчүн документтерди тез арада алып келишин талап кылды.
"Жыл сайын ондогон адамдарыбыз өлүп кетпеши үчүн биз аларды экинчи мындай кол салууга барбай тургандай кадамдарга барышыбыз керек. Эл аралык кылмыш соту бар, аны Рим статуту деп коёт. Ага Тажикстан мүчө, Кыргызстан азыркы күнгө чейин мүчө эмес. Ошол жерде так жазылып турат, эгерде аскерий, агрессиялык кылмыш жасаса эл аралык сотто жооп берет. Буга чейин жарандык коомдун өкүлдөрү президентке киргизсе колдогон экен. Эртерээк алып келиңиздер, парламент жактырып берели. Анткени ал жерде жоопкерчилик каралган", — деди Акаев президенттин, министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө кайрылып.
Депутат жай тургундарды, аскерлерди куралдуу күч менен басып кирген, атайын кол салууну пландаган агрессор, диктаторлор эл аралык кылмыш сотунда жооп берүүгө тийиш деп эсептейт.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстан кол салууга даярданган. Жапаровдун Эрдоган менен жолугушуусу
Жаңылыктар түрмөгү
0