Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Президент Садыр Жапаров элге кайрылуу учурунда көзүнө жаш алды. Видео

© Фото / пресс-служба президента КРКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2022
Жазылуу
Президент каргашалуу окуя учурунда курман болгон аскерлерди эскерип, баатыр уулдарды тарбиялаган ата-энесине таазим кылды.
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу элге кайрылуу жасап жатып көзүнө жаш алды.
Өлкө башчы каргашалуу окуя учурунда курман болгон аскерлерди эскерип, баатыр уулдарды тарбиялаган ата-энесине таазим кылды.
"Баатыр уулдарыбызга бүгүн кыргыз эли башын ийип, аза күтүп жатат. Ошол эле учурда алардын эрдигине сыймыктанып турушат. "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде" дейт, керек болсо ар бир эр жигит Ата Журт үчүн канын-жанын аябаган деген мына ушул эмеспи. Ушундай азамат уулдарыбыз турганда биздин чекти эч ким буза албайт. Алардын балдары жана артында калган жакындарына кам көрүүнү мамлекет өз мойнуна алат", — деди Жапаров.

Тажикстандын Кыргызстанга баскынчылыгы

Тажик тараптын кол салуусунан 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 169 киши ар кандай жаракат алган, оор абалдагылар Ош жана Бишкектеги ооруканаларга жеткирилип жатат.
14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында Баткен облусунун бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Кагылышууга тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашкан.
Кыргызстандын Чек ара кызматы күч түзүмдөрү тажик тарап КР аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлады.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна дагы түшүп жатты.
17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.
Тажикстандын аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы ондогон үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен.
18-сентябрда атышуу токтоду, бирок абал чыңалган бойдон турат.
Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады.
Тик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенде дайынсыз болуп жаткан 4 кыргызстандык тоонун арасынан табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0