Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салышы: кесепети, кээри. Инфографика

Жазылуу
Тажик тараптын баскынчылык менен кол салуусунан элүүдөн ашык кыргызстандык көз жуумп, миңдеген жаран өз үйүн таштап качууга аргасыз болду. Sputnik Кыргызстан ал каргашанын кесепетин көрсөткөн соңку сандарды сунуштайт.
Тажикстан 14-сентябрда баскынчылык менен Кыргызстанга кол салып, Баткенде чек арага жакын аймактарга ок жаадырып, 16-сентябрдын таңында Баткен облусунун бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Ал эми 17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылаган.
Ал күндөрү тажик аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы ондогон үйлөрдү, мектеп, бала бакчаларды, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишти. Кыргызстан муну "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады.
Кыйын күнгө кабылган учурда кыргызстандыктар жабыла келип, биригип, төрт күндө 26 миллион 073 миң сомду Баткенге жардам катары чогултту.
Тема боюнча:
Иманкулов: кол салуу болорун билгенбиз, бирок мындай масштабды күткөн эмеспиз
Эламанга чейин үч баламан айрылгам... Аскердин кан жутуп отурган ата-энеси. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0