Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Төлөбеков: РФ жана КРдин кинематографисттер союздары кызматташмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКинопродюсер, "Ысык-Көл — тынчтык көлү" кинокластеринин координатору Талант Төлөбеков
Кинопродюсер, Ысык-Көл — тынчтык көлү кинокластеринин координатору Талант Төлөбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
Жазылуу
Кинопродюсер, "Ысык-Көл — тынчтык көлү" кинокластеринин координатору Талант Төлөбеков аталган иш-чарада айтылган сунуштар жана келишимдер тууралуу айтып берди.
"Ысык-Көл — тынчтык көлү" аттуу биринчи кинокластер 21-августта Россия жана Кыргызстандын кинематографисттер союздарынын ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюу менен аяктады. Россиянын атынан документке Кинематографисттер союзунун төрагасынын биринчи орун басары Лариса Солоницына, ал эми Кыргызстан тараптан Кинематографисттер союзунун төрагасы Айбек Дайырбеков кол койду. Бул тууралуу Талант Төлөбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Төлөбеков: РФ жана КРдин кинематографисттер союздары кызматташмай болду
Анын айтымында, кинокластердин жүрүшүндө орус делегациясынын өкүлдөрү Ысык-Көлдүн түштүк жана түндүк жээктериндеги көрүнүктүү маданий жана жаратылыш объектилерине барып, кино тартууга ылайыктуу локациялар менен таанышты.
"Иш-чара "Евразиянын заманбап киноиндустриясы мамлекеттик, коомдук жана жеке институттардын призмасы аркылуу: кызматташтык, тенденциялар, маселелер" тегерек столу менен башталып, баяндамалар жасалды. Кинокластердин экинчи күнү кыргыз кинодолбоорлорунун питчингине (инвестор тартуу үчүн долбоорду презентациялоо) арналып, анда бир катар тасмалар көрсөтүлдү. Россия жана Кыргызстандын делегацияларынын чечими менен долбоордун анонстору kinoozeromira.com кинокластердин сайтында атайын бөлүмгө жайгаштырылат. Кинокластердин алкагында президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев менен орус-кыргыз делегациясынын жолугушуусу болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстанда кино өндүрүшүн стимулдаштыруу жана чет элдик контент-өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу иштөө шарттарын уюштуруу үчүн кинокомиссияларды түзүү зарылдыгы айтылды. Ишкердик программа кызматташуу келишимине кол коюу менен аяктады. Ага ылайык, орус-кыргыз киночулары биргеликте сценарийдин үстүндө иштеп, тасма тартып, кинопрокатка чыгарат. Ошондой эле россиялык кинокөрсөтүүчүлөр (кинопрокатчы) жана дистрибьюторлор үчүн Москвада заманбап кыргыз фильмдерин көрсөтүү циклин өткөрүүгө даярдыктар башталды", — деди Төлөбеков.
Ал Россиялык делегациянын Кыргызстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгында кинокластерге жылдык статус берүү чечими кабыл алынып, кийинки "Ысык-Көл — тынчтык көлү" кинокластери 2023-жылдын июль айында өтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0