https://sputnik.kg/20220902/nookende-murdagy-ayalyn-olturgon-kuyoosu-karmaldy-1067472398.html
17 ирет бычак урган. Ноокенде мурдагы аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды
17 ирет бычак урган. Ноокенде мурдагы аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды
Sputnik Кыргызстан
Милиция кызматкерлери барганда келиндин сөөгү шаардагы кафелердин биринин короосунда жаткан. 02.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-02T12:35+0600
2022-09-02T12:35+0600
2022-09-02T12:36+0600
окуялар
ноокен
кылмыш
аял
күйөө
өлтүрүү
кармоо
https://sputnik.kg/img/104120/96/1041209639_0:149:4579:2725_1920x0_80_0_0_6eb2e359633616c4c91dad370411e398.jpg
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 24 жаштагы аялды 17 ирет бычак сайып өлтүргөн деген шек менен мурдагы күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.Маалыматка ылайык, 27-августка караган түнү саат 02:40тар чамасында Кочкор-Атадагы кафелердин биринин короосунда аялдын сөөгү жатканы тууралуу милицияга кабар берилген.Ноокен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү шектүү катары киши колдуу болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын 33 жаштагы А.И. аттуу тургунун кармаган. Ал соттун чечими менен эки айга камакка алынды.Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголгон.
https://sputnik.kg/20220830/talasta-ayalyn-sabap-olturgan-kishi-kamaldy-1067348292.html
ноокен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104120/96/1041209639_503:0:4579:3057_1920x0_80_0_0_568f584463062b45fcdd35d1cf54fa03.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, ноокен, кылмыш, аял, күйөө, өлтүрүү, кармоо
окуялар, ноокен, кылмыш, аял, күйөө, өлтүрүү, кармоо
17 ирет бычак урган. Ноокенде мурдагы аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды
12:35 02.09.2022 (Жаңыртылды: 12:36 02.09.2022) Милиция кызматкерлери барганда келиндин сөөгү шаардагы кафелердин биринин короосунда жаткан.
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 24 жаштагы аялды 17 ирет бычак сайып өлтүргөн деген шек менен мурдагы күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-августка караган түнү саат 02:40тар чамасында Кочкор-Атадагы кафелердин биринин короосунда аялдын сөөгү жатканы тууралуу милицияга кабар берилген.
"Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барганда каза болгон аял Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну М.Г. экени аныкталды. Анын сөөгү соттук-медициналык экспертизага берилип, денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы тастыкталды", — деп айтылат маалыматта.
Ноокен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү шектүү катары киши колдуу болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын 33 жаштагы А.И. аттуу тургунун кармаган. Ал соттун чечими менен эки айга камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголгон.