Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда 4, 5 жана 7 жаштагы балдар изделүүдө

© AFP / GUILLERMO ARIASЖаш балдар. Архивдик сүрөт
Жаш балдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Жазылуу
Балдар үйдөн ойногону чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда дайынсыз жоголуп кеткен үч кичинекей бала изделип жатканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Алгач милицияга Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын кичинекей тургундары үйдөн ойногону чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
"4 жаштагы А.Б., 5 жаштагы Ш.А. жана 7 жаштагы Ш.А. аттуу бөбөктөрдү издөө иштерине Каракол шаарынан төрт куткаруучу барган. Түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган", — деп жазылган маалыматта.
ӨКМ бүгүн куткаруучулар кайрадан издөөгө чыгарын билдирди.
Токой. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Таласта токойдо жоголуп кеткен 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0