IT-адис интернеттен көп соода кылгандарга эки карта ачууну сунуштады

© Фото / Pexels/ Polina TankilevitchНоутбук колдонуп жаткан кыз. Архив
Ноутбук колдонуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
Жазылуу
Маекте интернет-ресурстар үчүн кадыр-баркы, кардарлардын ишеними биринчи орунда экенин белгиленген.
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Интернет-ресурстар кардардын төлөм жүргүзгөн картасындагы жеке маалыматтардын коопсуздугуна тыкыр көзөмөл жүргүзөт. Бул тууралуу IT-адис Михаил Дудин Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"Интернет-ресурстар дал ушундай транзакциялардан акча тапкандыктан, алар үчүн кадыр-баркы, кардарлардын ишеними биринчи орунда турат. Картадан акча алып алган учурлар жайылып кетсе, азыркы технология өнүккөн заманда аны баары үйрөнүп алмак. Кимдир бирөөнүн эсебинен акча уурдалганын уга элекмин. Интернеттен товар жана кызматтарды көп сатып алгандар экинчи эсеп картасын ачып койсо ашыкча болбойт. Ошол эсеп картага төлөм жүргүзө турган картаны байлап коесуз", — деген адис.
Ал мындай учурда кардар алган айлыгын же топтогон каражатын алдырып жибербей турганын кошумчалаган.
Кыргыз интернет коому (ISOC) коомдук бирикмесинин Санарип Инсан жана ilimbox долбоорунун кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча менеджери Ажыбек Нурланов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Радио
Нурланов: балдарды интернеттен ата-эне, мугалимдер коргоосу зарыл
Жаңылыктар түрмөгү
0