Путин коопсуздук конференциясында эмнелерге токтолду. Маанилүү учурлар

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
Жазылуу
Россия лидери аталган мамлекеттин өнөктөштөрүнө, пикирлештерине жасалган олуттуу мамиле, көп уюлдуу дүйнө, Украинадагы жаңжал тууралуу да кеп кылган.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Эл аралык коопсуздук боюнча Москвадагы X конференцияда сүйлөп, глобалдуу болуп турган бир топ темаларга кайрылды.
Sputnik Кыргызстан Путиндин аталган эл аралык иш-чарада сүйлөгөн сөздөрүнүн маанилүү учурларына токтолот.
Жаматтык Батыш европалык коопсуздук системасын бүлүндүрүп, НАТО чыгышты көздөй жылып бара жатат;
Россия өзүнүн союздаштарынын улуттук кызыкчылыгын, аларды коргоону жана муну менен катар эле демократиялык дүйнөнү курууга кадам жасашын камсыздайт;
АКШ Украинадагы жаңжалды создуктурууга аракет кылып жатат. Алар Украинадагыдай эле аракеттери менен Азия, Африка жана Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн ортосуна от жагууда;
Россия Украинадагы атайын операцияны Бириккен Улуттар Уюмунун уставына толугу менен дал келтирип анан баштаган. Анда Россиянын коопсуздугун коргоо, Донбасстын жашоочуларын геноцидден алып калуу максаты коюлган;
Батыш өзүнүн дүйнөгө үстөмдүк кылуусун сактап калуу үчүн ар кыл чатактарга муктаж, бул максатында Украинаны кандуу булоонго салып берди;
Эл аралык укуктарга болгон урмат-сыйды кайра калыбына келтирүү керек жана Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу түзүмдөрдүн позицияларын бекемдөө керек;
Азыркы, заманбап көп уюлдуу дүйнөнүн системасын бекемдөө менен гана дүйнөдөгү чыңалууну бошотуп, аскердик-саясий тармактагы тобокелдиктерди жок кылууга болот.
Кыргызстандын коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
Коргоо министри Москвадагы коопсуздук конференциясына катышууда
Жаңылыктар түрмөгү
0