https://sputnik.kg/20220805/ijgiliktuu-kompaniya-uchun-korporativdik-bashkaruu-kerek-1066558616.html
Турдубек уулу: компаниянын ийгилиги үчүн корпоративдик башкаруу керек
Турдубек уулу: компаниянын ийгилиги үчүн корпоративдик башкаруу керек
Sputnik Кыргызстан
UBS Transit жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Мирлан Турдубек уулу ири компаниялар корпоративдик башкаруу тажрыйбасын колдонушу... 05.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-05T10:24+0600
2022-08-05T10:24+0600
2022-08-05T10:24+0600
радио
кыргызстан
инвестициялар
башкаруу
бизнес
ишкерлик
мирлан турдубек уулу
https://sputnik.kg/img/07e6/08/05/1066558744_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_7538c55d8a45cbd4555ba3ad7fc6bf13.jpg
Турдубек уулу: компаниянын ийгилиги үчүн корпоративдик башкаруу керек
Sputnik Кыргызстан
Турдубек уулу: компаниянын ийгилиги үчүн корпоративдик башкаруу керек
Компаниянын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн корпоративдик башкаруу ыкмасын колдонуп көрдүк. Аталган тажрыйба өлкөдө көбүнесе финансы рыногунда колдонулуп келсе, эми логистика тармагында да сынап көрдүк. Бул тууралуу Мирлан Турдубек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, коллективдүү башкаруу ишкананын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, эл аралык кызматташууну жакшыртат.Ошондой эле адис логистика тармагында ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, бажыдагы иштер системалуу аткарылса ишкерлер үчүн жеңилдиктер түзүлөрүн кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/05/1066558744_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_e40203e6e89ac99af582adf2630f644a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, инвестициялар, башкаруу, бизнес, ишкерлик, аудио, мирлан турдубек уулу
кыргызстан, инвестициялар, башкаруу, бизнес, ишкерлик, аудио, мирлан турдубек уулу
Турдубек уулу: компаниянын ийгилиги үчүн корпоративдик башкаруу керек
UBS Transit жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Мирлан Турдубек уулу ири компаниялар корпоративдик башкаруу тажрыйбасын колдонушу керектигин айтты.
Компаниянын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн корпоративдик башкаруу ыкмасын колдонуп көрдүк. Аталган тажрыйба өлкөдө көбүнесе финансы рыногунда колдонулуп келсе, эми логистика тармагында да сынап көрдүк. Бул тууралуу Мирлан Турдубек уулу
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коллективдүү башкаруу ишкананын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, эл аралык кызматташууну жакшыртат.
"Мен логистика тармагында 20 жылдан ашык тажрыйба топтоп, ушул сектордун өнүгүшүнө салым кошуп келе жатам. Эл аралык практиканы колдонуу аркылуу кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатууга болгон аракетибизди көрүп келебиз. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген күндөн тарта биздин компания эң алгачкылардан болуп бажы ташуучулар реестрине катталган. Учурда ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, ишмердүүлүк жүргүзүп келебиз. Өлкөдөгү компаниялардын көбүнүн уставдык капиталы төмөн бекитилген. Бул ички жана тышкы инвестицияны тартууда орчундуу маселе. Ошол себептен чет өлкөдө ири компаниялар корпоративдик башкаруу тажрыйбасын колдонуп, компаниянын акционерлеринин укуктарын коргоодо, компанияны башкаруунун натыйжалуулугун, каржылык туруктуулугун сактоого өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда эл аралык мамилерди жакшыртууга жол ачат. Андыктан ири компаниялар корпоративдик башкаруу тажрыйбасын колдонсо жакшы жыйынтык берет", — деди Турдубек уулу.
Ошондой эле адис логистика тармагында ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, бажыдагы иштер системалуу аткарылса ишкерлер үчүн жеңилдиктер түзүлөрүн кошумчалады.