Кыргызстанга сүргүнгө айдалган венгрлер. Эки өлкөнүн байланышы кантип түптөлгөн

Жазылуу
Кыргыз өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-октябрындагы токтому менен 24-октябрь өлкөбүздүн дипломаттар күнү деп белгиленген. Ушул күндөн баштап кыргыз дипломаттары кесиптик майрамын белгилеп келет.
Sputnik агенттиги алгачкы кыргыз дипломаттары, Тышкы иштер министрлигинин түптөлүшү, мамлекеттер аралык байланыштардын негизделиши тууралуу материалдардын топтомун даярдап келет. Жогорудагы видеодон СССРдин курамындагы Кыргыз ССРи чет өлкөлөрдөн келген делегацияларды кантип тосконун көрүүгө болот.
1992-жылы 16-апрелде Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык байланыш түзүлгөн. Акыркы жылдары Венгрия Россия, Кытай, Түркия жана Борбордук Азия менен алакасын чыңдап жаткан учуру. 2020-жылы 19-февралда Бишкекте Венгриянын элчилиги ачылса, 19 күн мурда Кыргызстандын элчилиги Будапештте иштей баштады.
Колумнист Алмаз Батилов архивден 1963-жылы Фрунзе шаарына Венгр Эл Республикасынын парламентинин депутаттары келген даректүү тасманын үзүндүсүн тапкан. Чет элдик делегацияны Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов, Коммунисттик партиянын жетекчиси Турдакун Усубалиев, тышкы иштер министри Сакин Бегматова жана белгилүү бийчи Бүбүсара Бейшеналиева тосуп алышкан. Венгрлерди көрүнүктүү ишмер, эки ирет соода-сатык министри болгон Шандор Ромаи жетектеп келген. Андан кийин Ромаи парламент жана венгр-совет достук коомунун төрагалыгын аркалаганы маалым.
Кыргызстандын тышкы иштер министирлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2019
Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөн. 75 жылга сыйган бай тарых
Чыгыш Европада Венгрия Советтер Союзунун эң жакын өнөктөшү эле. Социализм менен капитализмдин системасын айкалыштырган бул өлкөнү социализмдин витринасы деп аташчу. Расмий Будапешт менен Москва аскердик, экономикалык, туризм, илимий жана маданий жаатында аябай тыгыз кызматташкан. 1980-жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 9 миллиард рублге жеткен эле. Венгрия чыгарган "Икарус" автобусу, костюмдары, көйнөктөрү, бут кийимдер жана азык-түлүгү азыр деле постсоветтик аймакта жашаган калктын эсинде.
Эмне үчүн ошол учурда расмий Будапешт Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар эле деген суроо жаралат. Бул эл өзүн мадьяр деп атайт. Миң жылдан ашык убакыт мурда мадьярлардын ата-бабалары Азиядан Борбордук Европага көчүшкөн. Алардын курамына Европанын жүрөгүнүн үшүн алган атактуу гунндар жана түрк тектүү уруулар менен калктар да кошулган. Тилинде түркий сөздөр көп. Бүгүнкү күндө да Венгрияда кыпчактар Надь-Кууншаг (Чоң Куман) менен Кичи Кууншаг ( Кичи Куман) аймактарында жашайт. Дал ушул себептен улам мадьяр илимпоздору Кыргызстанга абдан көңүл бурушкан.
20-кылымдын башында Кыргызстандын табияты менен этнографиясын атактуу венгриялык чыгыш таануучу жана зоолог Дьердь Алмаши изилдеген. 1914-1918-жылдары Биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда орус армиясынын туткунуна түшкөн мадьярлар Ош жана Жалал-Абад аймактарына жөнөтүлгөн. Айрымдары 1917-жылы Октябрь революциясынан кийин жарандык согушта большевиктердин катарында согушкан. 1925-жылы Кыргызстанга Чехословакиядан келген "Интергельпо" кооперативинин ыктыярчыларынын арасында венгрлер да болгон. Алар республиканын өнүгүшүнө чоң салым кошкон эле.
Аскар Акаевдин Индияга иш сапары (Сактанбек Кадыралиев оң жактан үчүнчү) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2020
Кыргызды сагынганда “Ала-Тоо таңшыйтты” баштан-аяк ырдап... Дипломаттардын баяны
1936-жылы белгилүү венгриялык сүрөтчү Ласло Месарош Фрунзеге көчүп келген. Ал да Кыргыз ССРинин борборун көрктөндүрүү боюнча көп иштерди жасаган. 1956-жылы бул өлкөнүн башчысы Матьяш Ракоши Токмок калаасына сүргүнгө айдалган. Буга чейин да кээ бир венгр коммунисттери Кыргызстанга сүргүнгө айдалышкан болчу.
1956-жылдан баштап Фрунзеде жайгашкан бешинчи борбордук авиациялык кадрларды даярдоочу курстарда мадьяр курсанттары окуган. Мындан сырткары, Венгриянын аскердик-унаа авиациясы түптөлгөн. 1980-жылдардын аягында венгриялык кыпчактардын тукуму маркум Иштван Коңур Мандоки да фольклор багытында изилдөө жүргүзүп, азыркы күндө анын ишин будапешттик окумуштуу Кара Дөөт Шомфайи улантып жатат. 2018-жылы Венгриянын президенти Виктор Орбан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына жана Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрүнүн башчыларынын кеңешинин саммитине катышкан. Ал венгрлердин теги түрк-кыпчактар, ал эми Венгрия христиан динин туткан түрктөрдүн жери деп айтып келет.
Өлкөнүн тышкы саясатын тескеген ведомство кантип негизделип, кандай жолду басып өткөнүн мамлекеттик жана коомдук ишмер, СССРдин 1-класстагы толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Жаңыл Түмөнбаева кенен-кесир айтып берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0