Бишкекте оюн-зоок борборунда кызга кол көтөргөн киши. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыздын чачын кармап турган адам. Иллюстративдик сүрөт
Кыздын чачын кармап турган адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2022
Жазылуу
Ортого түшкөн кызды мушташып жаткан балдардын биринин атасы коркутуп, кечинде, жумуштан кийин кызды өлтүрүп кетерин айткан.
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Балдардын Sky Park оюн-зоок борборунун башкаруучусу Амантур Карабаев Sputnik агенттигине мушташа кеткен балдарды ажыраткан кызга кол көтөргөн кишинин окуясы боюнча айтып берди.
Буга чейин интернетте видео пайда болгон. Анда көрүнүп тургандай, мушташа кеткен балдардын жанына эркек киши басып келип (балдардын биринин атасы болушу мүмкүн), бирок аларды ажыраткан эмес. Тескерисинче, жекеме-жеке чыгып мушташууга мажбурлаган. Ал эми чырды токтотууга аракет кылган кызды түртүп, орой мамиле жасаган.
Карабаев окуя 14-июль күнү болгонун айтып, балдарды ажыраткан кыз 18 жашта экенин билдирди. Ал жумушка орношуу үчүн сыноодон өтүп жаткан. Башкаруучунун айтымында, окуя болгон учурда эркек киши кечинде, жумуштан кийин кызды өлтүрүп кетерин айтып, коркуткан.
"Саат 18:00дө эркек киши баласы менен биздин паркка келип, аны башкалар менен мушташсын деп балдарга жиберген. Видеодон баарын көрдүк. Кызматкерлерибиз аны токтотууга аракет кылып, кыздардын бири балдарды ажыратып койгон. Бул тиги кишиге жакпай, баласына тийгенге эч кимдин укугу жок экенин айткан. Кыз анын баласын урган эмес, видеодо баары көрүнүп турат. Болгону колунан тартып койгон", — деди Карабаев.
Анын божомолунда, башка кызматкерлер ортого түшпөгөндө эркек киши кызды чаап жибермек.
Окуядан кийин бардыгы администратор менен бирге көзөмөл кылган камеранын видеосун карап чыгышкан. Бул учурда эки тарап дагы кызыл чеке болуп кетишкен. Карабаевдин айтымында, эркек киши кызматкерлердин бирине асылып, эмнеге аларды ажыратканын териштирип кирген.
"Кыз жакында эле экспертизанын жыйынтыгын алып, аны милицияга жибердик. Окуя болгон күнү видео менен тиги кишинин телефонун милицияга бергенбиз. Бирок эч кандай реакция болгон жок. Кыз менен байланышып турабыз, бирок ал иштегенден коркуп жатат. Колунда көгала тактар бар экен. Администратор катары тиешелүү чара көрүүнү суранам", — деген ал.
Ленин РИИБдин маалымат кызматы аталган факт каттоого алынганын айтып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Белгилүү болгондой, окуя боюнча 14-июль күнү милицияга А.Ч. аттуу кыз арыз менен кайрылып, белгисиз адамга чара көрүүнү суранган. Тиешелүү экспертиза дайындалып, териштирүү иштери уланууда.
Жубайлар үлпөт тойунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
"Баары жакшы". Күйөөсү үлпөт тоюнда уруп жиберген келин доосу жок экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0