Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жусупов: жол боюнда сатылган жашылча-жемишке автоунаанын түтүнү сиңип калат

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов
Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Жазылуу
Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов жашылча-жемиштер 30 градустан жогорку температурада кармалса, курамындагы нитраттар көбөйүп кетиши ыктымалдыгын айтты.
Жашылча-жемиштерди жол боюнда сатууга тыюу салуу керек. Биз болушунча муну болтурбоого аракет кылып келебиз. Себеби ал жерден өйдө-төмөн өткөн автоунаалардан чыккан ис сиңип калат. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жусупов: жол боюнда сатылган жашылча-жемишке автоунаанын түтүнү сиңип калат
Анын айтымында, аталган көйгөй менен жергиликтүү бийликтер күрөшүшү зарыл.
"Жашылча-жемиштердин курамындагы нитрат, антибиотик жана башка адам ден соолугуна зыян келтирүүчү заттардын нормадан ашпай кармалышын жыл сайын текшеребиз. Соңку жылдары дыйкандар химикаттарды азыраак колдонуп, биологиялык жер семирткичтер менен жашылчаларды өстүрүп жатканын байкасак болот. Бирок бизде башка көйгөй бар. Бул сезон учурунда жол боюнда пайда болуучу жайма базарлар. Мисалы, шаардын айланма жол тарабында жыл сайын бир нече чакырымга созулган жайкы жашылча-жемиш базары пайда болот. Бул жерден көптөгөн автомашиналар өтөт. Алардан чыккан газ ошол сатылып жаткан азыктарга сиңип калат. Бул адам саламаттыгы үчүн олуттуу зыян алып келет. Дыйкандар да өз эмгегинин үзүрүн көрүп, учурунда сатып алганы туура, бирок жергиликтүү бийликтер мындай базарларда минималдуу шарттарды түзүп бериши керек. Электр энергиясы менен камсыздалып, мөмө-жемиштер жабык, салкын жана бийигирээк жерде сакталса, жанына автоунаа токтотуучу жай болсо жакшы болмок", — деди Жусупов.
Ал мындай жайма базарлар өлкөнүн туризм тармагына да терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0