"Манас" аэропорту кайсы мамлекеттер ПЦР-тест талап кыларын тизмектеди

© Фото / пресс-служба ОАО "МАМ""Манас" эл аралык аэропортунда ПЦР тест жасап жаткан медицина кызматкери. Архив
Манас эл аралык аэропортунда ПЦР тест жасап жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Жазылуу
Аэропорттун маалымат кызматы чет жакка учар алдында ал мамлекеттин элчилигинен же авиакомпаниялардан ПЦР-тест тууралуу тактап алууга чакырды.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту ПЦР-тест тапшырууну талап кылган жок. Тесттин жыйынтыгын бара турчу мамлекеттер талап кылууда. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.
"Авиабилеттерди сатып алууда же бара турчу өлкөнүн элчилигинен ПЦР-тест тууралуу маалыматты тактап билип алууңуздарды суранабыз", — деп айтылат маалыматта.
"Манас" аэропорту кайсы мамлекеттер ПЦР-тестти талап кылбай, кайсылары талап кыларын эске салды.
"Мисалы, Кыргызстанга келгендер үчүн бардык талаптар жокко чыгарылган. Өзбекстан, Казакстан жана Түркия да ушул жылдын июнь айынан бери ПЦР-тест менен эмдөө сертификатын талап кылбайт. Бирок Россия, БАЭ, Индия бул талаптарды жокко чыгарган эмес. Ошол себептен Кыргызстандын аэропортторунан бул өлкөлөргө учарда авиакомпаниянын өкүлдөрү ПЦР-тестин же эмдөө сертификатын талап кылышат", — деп жазылат маалыматта.
Аэропорттун маалымат кызматы элден башка өлкөлөрдүн талаптарына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнүп, такталбаган маалыматты таратпоону суранган.
Медайым ПЦР тести үчүн пациенттен мазок алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Кыргызстанда бүгүндөн тарта COVID-19га ПЦР-тест арзандады
Жаңылыктар түрмөгү
0