Республикалык штаб ПЦР-тест тууралуу маанилүү маалымат таратты

© AP Photo / Natacha PisarenkoПЦР-тест тапшыруу. Архивдик сүрөт
ПЦР-тест тапшыруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Жазылуу
ПЦР-тест зарыл болгон учурда аны сөзсүз аэропорттон эмес, башка менчик же мамлекеттик лабораториядан тапшырса болот.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Республикалык штаб Кыргызстанга киргенде бир да адамдан коронавируска ПЦР-тест талап кылынбай турганын эске салып, бирок башка мамлекеттерге кирүү эрежелери менен таанышып алууга чакырды.
1-майда күчүнө кирген буйрукка ылайык, кыргызстандыктар менен чет элдик жарандар ПЦР-тесттин жыйынтыгы менен COVID-19га каршы вакцина алгандыгы тууралуу сертификаты жок эле кире алышат.
"Бирок сиз бара турган башка мамлекет ПЦР-тест тапшырганы тууралуу маалым катты талап кылышы ыктымал. Ошондуктан алдын ала чет мамлекеттердин кирүү-чыгуу эрежелери менен таанышып алыңыз", — деп айтылат маалыматта.
Штаб ПЦР-тест зарыл болгон учурда аны сөзсүз аэропорттон эмес, башка менчик же мамлекеттик лабораториядан тапшырса болорун белгиледи.
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2022
Эксперт: коронавирус азыр башка КРВИ түрлөрүнөн дээрлик айырмаланбай калды
Жаңылыктар түрмөгү
0