https://sputnik.kg/20220625/zhalal-abad-ayalyn-olturugon-ehrkek-miliciya-1065567921.html
Сузактагы каргаша: аялын кызганычтын айынан өлтүрүүгө шектелген күйөө кармалды
Сузактагы каргаша: аялын кызганычтын айынан өлтүрүүгө шектелген күйөө кармалды
Sputnik Кыргызстан
Күйөөсү 31, ал эми маркум келин 25 жашта болгон. Эркек киши милицияга өзү кайрылган. 25.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-25T13:24+0600
2022-06-25T13:24+0600
2022-06-25T13:24+0600
кыргызстан
окуялар
жалал-абад
милиция
шектүү
адам өлтүрүү
кызганыч
https://sputnik.kg/img/103472/31/1034723130_0:192:3001:1880_1920x0_80_0_0_132cb15f9eb9340a2926452b87c81d5c.jpg
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Сузакта аялын муунтуп өлтүрүп, короого көмүп салды деп шектелген киши камоого алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлады.Билдирүүгө ылайык, 23-июнда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтүнө "Бекзат" аттуу адам чалып, аялын сабап өлтүрүп алганын билдирген. Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерге барып териштирүү иштерин баштаган.Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде иш козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген.
https://sputnik.kg/20220620/ozbekstan-kylmyshka-shektuu-karmoo-1065392753.html
жалал-абад
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103472/31/1034723130_164:0:2835:2003_1920x0_80_0_0_0765446f7b0e2e280cfe9fa0184ae7e5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, окуялар, жалал-абад, милиция, шектүү, адам өлтүрүү, кызганыч
кыргызстан, окуялар, жалал-абад, милиция, шектүү, адам өлтүрүү, кызганыч
Сузактагы каргаша: аялын кызганычтын айынан өлтүрүүгө шектелген күйөө кармалды
Күйөөсү 31, ал эми маркум келин 25 жашта болгон. Эркек киши милицияга өзү кайрылган.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Сузакта аялын муунтуп өлтүрүп, короого көмүп салды деп шектелген киши камоого алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 23-июнда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтүнө "Бекзат" аттуу адам чалып, аялын сабап өлтүрүп алганын билдирген. Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерге барып териштирүү иштерин баштаган.
"Сузак районунун Киров айылынын Т.Б. аттуу 31 жаштагы тургуну Т.О. аттуу 25 жаштагы аялын 22-июндан 23-июнга караган түнү кызганычтан улам муунтуп өлтүрүп, андан соң үйүнүн короосуна көмүп салганы аныкталган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, маркумдун сөөгү табылган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде иш козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген.