Аймактарда сел жүрөт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүСел жүрүп, дарыя суунун деңгээли көтөрүлдү. Архив
Сел жүрүп, дарыя суунун деңгээли көтөрүлдү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022
Жазылуу
Аймактарда төрт күн бою нөшөрлөп жаан жаай турганы айтылды.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. 20-24-июнь күндөрү Кыргызстандын аймактарында нөшөрлүү жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Буга байланыштуу тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Кыргызгидромет буга чейин 17-19-июнь аралыгында катуу жаан жаап, сел жүрөрүн эскерткен. 18-июнь күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Кызыл-Кыя шаарында катуу сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Аял жаан учурунда кол чатыр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0