Асейинов: Бишкекте нан ыргытуу үчүн 1500 даана атайын челек коюлат
"Мен жашаган райондогу таштанды челектин жанына эски нандарды ыргытарга жер таппай илип койчубуз. Бир күнү нан үчүн өзүнчө челек коюп койсо жакшы болчудай деген ой келди. Мейли нанды атайын челекке бөлдүк, бирок кайра эле таштандыга ыргытылат экен да. Ошентип интернеттен маалыматтарды карап жатып, эски нанды кайра иштетсе болорун билдик. Жалпы Кыргызстанга ылайыктуу бизнес моделин түзүп, аны жайылтууну көздөп, "нан үчүн гана" челегин иштеп чыктык. Учурда Бишкек шаарынын Октябрь районунда жана башка райондордогу 250 чекитке челектер орнотулду. Бир айдын ичинде беш тоннага жакын нан чогулуп жатат. Нанды цехке алып барып, сорттоп, өтө көгөрүп кеткенин бөлүп салып, калганын атайын жабдыктын жардамы менен майдалап, стерилизациядан өткөрүп, жүгөрү, арпа өңдүү акшактарды кошуп тоют жасалат. Андан кийин дагы бир ирет 90 градус ысыкта кармалып, тоют кургатылат. Учурда беш тонна тоют даярдасак, ал жалпы 150дөй уй багылган эки гана ферманы камсыздаганга жетип жатат. Фермерлер уйлар эт алып, сүтү көбөйгөнүн айтып, келишим түзүп алалы деп жатышат. Нанды кайра иштетүү долбоорун баштагандан бери коомдун таштанды көйгөйүнө болгон кызыгуусу жана мамилеси өзгөрүп калды. Башында эскирген нанды чогултканда анын 50 пайызы желим бөтөлкө, памперс, айнек өңдүү башка таштандылар болчу. Ага жараша жумуш да оор болду. Азыр үчүнчү ай иштеп жатабыз, ашып кетсе 5-10 пайыз гана башка таштандылар ыргытылып жатат. Бул долбоорду аймактарга да жайылтуу ниетибиз бар. Болгону кимде-ким өз аймагына, шаарына ушундай челек коюуну кааласа, бизге кайрылса эле иштин көзүн көрсөтүп, идея менен бөлүшкөнгө даярбыз. Биздин шартыбыз ошол аймактын жергиликтүү бийлиги менен келишим түзүп, уруксат алышы керек. Учурда бизге кайрылгандар бар. Токмокто, Нарында челектер коюла баштады. Келечекте цехтер ачылып, жумуш орундары түзүлөт жана тоюттун баасы арзандайт", — деди Асейинов.