https://sputnik.kg/20260606/1101746845.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Беларусь менен үрөнчүлүк чөйрөсүндө кызматташууга макулдашты. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист... 06.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-06T13:00+0600
2026-06-06T13:00+0600
2026-06-06T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/06/1101746679_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f71df93cfae244459e4147fc1d450dac.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Беларусь менен үрөнчүлүк чөйрөсүндө кызматташууга макулдашты. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Кыргызстан жана Беларустун өкмөт башчыларынын жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, тараптар үрөндөрдү өндүрүү тармагында биргелешип иш алып баруу боюнча меморандумга кол коюшту. “Эгер ал ишке ашса, Кыргызстан үчүн чоң пайда болот. Биринчиден, үрөндөрдү өзүбүздө өндүрөбүз. Бул импорттон көз карандылыкты азайтат. Дыйкандар үчүн баа туруктуу болуп, жеткиликтүүлүк жогорулайт. Бул өз кезегинде айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө жана ички дүң продукциянын өсүшүнө олуттуу салым кошот”, - деди министр. Акунбеков эки өлкө айыл чарба тармагында буга чейин да тыгыз кызматташып келе жатканына токтолду. Анын ичинде Беларусь тракторлору дыйкандар арасында кеңири колдонулуп, өзүнүн ишенимдүүлүгү менен таанымал экенин белгиледи. Андыктан тараптар келечекте трактор өндүрүшү боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландап жатканын кошумчалады.
Кыргызстан менен Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча видеоконференция байланыш форматында жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу, ал эми Сауд Аравиянын делегациясын тышкы иштер министринин консулдук маселелер боюнча жардамчысы Мохаммед Аль-Шаммари жетектеди. Тараптар актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки тараптуу консулдук кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги тууралуу пикир алмашышты. 1963-жылдын 24-апрелинде Вена шаарында кабыл алынган Консулдук мамилелер жөнүндө конвенциясынын жоболоруна ылайык, тараптардын өз ара аракеттенүү маселелерине, ошондой эле айрым багыттар боюнча келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө жана эки мамлекеттин жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргызстанда жакын арада локороботторду өндүрүү ишке киргизилет. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башчысы Артем Новиков билдирди. Ал бул долбоор Россиянын "Проктех" ишканасы жана "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы менен биргеликте ишке ашырыла турганын белгиледи. Локороботтор ири ишканаларда, кампаларда жана карьерлерде колдонулат. Алар аралыктан башкарылып, кадимки тепловоздорду алмаштырат. Ошондой эле жолдун татаал тилкелеринде оор локомотивдерди жылдыруу үчүн автономиялуу тартипте иштей алышат.
Европа парламентинин 34 депутаты Владимир Зеленскийди Европанын "Эмгектери үчүн" орденинен ажыратууну көздөөдө. Бул тууралуу польшалык депутат Анна Брылка социалдык тармактагы баракчасына жазды. 34 депутаттан турган топ Европа парламентинин төрайымы Роберта Метсолага кайрылып, киев бийлигинин башчысынан аталган сыйлыкты чакыртып алууну өтүнүшкөн. Бул үчүн Зеленскийдин Украинанын козголоңчу армиясына байланыштуу акыркы чечимдерин негиз катары көрсөтүшкөн. Орден Зеленскийге 19-майда берилген. Брылканын айтымында, сыйлык ага Европага интеграцияланууга кошкон салымы жана европалык баалуулуктарды жайылтканы үчүн берилген. Бирок ал баалуулуктар геноцидди жана этносторду тукум-курут кылууну даңазалоо менен такыр коошпой турганын белгилеген.
Кыргызстан Беларусь менен үрөнчүлүк чөйрөсүндө кызматташууга макулдашты. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Кыргызстан жана Беларустун өкмөт башчыларынын жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, тараптар үрөндөрдү өндүрүү тармагында биргелешип иш алып баруу боюнча меморандумга кол коюшту. “Эгер ал ишке ашса, Кыргызстан үчүн чоң пайда болот. Биринчиден, үрөндөрдү өзүбүздө өндүрөбүз. Бул импорттон көз карандылыкты азайтат. Дыйкандар үчүн баа туруктуу болуп, жеткиликтүүлүк жогорулайт. Бул өз кезегинде айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө жана ички дүң продукциянын өсүшүнө олуттуу салым кошот”, - деди министр. Акунбеков эки өлкө айыл чарба тармагында буга чейин да тыгыз кызматташып келе жатканына токтолду. Анын ичинде Беларусь тракторлору дыйкандар арасында кеңири колдонулуп, өзүнүн ишенимдүүлүгү менен таанымал экенин белгиледи. Андыктан тараптар келечекте трактор өндүрүшү боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландап жатканын кошумчалады.Кыргызстан менен Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча видеоконференция байланыш форматында жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу, ал эми Сауд Аравиянын делегациясын тышкы иштер министринин консулдук маселелер боюнча жардамчысы Мохаммед Аль-Шаммари жетектеди. Тараптар актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки тараптуу консулдук кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги тууралуу пикир алмашышты. 1963-жылдын 24-апрелинде Вена шаарында кабыл алынган Консулдук мамилелер жөнүндө конвенциясынын жоболоруна ылайык, тараптардын өз ара аракеттенүү маселелерине, ошондой эле айрым багыттар боюнча келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө жана эки мамлекеттин жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.Кыргызстанда жакын арада локороботторду өндүрүү ишке киргизилет. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башчысы Артем Новиков билдирди. Ал бул долбоор Россиянын "Проктех" ишканасы жана "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы менен биргеликте ишке ашырыла турганын белгиледи. Локороботтор ири ишканаларда, кампаларда жана карьерлерде колдонулат. Алар аралыктан башкарылып, кадимки тепловоздорду алмаштырат. Ошондой эле жолдун татаал тилкелеринде оор локомотивдерди жылдыруу үчүн автономиялуу тартипте иштей алышат.Европа парламентинин 34 депутаты Владимир Зеленскийди Европанын "Эмгектери үчүн" орденинен ажыратууну көздөөдө. Бул тууралуу польшалык депутат Анна Брылка социалдык тармактагы баракчасына жазды. 34 депутаттан турган топ Европа парламентинин төрайымы Роберта Метсолага кайрылып, киев бийлигинин башчысынан аталган сыйлыкты чакыртып алууну өтүнүшкөн. Бул үчүн Зеленскийдин Украинанын козголоңчу армиясына байланыштуу акыркы чечимдерин негиз катары көрсөтүшкөн. Орден Зеленскийге 19-майда берилген. Брылканын айтымында, сыйлык ага Европага интеграцияланууга кошкон салымы жана европалык баалуулуктарды жайылтканы үчүн берилген. Бирок ал баалуулуктар геноцидди жана этносторду тукум-курут кылууну даңазалоо менен такыр коошпой турганын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/06/1101746679_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_01128d3d894c1ca6821aa5f8f3797d8a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио