https://sputnik.kg/20260606/1101742408.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Шанхай кызматташтык уюму — аскердик-саясий блок эмес, эч кимге кооптуулук жаратпайт. Бул тууралуу ШКУнун Аймактык антитеррордук структурасынын аткаруу... 06.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-06T08:59+0600
2026-06-06T08:59+0600
2026-06-06T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/06/1101742242_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_adb343f7cacf935ea2d1f64bbbab83e4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Шанхай кызматташтык уюму — аскердик-саясий блок эмес, эч кимге кооптуулук жаратпайт. Бул тууралуу ШКУнун Аймактык антитеррордук структурасынын аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев ИИМ башчыларынын Бишкекте өтүп жаткан жыйынында билдирди. Анын айтымында, бирикме адилеттүү жана көп уюлдуу дүйнө тартибинин орнотулушуна ыктап келет. "Деген менен эл аралык жана аймактык абалдын анализи ШКУга мүчө мамлекеттер үчүн террордук, экстремисттик коркунучтар күчүндө экенин айгинелеп турат. Алардын башында Афганстан, Сирия жана башка мамлекеттерде отурукташып алган террордук уюмдардын өкүлдөрү турат", — деди Шаршеев
Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин бирдиктүү текстиль кластерин түзүүнү сунуштады. Демилгени Чолпон-Ата шаарында өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай министрлеринин жыйынында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков көтөрдү. Ал жеңил жана текстиль өнөр жайы уюмга кирген көпчүлүк өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүн камсыздоочу, жаңы жумуш орундарын түзүүчү жана экспорттук потенциалды кеңейтүүчү негизги кыймылдаткыч күч болуп саналарын белгиледи. "Дүйнөлүк чакырыктар менен эл аралык атаандаштык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууну талап кылууда. Азыркы тапта ШКУ алкагындагы мамилелер жөнөкөй чийки зат соодасы менен эле чектелбеши керек. Биз пахта, жүн, жибек өңдүү ресурстарды сыртка экспорттоп, кайра даяр товарларды сатып алуу менен улуттук экономиканын ичинде түзүлө турган кошумча нарктын чоң бөлүгүнөн кол жууп жатабыз", — деди министр.
Бишкек эл аралык кинофестивалынын бюджети акыркы төрт жылда үч эсеге жакын өсүп, 80 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы фестивалдын бюджети болжол менен 24 миллион сомду түзгөн болсо, учурда бул көрсөткүч 80 миллион сомдон ашкан. Төлөбеков белгилегендей, фестивалдын негизги максаты – кыргыз киносун эл аралык деңгээлде таанытуу жана кино тармагындагы кесиптик байланыштарды өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча түзүү. «Алдыда турган башкы милдет – кыргыз киносун дүйнөлүк коомчулукка мындан ары да кеңири жайылтуу. Ошондой эле Бишкек эл аралык кинофестивалын киноиндустрия өкүлдөрүнүн кызматташуусун бекемдеген уникалдуу платформага айландыруу маанилүү», – деди ал. Мекеме жетекчиси ата мекендик кино тармагын өнүктүрүүдөгү негизги кадамдардын бири катары 2022-жылы мамлекет башчысы тарабынан кабыл алынган кинематографияны колдоо жөнүндө жарлыкты атады.
Донбассты толук көзөмөлгө алуу жана келишим түзүү бири-бирине карама-каршы келбейт. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин журналисттер менен сүйлөшүп жатканда айтты. РФ лидери, андан сырткары, төмөнкүлөргө токтолду: Биз Трамп менен Анкориджде сүйлөшкөн шарттардын негизинде Украина менен тынчтык аркылуу кепке келүүнү каалайбыз; Россия Аляскада талкууланган мунасага даяр, эми буга Украина да макул болушу керек, ошондо гана бул жа
Шанхай кызматташтык уюму — аскердик-саясий блок эмес, эч кимге кооптуулук жаратпайт. Бул тууралуу ШКУнун Аймактык антитеррордук структурасынын аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев ИИМ башчыларынын Бишкекте өтүп жаткан жыйынында билдирди. Анын айтымында, бирикме адилеттүү жана көп уюлдуу дүйнө тартибинин орнотулушуна ыктап келет. "Деген менен эл аралык жана аймактык абалдын анализи ШКУга мүчө мамлекеттер үчүн террордук, экстремисттик коркунучтар күчүндө экенин айгинелеп турат. Алардын башында Афганстан, Сирия жана башка мамлекеттерде отурукташып алган террордук уюмдардын өкүлдөрү турат", — деди Шаршеев Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин бирдиктүү текстиль кластерин түзүүнү сунуштады. Демилгени Чолпон-Ата шаарында өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай министрлеринин жыйынында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков көтөрдү. Ал жеңил жана текстиль өнөр жайы уюмга кирген көпчүлүк өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүн камсыздоочу, жаңы жумуш орундарын түзүүчү жана экспорттук потенциалды кеңейтүүчү негизги кыймылдаткыч күч болуп саналарын белгиледи. "Дүйнөлүк чакырыктар менен эл аралык атаандаштык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууну талап кылууда. Азыркы тапта ШКУ алкагындагы мамилелер жөнөкөй чийки зат соодасы менен эле чектелбеши керек. Биз пахта, жүн, жибек өңдүү ресурстарды сыртка экспорттоп, кайра даяр товарларды сатып алуу менен улуттук экономиканын ичинде түзүлө турган кошумча нарктын чоң бөлүгүнөн кол жууп жатабыз", — деди министр.Бишкек эл аралык кинофестивалынын бюджети акыркы төрт жылда үч эсеге жакын өсүп, 80 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы фестивалдын бюджети болжол менен 24 миллион сомду түзгөн болсо, учурда бул көрсөткүч 80 миллион сомдон ашкан. Төлөбеков белгилегендей, фестивалдын негизги максаты – кыргыз киносун эл аралык деңгээлде таанытуу жана кино тармагындагы кесиптик байланыштарды өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча түзүү. «Алдыда турган башкы милдет – кыргыз киносун дүйнөлүк коомчулукка мындан ары да кеңири жайылтуу. Ошондой эле Бишкек эл аралык кинофестивалын киноиндустрия өкүлдөрүнүн кызматташуусун бекемдеген уникалдуу платформага айландыруу маанилүү», – деди ал. Мекеме жетекчиси ата мекендик кино тармагын өнүктүрүүдөгү негизги кадамдардын бири катары 2022-жылы мамлекет башчысы тарабынан кабыл алынган кинематографияны колдоо жөнүндө жарлыкты атады. Донбассты толук көзөмөлгө алуу жана келишим түзүү бири-бирине карама-каршы келбейт. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин журналисттер менен сүйлөшүп жатканда айтты. РФ лидери, андан сырткары, төмөнкүлөргө токтолду: Биз Трамп менен Анкориджде сүйлөшкөн шарттардын негизинде Украина менен тынчтык аркылуу кепке келүүнү каалайбыз; Россия Аляскада талкууланган мунасага даяр, эми буга Украина да макул болушу керек, ошондо гана бул жа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/06/1101742242_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_718f5a67e1585a64b0f2c54e7a6ef93b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио