00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Будь в курсе
Билингвизм, Пушкин и мессенджеры - филолог о русском языке и коммуникации в цифровую эпоху
14:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Китепканалардагы санариптештирүү жана реформалар: окурмандардын саны өстүбү?
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент СадырЖапаров бүгүн Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна таш түшкөн окуя боюнча билдирүү жасады. Ал аталган жол элдин суранычы боюнча 1-июнда убактылуу ачылганын, бирок учурунда сапатсыз жана кымбат салынганын эске салды.“Бул жолго убагында дээрлик 1 миллиард доллар сарпташкан. Жалпы болгону 388 чакырым. Бир чакырым жолдун баасы 2,29 миллион доллардан айланган. Жол эки тилкелүү. Салыштыруу үчүн айтсак, 2020-жылдан кийин эки тилкелүү жолдор эмес, төрт тилкелүү жолдор 1,3 – 1,5 миллион долларга салынууда. Ири суммадагы каражат сарпталганына карабай, жумуштар толук кандуу бүтпөй калган”, — деди өлкө башчы.Жапаров элди Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна чыккандарды өтө этият болууга, айрыкча жаан-чачынга сапарга чыкпоого чакырды.Ал ошондой эле Транспорт жана коммуникация министрлиги курулуш иштерин улантып жатканын кошумчалап, жол толук кандуу 2028-жылдын башында пайдаланууга берилерин айтты.
Бишкектин мурдагы вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаардык сотунун чечими менен акталды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Эске салсак, Ырсалиев дагы бир киши менен чогуу Тунгуч кичи районундагы №36 турак жайдын жанында алты жыл бою жеңил типтеги төрт коммерциялык объектини жана бешке жакын балдар аттракционун органдардын уруксаты жок эле иштетип келгени үчүн кармалган. Мындан мамлекетке 2 млн 979 миң 889 сом зыян келтирилгени айтылган эле. Кийинчерээк ал акчаны толугу менен төлөп, убактылуу кармоочу жайдан чыккан.
Министрлер кабинетинин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев алдыдагы эл аралык беттештерге чейин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы менен жолугушту. Белгилей кетсек, 6-июнь жана 9-июнь күндөрү Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын июнь күндөрүнүн алкагында Палестинанын улуттук курама командасына каршы эки эл аралык жолдоштук беттеш өткөрөт. Адылбек Касымалиев футболчуларга жана машыктыруучулар штабына алдыдагы беттештерде ийгилик каалап, алардын кесипкөйлүгүнө жана эл аралык аренада Кыргызстанды татыктуу көрсөтүүгө умтулуусуна ишенимин билдирди.
Технологиялык лидерлик акырындык менен Батыштан БРИКС өлкөлөрүнө өтүп жатат. Бул тууралуу Владимир Путин Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирди. Анын айтымында, тарыхта Батыш өлкөлөрү технологиялык өнүгүүнүн негизги булагы катары каралып келген.“Бирок азыр олуттуу өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз. Акыркы 25 жылда БРИКС өлкөлөрү жогорку технологиялуу экспорттун көлөмүн кыйла көбөйттү. Азыр алардын үлүшү дүйнөлүк жеткирүүлөрдүн үчтөн биринен ашты. Бул дүйнөдөгү технологиялык лидерликтин өзгөрүп жатканын көрсөтөт”, — деди Россия лидери. Ошондой эле ал БРИКС өлкөлөрүнүн дүйнөлүк ИДПдагы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча үлүшү болжол менен 40 пайызды түзөрүн, ал эми G7 өлкөлөрүнүн үлүшү 29%дан аз экенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0