00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:07
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Пушкин — первый русский инфлюенсер
18:05
32 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында агроөнөр жай рыногу жана дүйнөлүк экономикалык трансформация боюнча бир нече негизги панелдик сессияларга катышты. “Эл аралык айыл чарба рынокторун калыптандырууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ролу” панелдик сессиясында Данияр Амангелдиев өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуудагы артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Ал Кыргызстан айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана прогрессивдүү кайра иштетүүгө көңүл буруп, туруктуу жана инновациялык тамак-аш системасын түзүү үчүн мамлекеттик субсидияларды, заманбап санитардык жана ветеринардык стандарттарды, суу ресурстарын башкаруунун алдыңкы технологияларын, ЕАЭБ алкагында илимий кызматташтыкты жигердүү ишке ашырып жатканын айтты. Өлкөнүн логистикалык борборлорго биргелешкен инвестицияларды тартууга жана аквакультура тармагын өнүктүрүүгө даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду. “Жаңы дүйнөлүк тартиптин экономикасы: структуралык трансформация, чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” талкуусунун жүрүшүндө минкаб төрагасынын биринчи орун басары глобалдык финансылык жана соода мамилелеринин учурдагы трансформациясынын анализин сунуштады.
"Росатом" Кыргызстанда АЭС куруу долбоору боюнча өлкө жетекчилигинин чечимин күтүп жатат. Мамлекеттик корпорациянын башчысы Алексей Лихачевдун айтымында, иштин кезектеги этабы аяктап, долбоордун техникалык параметрлери республиканын өкмөтүнө өткөрүлүп берилди. "Биз алардан долбоорду Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча мүмкүн болгон чечимди күтүп жатабыз. Бийлик чечим кабыл алары менен биз ишти баштоого даярбыз", — деди Лихачев Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПМЭФ) алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев алдыдагы эл аралык беттештерге чейин Кыргызстандын улуттук курама командасы менен жолугушту. Белгилей кетсек, бүгүн, 6-июнь жана 9-июнда улуттук курама команда ФИФАнын июнь күндөрүнүн алкагында Палестинанын улуттук курама командасына каршы эки эл аралык жолдоштук беттеш өткөрөт. Адылбек Касымалиев футболчуларга жана машыктыруучулар штабына алдыдагы беттештерде ийгилик каалап, алардын кесипкөйлүгүнө жана эл аралык аренада Кыргызстанды татыктуу көрсөтүүгө умтулуусуна ишенимин билдирди.
Россиянын президенти Владимир Путин европалык элиталар башаламандыкты күчөтүп, ага улам жаңы өлкөлөрдү тартууга аракет кылып жатканын билдирди. Анын айтымында, энергетикалык рынок олуттуу соккуларга дуушар болуп, айрым аймактарда, өзгөчө Жакынкы Чыгышта чыңалуу күчөп жатат. “Европалык бюрократиянын алысты көрө албаган саясаты ишке ашып жатканын көрүп жатабыз. Анын кескин билдирүүлөрү Европанын дүйнөлүк экономикадагы позициясынын мындан ары да алсырашына алып келүүдө. Мындан тышкары, аймактык жана глобалдык коопсуздукка коркунуч жаратууда”, — деди РФ лидери Петербург эл аралык экономикалык форумундагы пленардык жыйында.
Жаңылыктар түрмөгү
0