https://sputnik.kg/20260606/1101751517.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков үй камагына чыгарылганын Бишкек шаардык сотунан маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, тиешелүү... 06.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-06T17:00+0600
2026-06-06T17:00+0600
2026-06-06T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/06/1101751351_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1c7ad99c14b229d17e40a8176b4d5213.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков үй камагына чыгарылганын Бишкек шаардык сотунан маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, тиешелүү чечимди Ленин райондук соту кабыл алган. Эми ал тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин, тактап айтканда 17-июлга чейин үй камагында болот. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Кубандыков май айынын аягында олуттуу алдамчылыкка шектелип кармалып, анын кесепетинен чет элдик инвесторлор сызга отуруп калганы айтылган. Белгилей кетсек, Жаныбек Кубандыков Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын жолдошу.
Бишкек шаардык милициясы өткөргөн "Бандит" ыкчам-алдын алуу рейдинин алкагында 20дан ашык киши ички иштер органдарына жеткирилди. Бул тууралуу ШИИББдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин негизги максаты — тергөө жана сот органдарынан жашырынып жүргөн адамдарды издөө, мыйзамсыз сакталган куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана баңгизаттарды аныктоо жана алуу. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыштуулукка таасирине жол бербөө, алдын алуу. Милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген адамдар ички иштер органдарынын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрү катары турганы аныкталган.
Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо тутумун борборлоштуруудан чыгаруунун алкагында маанилүү реформалар жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы №10, "Энергетик" жана "Куруучу" насостук станцияларын, ошондой эле аталган жайлардан жылуулук алган кардарларды "Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүдө."Буга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан тартып "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 10-кичи райондо жайгашкан №10 насостук станциясына туташкан турмуш-тиричилик керектөөчүлөрүнө жылуулук менен камсыздоо келишимдерин бузуу тууралуу билдирүүлөрдү тапшыра баштайт. Керектөөчүлөрдү тейлөө кийинки этапта жаңы ишкана тарабынан улантылат",-деп айтылат маалыматта.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров россиялыктарды жана орус тилин сүйүүчүлөрдү Орус тили күнү менен куттуктады. Лавров залкар акын, заманбап адабий орус тилинин жаратуучусу Александр Пушкиндин туулган күнүндө белгиленген майрамдын, орус тилинин маанилүүлүгүн белгилеген. Ошондой эле орус тили чексиз образдуу жана таасирдүү тил, өлкөнүн маданий жана руханий-тарыхый жолундагы цивилизациянын негизин түзөрүн айткан. Ал Александар Пушкин менен Федор Достоевскийдин тили эл аралык байланыштын эң маанилүү каражаты экенин, дүйнөдө эң кеңири таралганын, анын ичинде санариптик мейкиндикте да, БУУнун жана бир катар башка көп тараптуу түзүмдөрдүн расмий тилдеринин бири экенин белгилеген.Министрдин пикиринде, орус тилди билүү дүйнөлүк искусствонун казынасына, алдыңкы илимий жетишкендиктерге жана эң кеңири экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жол ачат.
Президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков үй камагына чыгарылганын Бишкек шаардык сотунан маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, тиешелүү чечимди Ленин райондук соту кабыл алган. Эми ал тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин, тактап айтканда 17-июлга чейин үй камагында болот. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Кубандыков май айынын аягында олуттуу алдамчылыкка шектелип кармалып, анын кесепетинен чет элдик инвесторлор сызга отуруп калганы айтылган. Белгилей кетсек, Жаныбек Кубандыков Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын жолдошу.Бишкек шаардык милициясы өткөргөн "Бандит" ыкчам-алдын алуу рейдинин алкагында 20дан ашык киши ички иштер органдарына жеткирилди. Бул тууралуу ШИИББдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин негизги максаты — тергөө жана сот органдарынан жашырынып жүргөн адамдарды издөө, мыйзамсыз сакталган куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана баңгизаттарды аныктоо жана алуу. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыштуулукка таасирине жол бербөө, алдын алуу. Милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген адамдар ички иштер органдарынын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрү катары турганы аныкталган.Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо тутумун борборлоштуруудан чыгаруунун алкагында маанилүү реформалар жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы №10, "Энергетик" жана "Куруучу" насостук станцияларын, ошондой эле аталган жайлардан жылуулук алган кардарларды "Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүдө."Буга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан тартып "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 10-кичи райондо жайгашкан №10 насостук станциясына туташкан турмуш-тиричилик керектөөчүлөрүнө жылуулук менен камсыздоо келишимдерин бузуу тууралуу билдирүүлөрдү тапшыра баштайт. Керектөөчүлөрдү тейлөө кийинки этапта жаңы ишкана тарабынан улантылат",-деп айтылат маалыматта.Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров россиялыктарды жана орус тилин сүйүүчүлөрдү Орус тили күнү менен куттуктады. Лавров залкар акын, заманбап адабий орус тилинин жаратуучусу Александр Пушкиндин туулган күнүндө белгиленген майрамдын, орус тилинин маанилүүлүгүн белгилеген. Ошондой эле орус тили чексиз образдуу жана таасирдүү тил, өлкөнүн маданий жана руханий-тарыхый жолундагы цивилизациянын негизин түзөрүн айткан. Ал Александар Пушкин менен Федор Достоевскийдин тили эл аралык байланыштын эң маанилүү каражаты экенин, дүйнөдө эң кеңири таралганын, анын ичинде санариптик мейкиндикте да, БУУнун жана бир катар башка көп тараптуу түзүмдөрдүн расмий тилдеринин бири экенин белгилеген.Министрдин пикиринде, орус тилди билүү дүйнөлүк искусствонун казынасына, алдыңкы илимий жетишкендиктерге жана эң кеңири экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жол ачат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/06/1101751351_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_452c234d0bdefe25131d0f99236c12b9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио