00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мирзиёевдин кызы колуктусун тойдо уруп жиберген жигиттин видеосуна пикир айтты

© Фото / Пресс-служба Агентства информации и массовых коммуникацийӨзбекстан президентинин кызы, Маданият менен искусствону өнүктүрүү фондунун төрайымы Саида Мирзиёева. Архив
Өзбекстан президентинин кызы, Маданият менен искусствону өнүктүрүү фондунун төрайымы Саида Мирзиёева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Жазылуу
Окуя 6-июнда Сурхандарья облусундагы Узун районунда болгондугун Өзбекстандын Башкы прокуратурасы аныктаган. Колу узун күйөөнү да кармашкан.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Өзбекстан президентинин кызы, Маданият менен искусствону өнүктүрүү фондунун төрайымы Саида Мирзиёева социалдык тармакка тарап кеткен үйлөнүү тоюнда колуктусун чаап жиберген күйөө боюнча пикирин билдирди.
"Биз баарыбыз цивилизациялуу өлкөдө, бай жана бактылуу жашоону каалайбыз. Демек, ар бирибиз аялдарга зомбулук көрсөтүлбөш керек деген нерсени катуу карманышыбыз керек. Мындай көрүнүштөргө унчукпай коюуга, андайлар бирин-серин деп көз жумууга болбойт. Эң башкысы, ошол акылы аз жигит менен ал кыз тууралуу талкуулап жатып биз да жаңылышып, балдардын мектептен кийин билим алышына тыюу салбашыбыз керек. Уулдарыбызды эртерээк үйлөнтүп, кыздарыбызды эрте күйөөгө берүүгө шашылбай, өз акылы менен жашоого тыюу салып адашпайлы. Ошондуктан адамды алдыга жетелеген, кыз-келиндерди күчтүү жана эркин кылган билим керек. Билимдүүлүк андан ары кандай жашашты өзүң тандап алгыдай мүмкүнчүлүк берет", — деп жазган социалдык тармактагы баракчасына.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармакта үйлөнүү той учурунда күйөө баланын болочоктогу жубайын төбөгө чаап жиберген видеосу тараган. Анда жигиттин салтанат учурундагы уюштурулган оюнда жеңилип калганына ачууланып кол көтөргөнү жазылган.
Окуянын болжолдуу түрдө Өзбекстанда болгону айтылган эле. Кийинчерээк аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасы ал окуянын видеосу 6-июнда Сурхандарья облусундагы Узун районунда тартылгандыгын аныктаган. Маалыматта тойдон кийин түгөйлөрдүн чогуу калганы айтылган.
Тартип сактоочулар келинге кол көтөргөн "азаматты",  Х.Р. аттуу жаранды тапкан. Ал Өзбекстандын Административдик кодексинин 183-беренесинин ("Майда бейбаштык") негизинде жоопко тартылып, иш сотко өткөн. Маалыматта, мындан сырткары, жаш түгөйлөргө жана алардын ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү айтылган.
Индияда турмушка чыкканы жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жадыбалды билбей калган жигитке турмушка чыкпай койду. Индиялык кыздын окуясы
Жаңылыктар түрмөгү
0