Политехке кантип өтүүгө болот?

© Sputnik / Табылды КадырбековИсхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2022
Жазылуу
КМТУ (Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети) Кыргызстандын жана анын чегинен тышкары эмгек рыногунда эң көп суроо-талапка ээ болгон адистерди даярдайт. Университеттин негизги ишмердүүлүгү атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү программаларын ишке ашыруу аркылуу өлкөнү инновациялык өнүктүрүүгө багытталган. Sputnik Кыргызстан редакциясы абитуриенттерге факультет тандоого жардам берүү максатында техникалык университет боюнча бардык маалыматтарды чогултту.
Окуу жайга керектүү документтер:
Кабыл алуу комиссиясына компьютерде толтурулган арыз;
Жалпы орто же орто кесиптик билимин тастыктаган мамлекеттик документ;
№086/у медициналык аныктама (оригинал);
3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
Паспорттун көчүрмөсү ( туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү);
Абитуриентти толугураак мүнөздөгөн башка документтер (олимпиадалардын, спорттук мелдештердин дипломдору, предметтик олимпиадалардын жыйынтыгы боюнча КМТУнун I, II, III даражадагы дипломдору).

Политехке кантип тапшыруу керек?

КМТУга документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 25-июнунда Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында онлайн-форматта башталат.
Гранттык жана контракттык орундарга кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
КМТУнун бюджетине кирүү үчүн ЖРТ 110 баллдан кем эмес болушу керек.
КМТУнун контракт бөлүмүнө өтүү үчүн 105 балл жетиштүү.
Тиешелүү окуу тармагында көрсөтүлгөн предметтик тесттин жыйынтыгы да талап кылынат. Эгерде сиз университеттин инженердик факультетине тапшырууну пландасаңыз, анда негизги тесттен тышкары физика же математика боюнча кошумча тест талап кылынат (кеминде 60 балл).
ЖРТ сертификатын алгандан кийин абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтына катталып, өзүнүн профилин толтурушу керек.
Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайлары министрликтин сайтында керектүү маалыматтар камтылып көрсөтүлөт. Сиз ЖОЖду, багытты, адистикти тандап, ЖРТнын электрондук билетин тапшырышыңыз керек.
Политехке кабыл алуу боюнча сынак бардык бош орундар толукталганга чейин өткөрүлөт. Билет тапшыра турган 2020.edu.gov.kg үчүн турлардын максималдуу саны үчөө.
Эгерде сынактын жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, сиз кабыл алуу процедурасынан өтүп, өз адистигиңиз боюнча окууга ниетиңизди окуу жайына ырасташыңыз керек. Бул үчүн кыска мөөнөт ичинде автоматташтырылган маалымат системасына паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жалпы орто билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими тууралуу диплом, аттестаттын титул барагы, окуу акысын төлөгөндүгү тууралуу квитанция (же келишим) тиркелиши керек. Бардык документтердин түп нускасы окуу жылынын башында КМТУга тапшырылышы шарт.
Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 25-июнунда КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында онлайн-форматта жүргүзүлөт. Гранттык жана контракттык орундарга адаттагыдай эле Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. ЖОЖдун шарттарына ылайык, бош орундарга сынакка катышуу үчүн абитуриентте негизги ЖРТ тестинин сертификаты (бюджет боюнча 105 баллдан, контракт боюнча 100 баллдан кем эмес) предметтин жыйынтыгы менен кошо болушу керек. Мисалы, эгер сиз инженердик факультетке тапшырууну пландасаңыз, анда негизги тесттен тышкары физика же математика боюнча кошумча тест (60 баллдан кем эмес) талап кылынат.

КМТУнун факультеттери:

1.
Транспорт жана машина куруу факультети;
2.
Энергетикалык факультет;
3.
Технологиялык факультет;
4.
Маалыматтык технологиялар факультети;
5.
Инженердик-экономикалык факультет;
6.
Кыргыз-герман техникалык институту;
7.
Биргелешкен билим берүү программалар институту (ИСОП);
8.
Электроника жана телекоммуникациялар институту;
9.
Тоо-кен жана тоо-кен технологиялары институту;
10.
КМТУнун Токмоктогу филиалы;
11.
КМТУнун Кара-Балтадагы филиалы;
12.
КМТУнун Кара-Кулжадагы филиалы;
13.
И.Разззаков атындагы КМТУнун политехникалык колледжи;
14.
И.Разззаков атындагы КМТУнун лицейи.
КМТУнун окуу төлөмүнүн баасы ( окуу акысы сом менен төлөнөт)

Транспорт жана машина куруу факультети

Телефон: ( 0312) 54-51-24, e-mail: ftmonline@kstu.kg
Негизги тест, физика жана математика
Багыттары:
Транспорттук-технологиялык машина жана комплекстерди эксплуатациялоо
Күндүзгү бөлүм - 39 600;
Сырттан окуу - 31 680.
Транспорттук процесстер технологиясы
Күндүзгү бөлүм – 39 600;
Сырттан окуу – 31 680;
Механикалык инженерия
Күндүзгү бөлүм – 39 600;
Сырттан окуу – 31 680;
Материал таануу жана технология
Күндүзгү бөлүм – 39 600;
Сырттан окуу - 31 680;
Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу
Күндүзгү бөлүм – 39 600;
Сырттан окуу - 31 680;
Мехатроника жана робототехника
Күндүзгү бөлүм – 39 600 сом;
Сырттан окуу – 31 680 сом;
Басма жана таңгактоо өндүрүшүнүн технологиясы
Күндүзгү бөлүм – 39 600;
Сырттан окуу – 31 680;
Маалыматтык системалар жана технологиялар
Күндүзгү бөлүм – 39 600;
Сырттан окуу – 31 680;
Кесиптик билим берүү (тармактар боюнча)
Күндүзгү бөлүм – 31 800;
Сырттан окуу – 25 440 сомдон башталат.
Технологиялык билим берүү
Күндүзгү бөлүм – 39 600;
Сырттан окуу – 31 680.

Энергетика факультети

Негизги тест, физика жана математика
Телефон: (312) 54-51-30, (312) 54-16-32,
e-mail: efonline@kstu.kg
Багыттары:
Энергетика жана электротехника
Күндүзгү бөлүм – 42 900;
Сырттан окуу – 34 320;
Электроэнергетика жана электротехника
Күндүзгү бөлүм – 42 900
Сырттан окуу – 34 320
Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы
Күндүзгү бөлүм – 42 900;
Сырттан окуу – 34 320.
Техносфералык коопсуздук
Күндүзгү бөлүм – 41 700;
Сырттан окуу – 33 360.

Технология факультети

Телефон: +996 312 56 14 38, e-mail: online-tf@kstu.kg
Негизги тест, биология жана химия
Багыттар:
Азык-түлүк технологиясы жана коомдук тамактануучу жайларды уюштуруу
Күндүзгү бөлүм – 45 000;
Сырттан окуу – 36 000.
Өсүмдүк сырьёсунан тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы жана өндүрүшү
Күндүзгү бөлүм – 45 000;
Сырттан окуу – 36 000.
Жаныбарлардан алынган тамак-аш продуктуларынын технологиясы жана өндүрүшү
Күндүзгү бөлүм – 45 000;
Сырттан окуу – 36 000.
Жеңил өнөр жай продукциясынын технологиясы жана конструкциясы
Негизги тест, физика жана математика
Күндүзгү бөлүм – 45 000;
Сырттан окуу – 36 000.
Стандартизациялоо жана метрология (тармактар боюнча)
Күндүзгү бөлүм – 35 100;
Сырттан окуу – 26160.
Коммерция
Күндүзгү бөлүм – 40500
Сырттан окуу жок
Костюмдун искусствосу жана текстиль
Негизги тест, чыгармачылыгын сыноо
Күндүзгү бөлүм – 40 500;
Сырттан окуу жок.
Биотехнология
Күндүзгү бөлүм – 44 100;
Сырттан окуу жок.

Жогорку дизайн мектеби

Телефон: +996 312 56 14 38, e-mail: online-tf@kstu.kg
Дизайн
Чийүү жана композиция боюнча экзамен
Күндүзгү бөлүм – 45 000;
Сырттан окуу жок.

Маалыматтык технологиялар факультети

Телефон: (312) 54-51-46, e-mail: fit_online@kstu.kg
Негизги тест, физика жана математика
Багыттар:
Прикладддык математика жана информатика
Күндүзгү бөлүм – 39 600;
Сырттан окуу жок.
Бизнес-информатика
Күндүзгү бөлүм – 42 000;
Сырттан окуу — 33 600.
Маалыматтык коопсуздук
Күндүзгү бөлүм – 62 100;
Сырттан окуу жок.
Техникалык системаларды башкаруу
Күндүзгү бөлүм – 42 720;
Сырттан окуу — 34 176.
Информатика жана компьютердик инженерия
Күндүзгү бөлүм – 45 000;
Сырттан окуу жок.
Программалык камсыздоо инженериясы
Күндүзгү бөлүм – 45 000;
Сырттан окуу жок.
Программалык камсыздоо инженериясы (англисче)
Күндүзгү бөлүм – 68 100;
Сырттан окуу жок.
Интернет-технологиясы жана башкаруу
Күндүзгү бөлүм – 42 720;
Сырттан окуу жок.
Маалыматтык коопсуздук (инженер)
Күндүзгү бөлүм – 45 000;
Сырттан окуу жок.
Стандартташтыруу жана метрология (тармактар боюнча)
Күндүзгү бөлүм – 32 700;
Сырттан окуу – 26 160.
Маркетинг
Күндүзгү бөлүм – 41 700;
Сырттан окуу — 33 3600.

Инженердик-экономикалык факультет

Телефон: (312) 56-14-20, e-mail: iefonline@kstu.kg
Негизги тест, физика жана математика
Багыттар:
Маалыматтык система жана технология
Күндүзгү бөлүм – 41 700;
Сырттан окуу — 33 360.
Экономика
Күндүзгү бөлүм – 41 700;
Сырттан окуу — 33 360.
Менеджмент
Күндүзгү бөлүм – 41 700;
Сырттан окуу — 33 360.
Экономикалык коопсуздук (инженер)
Күндүзгү бөлүм – 37 800;
Сырттан окуу жок.
Персоналдык башкаруу
Күндүзгү бөлүм – 33 300;
Сырттан окуу – 26 640.
Сапаттык башкаруу (тармактар боюнча)
Күндүзгү бөлүм – 33 300;
Сырттан окуу – 26 640.
Стандартизация жана метрология (тармактар боюнча)
Күндүзгү бөлүм – 32 700;
Сырттан окуу – 26 160.
Маркетинг
Күндүзгү бөлүм – 41 700;
Сырттан окуу – 33 360.

Электроника жана телекоммуникация институту

Телефон: (312) 54-29-85, e-mail: ietonline@kstu.kg
негизги тест, физика жана математика
Багыттар:
Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары
Күндүзгү бөлүм – 40 500;
Сырттан окуу – 32 400.
Радиотехника
Күндүзгү бөлүм – 40 500;
Сырттан окуу – 32 400.
Маалыматтык системалар жана технология
Күндүзгү бөлүм – 40 500;
Сырттан окуу – 32 400.

Кыргыз-герман техникалык институту

Телефон: (312) 54-88-18, email: kgtionline@kstu.kg
Негизги тест, физика, математика, химия же биология
Багыттар:
Биотехникалык системалар жана технологиялар
Күндүзгү бөлүм – 60 000;
Сырттан окуу жок.
Прикладдык механика
Күндүзгү бөлүм – 42 300;
Сырттан окуу жок.
Логистика
Күндүзгү бөлүм – 60 000;
Сырттан окуу – 48 000.
Телематика
Күндүзгү бөлүм – 43 800;
Сырттан окуу жок.
Саламаттык сактоо жана биомедициналык инженерия информатикасы
Күндүзгү бөлүм – 39 900;
Сырттан окуу жок.
Механикалык инженерия
Күндүзгү бөлүм – 42 000;
Сырттан окуу жок.
Материал таануу жана технология
Күндүзгү бөлүм – 42 000;
Сырттан окуу жок.
Электроэнергетика жана электротехника
Күндүзгү бөлүм – 42 900;
Сырттан окуу жок.
Технологиялык машиналар жана жабдуулар
Күндүзгү бөлүм – 42 000;
Сырттан окуу жок.
Маалыматтык систамалар жана технологиялар
Күндүзгү бөлүм – 41 700;
Сырттан окуу жок.
Жеңил өнөр жай продукциясынын технологиясы жана конструкциясы
Күндүзгү бөлүм – 45 000;
Сырттан окуу жок.
Өсүмдүк сырьёсунан тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы жана өндүрүшү
Күндүзгү бөлүм – 45 000;
Сырттан окуу жок.
Жаныбарлардан алынган тамак-аш продуктуларынын технологиясы жана өндүрүшү
Күндүзгү бөлүм – 45 000;
Сырттан окуу жок.

Заманбап билим берүү программалары институту

Телефон: (312)54-19-26, e-mail: isoponline@kstu.kg
Сырттан окуу бөлүмү жок
Негизги тест, физика жана математика
Багыттар:
Бизнес-информатика
Күндүзгү окуу – 42000
Информатика жана компьютердик инженерия
Күндүзгү бөлүм – 45 000
Маалыматтык системалар жана технологиялар
Күндүзгү бөлүм – 41 700
Прикладдык математика жана информатика
Күндүзгү окуу – 41 700
Программалоо инженериясы
Күндүзгү бөлүм – 66 900
Техникалык системаларды башкаруу
Күндүзгү бөлүм – 42 720
Электроэнергетика жана электротехника
Күндүзгү бөлүм – 42 900
Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы
Күндүзгү окуу – 41 700
Механикалык инженерия
Күндүзгү окуу – 42 000
Менеджмент
Күндүзгү окуу – 41 700
Мехатроника жана робототехника
Күндүзгү окуу – 42 000
Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо
Күндүзгү окуу – 41 700
Экономикалык коопсуздук (инженер)
Күндүзгү бөлүм – 37800
Стандартташтыруу жана метрология (тармактар боюнча)
Күндүзгү бөлүм – 35 100
Телематика
Күндүзгү бөлүм – 43 800
Транспорттук процесстердин технологиясы
Күндүзгү бөлүм – 41 700
Жаныбарлардан алынган тамак-аш продуктуларынын технологиясы жана өндүрүшү
Күндүзгү бөлүм – 45 000
Продукциянын технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу
Күндүзгү бөлүм – 45 000
Техносферанын коопсуздугу
Күндүзгү бөлүм – 41 700
Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу
Күндүзгү бөлүм – 39 600
Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары
Күндүзгү бөлүм – 40 500
Радиотехника
Күндүзгү бөлүм – 40 500

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик технология университетинин тарыхы

Техникалык кадрлардын жетишсиздигин жоюу үчүн 1953-жылы Улуттук университетте техникалык факультет түзүлгөн. Бирок факультет өзүнүн миссиясын аткара албай 1954-жылы сентябрда анын базасында өз алдынча политехникалык институт пайда болгон. Башында турган профессор Георгий Сухомлинов эл чарбасынын инженер-педагогдорун жана педагогикалык кадрларын даярдоого зор эмгек, билим жумшаган. Фактыларды карасак, 20 жылдын ичинде эбегейсиз чоң иш аткарылып, окуу жайды 13 227 адис аяктаган. Эгерде 1956-жылы 43 гана инженер диплом алса,1974-жылы бул цифра 1 767ге өскөн жана адистиктердин саны 25ке жакындаган.
1992-жылы окуу жай университет статусун алып, 1995-жылы көрүнүктүү партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылган.
Азыр бул заманбап университет комплекси 77 адистик боюнча инженердик-техникалык жана инженердик-экономикалык багыттагы адистерди чыгарат.
КМТУнун ректору — аталган окуу жайды 2003-жылы бүтүргөн физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Мирлан Чыныбаев. 35тен ашык илимий иши жарыяланган. Ал эл аралык илимий, академиялык жана инфраструктуралык долбоорлорду жасоодо тажырыйбага ээ. Европа биримдигинин Эразмус Мундус программасынын, DAAD программасынын (Германия) стипендианты. Австрияда, Германияда, Англияда, Швецияда, Испанияда, Түркияда, Кытайда болуп илимий жана окутуучулук тажырыйбасын жогорулаткан.

Ардактуу бүтүрүүчүлөрү:

1.
КРдин министрлер кабинетинин төрагасы, КР президентинин аппаратынын жетекчиси Акылбек Жапаров;
2.
мурдагы энергетика министри Автандил Калмамбетов;
3.
мурдагы энергетика министри Кубанычбек Турдубаев;
4.
экс-вице-премьер Аменгелди Муралиев;
5.
экс-вице-премьер-министр Борис Силаев;
6.
энергетика министринин мурунку орун басары Акылбек Түмөнбаев;
7.
энергетика министринин мурунку орун басары Раимбек Мамыров ж.б.

КМТУ тууралуу маалымат

Окуу жайда 1 000 окутуучу, 548 илимий-педагогикалык кызматкер, КРдин УИАсынын 4 мүчө-корреспонденти, КРдин илим жана билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмер, 4 доктор, 154 илимдин кандидаты, мамлекеттик премиянын 6 лауреаты, 12 891 билим алуучу, 609 магистр, 8 629 бакалавр, 800дөн ашык чет элдик студенттер, 1 830 орто кесип алуучу студент, лицейдин 122 студенти, 33 – магистратура, 46 – бакалавриат, 40 – квалификацияны жогорулатуу, 43 – аспирантура, 4 – бүтүрүүчүлөрдү даярдоо үчүн билим берүү программалары, 22 – онлайн-бакалавриат программалары, университеттин китепкана фондунда 500 миң китеп, 50 компьютердик класс бар.
Политехтин дареги:
Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 66;
Байланыш телефондору: (0312) 54-51-25;
www.kstu.kg
email: rector@kstu.kg
Киши куранды окуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2022
Кыргызстандын мектептерине диндердин өнүгүү тарыхы предмети киргизилет
Жаңылыктар түрмөгү
0