Сыймыктуу, бирок эрдиги бааланбаган офицерлер. Полковник Ратбек Ниязалиевдин маеги

© Sputnik / Асель СыдыковаКуралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата Коргоо министрлигинин ардагери, запастагы полковник Ратбек Ниязалиев
Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата Коргоо министрлигинин ардагери, запастагы полковник Ратбек Ниязалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Жазылуу
1992-жылдын 29-майында эгемен Кыргызстандын тунгуч ажосу Аскар Акаевдин жарлыгы менен өлкөнүн Куралдуу күчтөрү түзүлүп, мурдагы советтик армиянын өлкөдө жайгашкан бөлүктөрү толугу менен республиканын карамагына өткөн.
1992-жылга чейин Кыргыз ССРи Орто Азия аскер округунун курамына кирчү. Ошондуктан 29-май Куралдуу күчтөрдүн күнү катары белгиленет. Куралдуу күчтөрдүн курамында аскердик чалгын кызматы да түптөлгөн. Көп кырдуу, көп сырлуу бул структуранын ишмердүүлүгү дайым кызык болуп келген. Колумнист Алмаз Батилов Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата Коргоо министрлигинин ардагери, запастагы полковник Ратбек Ниязалиев менен баарлашкан. Маектешебиз 53 жашта, Таластын Бала-Саруу айылында жарык дүйнөгө келген.
— Азыркы деңгээлге жеткиче далай жолду басып өтсөңүз керек. Чыйырыңыз кайсы окуу жайдан башталды эле?
— Атам Калмурат Ниязалиев айылдагы мектепте математикадан сабак берчү. Апам Гүлайда Шаршенбаева биология боюнча мугалим. Алты бир тууганбыз. 1984-жылы атам кокусунан Фрунзеде Суворов атындагы аскер мектеби ачылып, өспүрүмдөрдү кабыл алып жатканын угат да мага сунуштайт. Мен макул болдум. Ошол жылы өтүп, аны 1986-жылы ийгиликтүү аяктадым. Биздин курс азыркы күндөгү Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейдин биринчи бүтүрүүчүлөрү. 1986-1991-жылдары Россиянын Череповец шаарындагы жогорку аскердик инженердик радиоэлектроникалык училищесинен окудум. Бул аскердик окуу жай СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн курамындагы Башкы аскердик чалгын кызматынын карамагында болчу. Аны аяктап Ыраакы Чыгыш аскердик округунун өзүнчө чалгындоо батальонунун чалгын взводунун командири болуп дайындалгам. Советтер Союзу урагандан кийин Кыргызстанга кайтып келип, Улуттук гвардиянын ротасынын командири болдум.
— Аскердик чалгын кызматына кандайча барып калдыңыз?
— 1993-жылы мени Коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин курамында жаңы уюшулган маалымат-аналитикалык борборуна чакырышты. Адегенде жетекчилик мени жалпы маалымат бөлүмүнө бөлүштүрдү. Борборду вьетнам жана афган согушунун ардагери контрчалгын менен чалгындоо кызматынын чебери подполковник Жумалы Кубатов жетектечү. Бир аз убакыттан кийин структура аскердик чалгын кызматы деп өзгөрүп, башына генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов келди. Бул структурада Чоро Мураталиев, Жумалы Кубатов, Эрик Асаналиев, Адылбек Кадырбеков, Качкын Саргазаков, Шаршенбай Абдылдаев, Геннадий Синянский, Нурлан Молдошев өңдүү такшалган офицерлер болгон. Андан кийин мен, Айбек Мамытов, Ильичбек Нуражиев сыяктуу жаш адистер кошулдук. Өзгөчө маркум Мамытов, Нуражиев менен достошуп ынак болдум, үчөөбүз курдаш элек.
© Фото / из архива семьи АсаналиевыхКыргызстандын Тажикстандагы биринчи элчиси Эрик Асаналиев. Душанбе. 1999-жыл
Экс-посол Кыргызстана в Таджикистане Эрик Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Кыргызстандын Тажикстандагы биринчи элчиси Эрик Асаналиев. Душанбе. 1999-жыл
— Адегенде өлкөнүн аскердик чалгын кызматы кайсы жерде эле?
— Биздин структура башында борбор калаадагы азыркы Тыныстанов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта болчу. Анда Советтер Союзу учурунда Панфилов дивизиясынын контрчалгын бөлүмү иштечү. Биз жумуш учурунда аскердик форма кийчү эмеспиз. Коргоо министрлигинин же штабдын жыйындарына гана кийчүбүз.
— 1990-жылдары СССР ыдырап, социалдык-экономикалык абал оорлошту. Ошол учурда айлык айлап берилбей калбадыбы. Коргоо министрлигинин кызматкерлери да кыйналса керек?
— Ооба. Айлык жарым жыл бою төлөнбөй калган учурлар болду. Мен жаңыдан үйлөнгөм. Жумуштан кийин жаш офицерлер иштечүбүз. Үйлөрдүн чатырларына чыгып антенна коюп, телевизорлордун каналдарынын толкунун жөнгө салчубуз.
— Кесиптешиңиз запастагы полковник Нурлан Молдошев 1992-жылы Жумалы Кубатов аскердик чалгын кызматын түптөп жаткан учурда советтик армиядан калган баалуу радиотолкундарды кармоочу оперативдик-тактикалык звенону башка өлкөгө алып чыгууга бөгөт койгон экен. Кийин бул комплекстин Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө абдан пайдасы тийген дешет. Ушул окуя боюнча айтып бере аласызбы?
— Бул көпчүлүккө белгисиз тарыхый факт. Жумалы Осмонович бул жабдууну коңшу өлкөгө алып чыктырбастан сактап калган. Комплекстин баалуулугу кыска толкундагы диапазондо болчу. Ага таянып, Кыргызстан менен чек аралаш мамлекеттер болуп радиоэлектрондук абалды көзөмөлдөчүбүз. Жогоруда сөз болгон комплексти 1996-1997-жылдары адегенде россиялык адистердин жардамы менен полковник Молдошев ишке киргизген. Андан кийин 1999-жылы мен Москвадан аскердик академияны бүтүрүп келген соң бул милдетти алдым. Ошол жылы кайрадан Токмок шаарындагы 24-өзүнчө радиоэлектрондук чалгын борборуна россиялык адистердин көмөгү менен бул жабдууну орноттук. 2005-жылга чейин ушул комплекстин үзүрүн көрдүк.
Негизи эле Кыргызстандын аскердик чалгын кызматын түптөөдө Жумалы Кубатовдун эмгеги абдан чоң, эч кандай кыйынчылык жана тоскоолдукка караган жок. Кубатов биз үчүн адамгерчиликтин, мекенчилдиктин жана нагыз чалгынчынын үлгүсү болчу. Көп нерсе үйрөттү. 1993-жылы генерал Асанкулов, подполковниктер Кубатов, Кадырбеков менен биргелешип Түндүк Афганистандан кыргызстандык төрт аскерди алып чыккан атайын операциясы тарыхчылардын көз жаздымында калганы өкүндүрөт.
© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата Коргоо министрлигинин ардагери, запастагы полковник Ратбек Ниязалиев
Ветеран Вооруженных сил КР, полковник в запасе Ратбек Ниязалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата Коргоо министрлигинин ардагери, запастагы полковник Ратбек Ниязалиев
— Сиздин бөлүмүңүз кайсы багытта иш алып барчу эле?
— Бул бөлүмдүн милдети Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабын кызыктырган аймактарда радиоэлектрондук абалды көзөмөлдөө эле. Ошол учурда биз Афганистан менен Тажикстандагы жарандык согушка абдан көңүл бурчубуз. Бул эки өлкөдөгү кандуу тирешүү Кыргызстанга терс таасирин тийгизеби деген кооптонуу бар эле. Ошондуктан күнү-түнү аскердик радиостанцияларды укчубуз.
— Жогорудагы радиостанциялардан керектүү маалымат тапкан учурларды мисалдап айтып бере аласызбы?
— Бул радиостанциялар аркылуу Тажикстанда кандуу тирешүүнүн кандай нукта жүрүп жатканы тууралуу маалымат алчубуз. Мисалы, Жерге-Тал районунда Бириккен тажик оппозициясы жана расмий Душанбенин ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптын саны айтылчу. Мындан сырткары, согушкерлер менен расмий өкмөттүн армиясынын курамы жөнүндө маалымат түз эфирде айтылган учурлар болгон. Ошол эле маалда тажик-афган чек арасында кагылышуу болгону тууралуу бизге маанилүү анча-мынча маалымат алчубуз.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРБаткен районунда ӨИКдин согушкерлерине каршы салгылашып жаткан кыргызстандык аскерлерге корей диаспорасы гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. 1999-жыл, Бишкек
Сбор гуманитарной помощи для военнослужащих КР  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Баткен районунда ӨИКдин согушкерлерине каршы салгылашып жаткан кыргызстандык аскерлерге корей диаспорасы гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. 1999-жыл, Бишкек
— Куралдашыңыз Нурлан Молдошев аскердик чалгын кызматынын өзөгүн генерал Асанкулов, Мураталиев, Кубатов, Асаналиев жана Кадырбеков түзгөн деп белгилейт. Ушул топ Тажикстандагы жарандык согуштун жүрүшү боюнча баалуу маалыматты таап, талдаган. Натыйжада кандуу тирешүүнү токтотууга эбегейсиз эмгек кылышкан деп айтылат. Кошуласызбы?
— Албетте. Алар күнү-түнү уйку бетин көрбөй, түркүн маалымат менен иштешти. Бул топтун берген тапшырмаларын биз, жаш офицерлер, так аткарууга аракет кылчубуз. Андан тышкары, булар кызматтык иш сапарга көп чыгышты. Негизи чалгын кызматы жабык структура болгондуктан көп нерселер туюк жана жашыруун болот. Жаш офицерлер көп нерсени түшүнчү эмеспиз. 2001-2002-жылдары мен Коргоо министрлигинин башкы аскердик чалгын кызматынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып калып, кызматтын айрым документтерин окууга мүмкүнчүлүк болду. Ошондо Асанкулов, Мураталиев, Кубатов, Асаналиев, Кадырбеков жана Саргазаковдун Тажикстандагы кандуу тирешүү боюнча атан төө көтөргүс эмгек кылганын окуп абдан таң калгам. Мисалы, Кубатов, Асаналиев менен Кадырбеков Афганистан жана Тажикстандын Памириндеги талаа командирлери менен жакшы мамиледе болгондуктан, ал жердеги абал жөнүндө борборго так маалыматты үзгүлтүксүз берип турушкан.
— Кесиптешиңиз запастагы полковник Марат Шайымкулов өз маегинде аскер чалгын кызматы Коргоо министрлигине Баткенге тыюу салынган "Өзбек ислам кыймылынын" согушкерлери кол салат деген маалыматты такай берген деп баса белгилейт. Сиз ушул факт боюнча кандай маалымат бере аласыз?
— Ооба, Шайымкуловдун пикирине толук кошулам. Мындай багыттагы материалдарды бир нече жолу окугам. 1996-1997-жылдары биздин кызматкерлер Бириккен тажик оппозициясы менен расмий Душанбенин ортосунда элдешүү процесси жүрүп жатканын, бирок ошол эле маалда эки тарапка тең баш ийбеген куралдуу топтор бар экенин маалымдашкан. Кубатов, Асаналиев менен Кадырбеков булар Баткен өрөөнүнө Кожо-Ачкан менен Шудман ашуусун ашып Зардалы менен Рават айылдарына кирет деген аналитикалык каттарды жазышкан. Мындан сырткары, куралдашым Айбек Мамытов да Баткен менен Лейлек райондорунда жөө-жалаңдап жүрүп, Тажикстан тараптан согушкерлер кол салат деп Борборго маалымат жиберген. Ошол каттарды 1999-жылы биринчи Баткен коогалаңында эстедим.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРУйгур диаспорасы Баткен районунда ӨИКдин башкесерлерине каршы салгылашып жаткан кыргызстандык жоокерлерге арналган кайрымдуулук марафону. 1999-жыл, Бишкек
Благотворительный марафон для сбора средств военнослужащим КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Уйгур диаспорасы Баткен районунда ӨИКдин башкесерлерине каршы салгылашып жаткан кыргызстандык жоокерлерге арналган кайрымдуулук марафону. 1999-жыл, Бишкек
— Баткен окуясында кайсы кызматты аткардыңыз?
— 1999-жылы мен Баткен районундагы Зардалы кыштагына өтчү жолдогу "Палал-Ооз" аттуу көзөмөлдөө бекетинде болдум. Менин милдетим ары-бери өткөн Баткен тургундарын текшерип жана ӨИКтин согушкерлери жөнүндө маалымат чогултуу эле. Ошол жылы аскердик чалгын кызматынын катарына афган согушунун ардагери Нурдин Исмаилов кошулду. Ал да Москвадан аскердик академияны бүтүп келген соң Баткенде маркум Мамытов менен чогуу иштеди. Ошол учурдагы бир окуяны азыр айтканга убактысы келди. Бул маалымат жашыруун эмес. Жогорудагы бекет аркылуу Бириккен тажик оппозициясынын белгилүү талаа командири Шох Искандаров менен анын эки жансакчысын өткөрүп, коштоп жүргөм. Ал Жерге-Тал районунун чек ара комендатурасынын жетекчиси болчу. ӨИКтин башкесерлери төрт япон геологун барымтага алып, кыргызстандык аскерлерди туткундашкан. Аларды алып чыгуу үчүн өлкөнүн жетекчилиги Шох Искандаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аргасыз болгон. Себеби Искандаровдун ӨИКтин корбашылары менен түз сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү бар эле. Бул сүйлөшүүнү Шох аркылуу УКМКнын полковниги Алик Орозов жана майору Стамбеков (анын ысымы эсимде жок) уюштурган. Искандаровду мен кызмат өтөгөн бекетке алып келишти. Мен жогорудагы офицерлерге көмөк көрсөткөм. Орозов менен Стамбеков Шох жана анын сакчыларын согушкерлер көзөмөлдөгөн аймакка өткөрүп, буларды эки күндөн кийин кайра тосуп алгам. Мындай багыттагы сүйлөшүүлөр КР жетекчилиги тарабынан башка каналдар аркылуу дагы жүргүзүлгөн. Ошол сүйлөшүүлөрдү уюштуруу боюнча иш-чараларга биздин кесиптештер активдүү катышкан.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРӨИКдын согушкерлеринин туткунунан бошотулган генерал-майор Анарбек Шамкеев (ортодо). 1999-жыл, Кант аскердик аэропорту
Освобожденный из плена генерал-майор Анарбек Шамкеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
ӨИКдын согушкерлеринин туткунунан бошотулган генерал-майор Анарбек Шамкеев (ортодо). 1999-жыл, Кант аскердик аэропорту
— Маратбек Шайымкуловдун айтымында, 1999-жылы япон геологдорун барымтадан жана кыргызстандык аскерлерди туткундан алып чыгууда Кыргызстандын Тажикстандагы биринчи элчиси Эрик Асаналиев чоң роль ойногону белгиленип келет.
— Маркум кесиптешибиз жана дипломат Эрик Асаналиев Тажикстандагы жагдайды абдан жакшы билчү. Эрик Акматбаевич эки каршылашкан тараптын лидерлери жана талаа командирлери менен тыгыз байланышта болчу. Ошол маалда расмий Душанбенин администрациясы, армиясы жана коопсуздук кызматы Бириккен тажик оппозициясы көзөмөлдөгөн райондорго кире алчу эмес. Ал эми Асаналиев согушкерлер бийлик кылган райондорго ээн-эркин кирип чыкчу. Ошондуктан Эрик Акматбаевич япон геологдорун барымтадан жана кыргызстандык жоокерлерди алып чыгууда негизги ролду ойногон.
Мен жогоруда аты аталган офицерлер менен чогуу эриш-аркак иштегениме абдан сыймыктанам. Алардын Ата Мекендин алдында жасаган эрдиктери бааланбай калганы аябай өкүндүрөт.
40-армиянын кыргызстандык жоокерлери. Түштүк Афганистан, Кунар аймагы. 1981-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Колго тирүү түшпөйүн деп маки менен тап бердим... Афганчылардын унутулгус эрдиги
Отставкадагы полковник Петр Мандрыка. Каракол шаары, 2020-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Уйга артылган курал, аскерлерди ашууга чыгарган карыялар. Баткен согушунан баян
Жаңылыктар түрмөгү
0