Памир кыргыздарына согуш учурунда да жардам берилген. Полковник Саргазаков менен маек

© Фото / личный архив Качкына СаргазаковаГуманитарная помощь афганским кыргызам в Малом Памире в конце 80-х
Гуманитарная помощь афганским кыргызам в Малом Памире в конце 80-х - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1979-жылы Афганистандын Герат шаарында жаңы өкмөткө каршы козголоңдон кийин расмий Кабул СССРдин жетекчилигине аскер киргизүү өтүнүчү менен кайрылат. 27-декабрда СССРдин 40-армиясы Афганистанга кирген.

Расмий маалыматка таянсак, бул согушка советтик 620 миң офицер, прапорщик жана жоокер катышкан, анын ичинен 14 453ү каза болгон. Ал эми Кыргызстандан 7000ден ашык жоокер барып, 254ү курман болгон. 1,5 миңдей жоокер ар түрдүү жаракат алган. 600гө жакыны майып болуп кайткан. Эки кыргызстандык аскерге "Советтер Союзунун баатыры" наамы берилсе, төрт жоокер ушу кезге чейин дайынсыз.

Туура он жылдан кийин, 1989-жылы 15-февралда СССР Афганистандан аскер күчүн алып чыгып кеткен. Sputnik Кыргызстан агенттиги афган согушунун ардагерлеринин эскерүүлөрүн сунуштайт. УКМКнын жана афган согушунун ардагери, отставкадагы полковник Качкын Саргазаков Афганистанга советтик жоокерлер киргизилген маалда ал жакта жашаган кыргыздардын абалы, жашоосу тууралуу айтып берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКачкын Саргазаков УКМКнын жана афган согушунун ардагери, отставкадагы полковник
Памир кыргыздарына согуш учурунда да жардам берилген. Полковник Саргазаков менен маек - Sputnik Кыргызстан
Качкын Саргазаков УКМКнын жана афган согушунун ардагери, отставкадагы полковник

Саргазаков 1978-жылы Тажикстандын курамындагы Тоолуу Бадахшандын борбору Хорогдо Мамлекеттик коопсуздук комитетинин 2-бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. Хорогдон кийин Мургабга которулуп, жалпы жонунан Тажикстанда 10 жыл кызмат өтөгөн.

— Сиз үчүн СССРдин жетекчилигинин Афганистанга 40-армияны киргизүү тууралуу чечими күтүүсүз болдубу?

— Жок. Бизге "даярдангыла" деген тымызын буйрук келген. Мен жетектеген бөлүм чек араны көзөмөлдөчү. Буга чейин Тажикстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин чалгын кызматы Афганистанга караштуу Бадахшандын абалын тымызын иликтеп турган. 1979-жылы Афганистанга советтик аскерлери кирер алдында биз Тажикстандын курамындагы Тоолуу Бадахшан менен чектешкен Файзабад аймагынын картасын толук чийдик. Бул чөлкөмдө жеңил жана оор автомашиналар өтчү жолдор жок эле. Биз шоссе салганга ыңгайлуу жерлерди картага түшүргөнбүз. Ошол эле учурда агентурабыз аркылуу Файзабад чөлкөмүндө социалдык-экономикалык абалды байкап турдук. Ушул маалыматка таянып, СССРге каршы ким курал көтөрөрүн же боор тартарын иликтедик. 1979-жылы Файзабад аймагына советтик армия киргенде бул маалыматтар менен картанын пайдасы абдан тийди. Советтик аскерлер 120 күндүн ичинде жол салып, жоготуусу аз болду. Эмгегибизди баалап, СССРдин жогорку аскердик жетекчилиги ыраазычылык билдирген.

© Фото / личный архив Качкына СаргазаковаРахманкул хандын ордосунда Качкын Саргазаков кандаштар менен жыйын өткөрүүдө. Кичи Памир, 1987-жыл, март айы
Рахманкул хандын ордосунда Качкын Саргазаков кандаштар менен жыйын өткөрүүдө. Кичи Памир, 1987-жыл, март айы - Sputnik Кыргызстан
1/5
Рахманкул хандын ордосунда Качкын Саргазаков кандаштар менен жыйын өткөрүүдө. Кичи Памир, 1987-жыл, март айы
© Фото / личный архив Качкына СаргазаковаАфгандык кыргыз Аубакирдин үй-бүлөсү. 1987-жыл
Афгандык кыргыз Аубакирдин үй-бүлөсү. 1987-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/5
Афгандык кыргыз Аубакирдин үй-бүлөсү. 1987-жыл
© Фото / из личного архива Качкына СаргазаковаКичи Памирде жашаган боордошторго Советтик Бадахшандан гуманитардык жардам берилүүдө. 1988-жыл, 29-апрель
Кичи Памирде жашаган боордошторго Советтик Бадахшандан гуманитардык жардам берилүүдө. 1988-жыл, 29-апрель - Sputnik Кыргызстан
3/5
Кичи Памирде жашаган боордошторго Советтик Бадахшандан гуманитардык жардам берилүүдө. 1988-жыл, 29-апрель
© Фото / личный архив Качкына СаргазаковаАфгандык кандаштар Мургаб кыргыздарынан келген жардамды алышууда. 1988-жыл, апрель айы
Афгандык кандаштар Мургаб кыргыздарынан келген жардамды алышууда. 1988-жыл, апрель айы - Sputnik Кыргызстан
4/5
Афгандык кандаштар Мургаб кыргыздарынан келген жардамды алышууда. 1988-жыл, апрель айы
© Фото / личный архив Качкына СаргазаковаКачкын Саргазаков, афгандык кыргыз жана советтик чек арачылар. 1987-жыл, март айы
Качкын Саргазаков, афгандык кыргыз жана советтик чек арачылар. 1987-жыл, март айы - Sputnik Кыргызстан
5/5
Качкын Саргазаков, афгандык кыргыз жана советтик чек арачылар. 1987-жыл, март айы
1/5
Рахманкул хандын ордосунда Качкын Саргазаков кандаштар менен жыйын өткөрүүдө. Кичи Памир, 1987-жыл, март айы
2/5
Афгандык кыргыз Аубакирдин үй-бүлөсү. 1987-жыл
3/5
Кичи Памирде жашаган боордошторго Советтик Бадахшандан гуманитардык жардам берилүүдө. 1988-жыл, 29-апрель
4/5
Афгандык кандаштар Мургаб кыргыздарынан келген жардамды алышууда. 1988-жыл, апрель айы
5/5
Качкын Саргазаков, афгандык кыргыз жана советтик чек арачылар. 1987-жыл, март айы

— Негизи Афган согушу боюнча Кыргызстанда иликтөөлөр аз. Сиз кызматка дайындалганда афгандык кыргыздардын абалы тууралуу мааламытыңыз бар беле?

— Афганистанды Захир-шах башкарып турган учурда афгандык боордошторубуздун башчысы Рахманкул хан расмий Кабул аркылуу СССРдин жетекчилигине бир нече ирет гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Афгандык Памирде жут болуп мал кырылып, боордошторубуз азап тарткан экен. Кыргыз ССРинин жетекчилиги Рахманкул хандын өтүнүчүн аткарып, кандаштарыбызга бир нече ирет гуманитардык жардам жөнөткөн. 

© Фото / личный архив Качкына СаргазаковаСаргазаков афгандык кыргыздардын башчысы Абдурашид хан менен. 1987-жыл
Памир кыргыздарына согуш учурунда да жардам берилген. Полковник Саргазаков менен маек - Sputnik Кыргызстан
Саргазаков афгандык кыргыздардын башчысы Абдурашид хан менен. 1987-жыл

1982-жылы Мургаб районундагы МККнын бөлүмүнүн жетекчилигине которулдум. Бир аз убакыттан кийин мага мургабдык кыргыздар афгандык боордошторубузга жардам көрсөтөлү деп кайрылышты. Буга чейин, 1978-жылы, советтик армия силерге кол салат деп коркутуп, Рахманкул хан афгандык кандаштарыбыздын көпчүлүгүн Пакистанга ээрчитип кеткен. Ал эми афгандык боордошторубуздан он үй-бүлө анын сунушуна макул болбой, Ата Мекенинен көчпөй койгон. Жер которгон афгандык боордошторубуздун далайы ашууларда көз жумган. Анын үстүнө өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, малынын көбү кырылып калган. Булар Пакистандын Гилгит аймагына келип качкындардын лагерине жайгашат. Ал жердин климатына көнө албай, ооруп, бир тобу мында каза табат. Мындан улам ошол жакта айрым качкындардын лидери болгон Абдурашид хан боордошторубузду өлсөк да Ата Журтубузга кетели деп үгүттөгөн. Анын мындай сунушуна отуз үй-бүлө макул болуп, алар Кичи Памирге кайтып келген. Ошол убакта боордошторубуз аябай кыйналган экен. 

© Фото / личный архив Качкына СаргазаковаАфган кыргыздары СССРден келген гумжардамды алып жаткан учуру. 1987-жыл
Памир кыргыздарына согуш учурунда да жардам берилген. Полковник Саргазаков менен маек - Sputnik Кыргызстан
Афган кыргыздары СССРден келген гумжардамды алып жаткан учуру. 1987-жыл

Ал учурда афгандык Памирде советтик чек ара бөлүгү жайгашкан болчу. Советтик чек арачылардын максаты Афганистан менен Пакистандын ортосундагы чек араны көзөмөлдөө эле. Афгандык кыргыздардын мындай аянычтуу абалын көрүп, советтик чек арачылар боордошторубузга тамак-аш жана турмушка керектүү товарларды алып барып, жардам берип турушту. Адегенде кызматка турганда мен да бир нече жолу аларга чек арачылар аркылуу тамак-аш жана күйүүчү май жөнөттүм. Жогоруда Тажикстандын курамындагы Тоолуу Бадахшандын борбору Хорогдо төрт жыл иштегем деп айтып кетпедимби. Мен келгенден баштап жергиликтүү калк жана бийликтин өкүлдөрү менен жакшы мамиле түзгөм. Ошондуктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жетекчиси Заировго афгандык кандаштарыбызга жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылдым. Ал дароо менин сунушумду колдоду. Себеби Заировдун энеси коженттик кыргыз болчу. Ал Тоолуу Бадахшан автоном аймагынын атынан афгандык кыргыздарга үч жолу гуманитардык жардам жөнөттү. Мындан сырткары, байма-бай тамак-аш жана турмушка керектүү товарларды жөнөтүп турууга көмөк берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТажикстан ССРинин тоолуу Бадахшандагы мамлекеттик коопсуздук комитетинин 2-бөлүмүнүн башчысы болуп алгач Хорогдо, андан соң Мургабга которулуп, жалпысынан Тажикстанда 10 жыл кызмат өтөгөн
Памир кыргыздарына согуш учурунда да жардам берилген. Полковник Саргазаков менен маек - Sputnik Кыргызстан
Тажикстан ССРинин тоолуу Бадахшандагы мамлекеттик коопсуздук комитетинин 2-бөлүмүнүн башчысы болуп алгач Хорогдо, андан соң Мургабга которулуп, жалпысынан Тажикстанда 10 жыл кызмат өтөгөн

— Мургабдык кыргыздардын жашоосу кандай эле?

— Ошол убакта мургабдык кыргыздар өздөрү кыйын турмушта жашачу. Буга карабастан, алар афгандык боордоштордон жардамын аяшкан жок. Мындан сырткары, мен Абдурашид хан менен жакшы мамиле түздүм.

Бир кызыктуу фактыны айтып берейин. 1987-жылы советтик чек арачылар мага жолугуп, "сиздин досуңуз Абдурашид хандын 10 жаштагы баласынын сокур ичегиси жарылып, аябай кыйналып жатат" деп айтышты. Дароо Москвага кайрылып Абдурашид хан менен анын баласын Мургаб районунун борборуна алып келүүгө уруксат берүүнү сурандым. Мындай учурда Москванын расмий уруксаты жок афгандык кыргыздардын лидери менен баласын алып келе албайт эле. Төрт күндөн кийин Москвадан уруксат келди, мен жашыруун чек арага БМП менен барып Абдурашид хан менен уулун Мургабдын ооруканасына алып келип тымызын жайгаштардым. Советтик дарыгерлер анын баласына операция жасап өлүмдөн алып калып, толук дарылап айыктырды. Абдурашид хан менден дарылоо учурунда баласынын аз болсо да кат-сабатын жоюп берүүмдү өтүндү. Бир айдын ичинде жергиликтүү дарыгерлер менен медайымдар уулуна Алиппени бир аз окутуп үйрөтүштү. Анын үстүнө афгандык кыргыздардын лидеринин уулу өзү да зиректүү жигит экен, бир аз тамга таанып окуп калды. 

© Фото / личный архив Качкына СаргазаковаКачкын Саргазаков Рахманкул хандын ордосунда афгандык боордоштор менен жыйын өткөрүүдө. 1987-жыл, март айы
Памир кыргыздарына согуш учурунда да жардам берилген. Полковник Саргазаков менен маек - Sputnik Кыргызстан
Качкын Саргазаков Рахманкул хандын ордосунда афгандык боордоштор менен жыйын өткөрүүдө. 1987-жыл, март айы

Бүгүнкү күндө, менин билишимче, афгандык кыргыздардын арасында билимдүүсү Абдурашид хандын баласы болуш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0