Кечээ, 20-декабрда, чекисттер кесиптик майрамын белгиледи. Колумнист Алмаз Батилов УКМКнын ардагери, отставкадагы полковник Чоро Мураталиев менен маек курган. Белгилей кетсек, Мураталиев даңазалуу генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун шакирти жана үзөңгүлөшү.
Мамлекеттин коопсуздугу үчүн жоопкер кызматтын иши көпчүлүккө ачыктала бербейт. Кызыгуубуз ушунчалык күч болсо да маектешибиздин айтылбаган көп эле сыры калды.
— Майрамыңыз кут болсун! Коопсуздук комитетине карай жолуңуз кандай болду?
— Рахмат. Комитетке жолум советтик армиядан башталды. 1962-1965-жылдары Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусундагы СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) курамындагы чек ара кызматында аскердик кызматымды өтөдүм. Армия көп нерсени үйрөттү. Эң башкысы — Ата Мекендин коопсуздугу чек арадан башталарын көрдүм. Армиядан кетип жатканда Алма-Ата шаарындагы Феликс Дзержинский атындагы жогорку командачылык чек ара училищесине жолдомо беришти. Бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу андан баш тарттым. Андан кийин бир жыл Красноярск аймагындагы Ачинск шаарында курулушта эмгектендим. Рыбачье калаасындагы Ысык-Көл районунун комсомол уюмунда уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим. 1968-жылы алгачкы ирет Кыргыз ССРинин МККнын төрагасы генерал-майор Жумабек Асанкуловдун кабыл алуусунда. 1969-жылы СССРдин МККнын катарына өттүм. Ал жактан МККнын Ат-Башы райондук бөлүмүнө жиберишти. Ошол эле жылы КМУнун юридикалык факультетинин сырткы бөлүмүндө окуй баштадым.
— Ат-Башы Кытай менен чектеш эмеспи. Бул держава менен Советтер Союзунун мамилеси курчуй баштаганда иштей баштаган турбайсызбы?
— Ооба. 1949-жылы Кытайда коммунисттик партия үстөмдүгүн орноткон. Бул державанын лидери Мао Цзедун Москва менен Пекиндин ортосунда түбөлүк достук карым-катнаш болот деп ишендирген үчүн Советтер Союзунун жетекчилиги 1950-жылдардын башында Кыргыз ССРинин МККнын чалгындоо бөлүмүн жоюп салган. Тилекке каршы, 1960-жылы ар түрдүү себептердин негизинде эки державанын ортосундагы мамиле кескин бузула баштады. Ошондон улам республикабыздын МККсынын төрагасы Жумабек Асанкулов мурда жоюлган чалгындоо бөлүмүн кайрадан калыбына келтирген. Ал аябай көрөгөч жетекчи эле. Ошол учурда советтик чалгынчылар кандай шартта иштегени жөнүндө Кыргыз ССРинин МККнын ардагери маркум Токон Усубакунов “Вечерний Бишкек” гезитине берген маегинде абдан таамай айткан. Ал Кытай менен мамиле кескин бузулганда советтик чалгындоо кызматы тыңчыларды даярдоо процессин нөлдөн баштаганын баса белгилеген. Токон Усубалиевич тыңчыларды совет-кытай чек арасынан өткөрүү үчүн ар түрдүү амалдар пайдаланылганын айтып берди эле. Буга чейин ал 1944-1946-жылдары “Батыр” аттуу отрядынын курамында болуп, Мао Цзедундун душмандары Синьцзянды гоминданчылардан бошотконго катышкан.
— Коопсуздук системасында иштеген кызматкер калк менен тыгыз иштеши керек да?
— Албетте. Мен бөлүнгөн Ат-Башы райондук бөлүмдүн курамында бөлүм башчы Рыскул Сыдыков, эки улук оперативдик кызматкерлер Алымкул Масиев жана Оролбек Мааткеримов бар экен. Бир аз убакыттан кийин мени Киев шаарындагы беш айлык курска жиберишти. Ат-Башы чөлкөмү Кытай менен чек аралаш болгондуктан, биз бул мамлекеттин чалгындоо кызматына каршы аймактын айрым тургундары менен тыгыз байланышта болуп, тымызын иш алып бардык. Мага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери капитан Оролбек Мааткеримов калктын арасында чалгын иштерин кандай нукта жүргүзүү керектигин абдан кылдаттык менен үйрөттү. Анын үстүнө 1930-жылдары ушул райондун айрым жашоочулары коллективизациядан качып, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном округунун Ак-Чий менен Тойун ооданына көчүшкөн экен. 1949-жылы октябрь айында бул малчылар кайра Ат-Башыга качып, отурукташат. Алардын арасындагы зиректүүлөрүнөн бул коңшу мамлекет тууралуу ар түрдүү багыттагы маалыматтарды алдык. Бул райондун чек арасы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном округу менен 200 чакырымга созулат. Ошого карабастан чек араны жергиликтүү калктын жардамы менен көзөмөлдөгөнгө жетишчүбүз. Ат-Башы районунда бир жыл тогуз ай иштедим.
— Андан кийин комитет кеңейген турбайбы?
— 1971-жылы Нарын облусу түзүлүп, Кыргыз ССРинин МККнын башкармалыгы түптөлүп, чалгындоо бөлүмчөсүнө которулдум. Ал жерден ишимдин жыйынтыгы боюнча 1974-жылы Советтер Союзунун атайын кызматынын төрагасы Юрий Андропов кол койгон грамота менен сыйландым. Азыркы күндө да жогоруда айтылган грамота чекисттердин арасында абдан кадыр-барктуу.
1975-жылы КМУнун юридикалык факультетин бүтүрдүм. 1976-1978 жылдары Москва шаарындагы СССРдин МККнын Феликс Дзержинский атындагы жогорку мектебин ийгиликтүү аяктадым. Ал жерден окуу менен кошо француз тилин үйрөндүм. Ошол эле убакта Жумабек Асанкулович менен такай кабарлашып турдум. Ал киши иш боюнча көп кеңештерин берди.
— Билинбеген менен адамга тынчтык бербеген, аябай көп күчтү талап кылган жумуш...
— Чалгынчылардын иши жип чубаганга окшоп кетет. Бул кесипте чыгармачылык абдан керек. Күнү-түнү акырындык менен стратегиялык багыттагы маалымат чогултуу зарыл. Бул маалымат ар түрдүү булактардан топтолот. Ар бир чалгынчынын беш же алты тыңчысы болот. Алар сага толугу менен ишениш керек. Бул принцип — чалгын кызматынын негизги өбөлгөсү. Белгилей кетчү жагдай, көпчүлүк тыңчылар акча же башка материалдык кызыкчылык үчүн эмес, идея үчүн иштейт. Андан кийин алардын тапкан маалыматын терең талдоо зарыл. Ошентип бардык маалымат борборго жиберилет. Чалгын кызматынын парзы — өлкө жетекчилигин үзгүлтүксүз аналитикалык маалымат менен камсыздоо. Айрым учурда тыңчыңа тапшырма берип жибересиң, ага сарсанаа болуп уктабай күтөсүң. 32 жашымда чачыма ак кире баштады. Көпчүлүк учурда көркөм тасмаларда чалгынчылар бири-бири менен мушташып же атышып жатпайбы. Иш жүзүндө андай эмес. Чет элдик кесиптештериң менен амалкөйлүк боюнча жарышасың. Жыйынтыгында эң куусу, амалдуусу, акылдуусу жеңет. Бирок бир операцияны жүргүзүш үчүн бир нече жыл жана аябагандай көп күч кетет.
Кыргыз ССРинин МККнын төрагасы генерал-майор Николай Ломов, полковник Эрик Чинетов менен иштешкениме тагдырыма ыраазымын. Николай Петрович Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда партизандык отрядда шифровальщик болуптур. Ошон үчүн чалгын кызматын ийне-жибине чейин билчү. Ал эми Эрик Чинетовичти кол астында иштегендер “Батя” деп айтышчу. Баарыбызга атадай мамиле кылчу. Бүгүнкү күндө да анын чалгын багытындагы өткөргөн иш-чаралары мамлекеттик сыр. Чинетов чек арадагы жетүүгө кыйын участкаларын тыкыр изилдеп чыккан.
Кызматтык тепкичтердин баарын басып өтүп, 1991-жылы апрель айында республикабыздын МККнын төрагасы генерал Асанкуловдун орун басары болдум. Ошол эле жылдын аягында отставкага кеттим. Андан кийин Жумабек Асанкулович жана анын башка үзөңгүлөштөрү менен эгемен Кыргызстандын аскердик чалгын кызматынын пайдубалын түптөгөнгө катыштым.