Атам узак убакыт өз атасын издеген. Мелис Убукеевдин уулу Сеит менен маек

© Фото / Александр ФедоровРежиссёр Мелис Убукеев уулу Сеит менен. Архивдик сүрөт
Режиссёр Мелис Убукеев уулу Сеит менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Жазылуу
Кыргызстандын кинематографиянын өнүгүшүнө режиссёр Мелис Убукеев зор салым кошкон. Ал биринчилерден болуп толук метраждуу көркөм фильм тартып "кыргыз кереметинин" жаралуусунун башында турган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги өмүрүн "Манас" эпосуна, кинематография арнаган КРдин эл артистинин уулу Сеит Убукеев менен маек курдук.
— Чоң энеңиз Галия Ибрагимова финансы министринин орун басары, чоң атаңыз жазуучу Айткулу Убукеев экенин билебиз. Борбор калаада Мелис Убукеевдин балалыгы кандай өткөн?
— Ооба, атам Фрунзе шаарында төрөлгөн. Аны Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынан чыккан жазуучу, сатирик Айткулу Убукеев чоңойткон. Ошол чыгармачыл инсандын тарбиясы, таасиринин аркасында атам калыптанып чыгармачылыгына жол салган. Чоң атам оор басырыктуу, баары менен тил табыша билген, көптөгөн атактуу инсандар менен жакшы мамиледе болгон. Үйгө манасчы Саякбай Каралаев, жазуучулар Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин атасы Төлөн Шамшиев көп келип турган жана жакшы мамиледе болушкан. Мелис Убукеев алардын кебин угуп, баарлашып жаштайынан чыгармачылыкка жакын өсүп, кичинекей кезинде эле фотоаппаратка сүрөт тартып гезиттердин сынактарына катышып өскөн.
Ал эми өз атасы кочкорлук Сейдекерим Ибрагимов совет мезгили орногон кезде белдүү саясий ишмер болгон экен. Атам үч жашка чыгып калганда 1938-жылы чоң атам бай-манап тукумунан чыккан делип кандуу репрессияга кабылып, дайыны чыкпай калган. Биздин үй-бүлөлүк маалыматтар боюнча, ал 1942-жылы Украинада согушта каза болгон. Атам узак убакыт архивдик документтерден анын жерге берилген жерин издеди, бирок таба алган эмес. Ал каргаша биздин жакындар үчүн өтө чоң трагедия. Жалгыз калган чоң энем Галия Ибрагимова согуштук мезгилге чейинки убакытта Кыргыз ССРиндеги эң билимдүү аялдардын бири болгон. Ал коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, 30-жылдары Москвада Надежда Крупская менен жолугуп, кийин финансы министринин орун басары кызматына чейин жеткен.
© Фото / из семейного архива УбукеевыхЗалкарлар: режиссерлор Мелис Убукеев, Болот Шамшиев жана актриса, киночу Клара Юусупжанова.
Режиссер, народный артист КР Мелис Убукеев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Залкарлар: режиссерлор Мелис Убукеев, Болот Шамшиев жана актриса, киночу Клара Юусупжанова.
— Мелис Убукеев Фрунзеде, андан соң Москвада билим алып дипломдук иши катары "Тайгак кечүү" тасмасын тартып жатат. Атаңыз Москвада билим алган алгачкы кыргыз киночулардан болгон экен да?
— Атамдын биринчи жогорку билими тарыхчы. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде алган билими чыгармачылыгына чоң таасир эткен. Анан ал киши жаштайынан фотоаппаратка сүрөт тартып жүргөндүктөн алгач Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун операторлук факультетине тапшырып, биринчи курсту аяктагандан кийин режиссёрлукка которулуп кетип, белгилүү советтик режиссёр Сергей Герасимовдун өнөрканасында сабак алган. Атам менен Төлөмүш Океев бир куракта болгон, бирок атам Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун биринчи бүтүргөн. "Тайгак кечүү" дипломдук иши болгон. Кыргыз киночулардын ичинен биринчилерден болуп Үркүн темасына кайрылып, тунгуч толук метраждуу көркөм фильм тарткан. Ал кезде 1916-жылдагы окуялар жабык темалардын бири болчу. Анын аркасы менен Болот Бейшеналиев өңдүү таланттар суурулуп чыккан.
— Кинорежиссёрдун чыгармачылык жолун карасак, көбүнчө даректүү тасмаларга басым жасаганын байкоого болот. Ошондой эле башкаларга караганда көркөм фильмди аз тарткандай. Эмнеге мындай болуп калган?
— Чындыгында атам кыргыздын тарыхын, этнографиясын, маданиятын мыкты билген. Өзүн даректүү тасмалар менен иштеген режиссёр, публицист, драматург катары көргөзчү. Мындан улам тасма тартууга өтө кылдат мамиле кылып, майда-баратына чейин катуу көңүл бурган, даярдыктарды өзү көргөн. Мисалы, тасмада актёрлордун кие турчу кийимин, жасалгаларды, ар бир кадрларды түшүндүрүп камерага тарттырчу. Мисалы, "Манас ааламы" фильмин тартууга аскердик кийим-кечелерди кантип жасоо керектигин "Дилбар" мода үйүнүн дизайнерлерине үйрөтүп кылдырткан. Анан, албетте, ал өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн "Манас" эпосуна, кенже эпосторго арнады.
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссер, КРдин эл артисти Мелис Убукеев дүйнө таанымы чалкыган инсан болгон. Кыргыздын тарыхын, этнографиясын, маданиятын мыкты билген. Даректүү тасмалар менен иштеген режиссёр, публицист, драматург эле.
Режиссер, народный артист КР Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Режиссер, КРдин эл артисти Мелис Убукеев дүйнө таанымы чалкыган инсан болгон. Кыргыздын тарыхын, этнографиясын, маданиятын мыкты билген. Даректүү тасмалар менен иштеген режиссёр, публицист, драматург эле.
— Киночулар Мелис Убукеев атаны кыргыз режиссёрлорунун ичинен мыкты мугалим дешет. Эмгек жолунда кимдерге жол көрсөтүп калган, замандаштарын эскере кетсеңиз.
— Биздин үйгө чыгармачыл инсандар, атамдын достору көп келчү. Актёр Болот Бейшеналиев, опера ырчысы Болот Миңжылыкыев, режиссёр Болот Шамшиев, актриса Айтурган Темиров, режиссёр Геннадий Базаров келип, уул-кыздары менен чогуу өстүк. Алар дасторкон үстүндө баарлашып, пландары менен бөлүшүп бири-бирин толуктап турушчу.
Негизи ар бир чыгармачыл инсан бирөөгө жакын болгусу келсе, дагы бирөөдөн оолак болгонго аракет кылат. Алардын жан дүйнөсү аябай сезимтал келет экен. Мисалы, атам менен Төлөмүш Океевдин мамилеси жеңил болгон эмес. Экөө бир куракта, жердеш болгонуна карабай атаандаш болушкан.
1990-жылдары Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп жүргөндө мен командировка барып Анкарада жолугуп калгам. Ал киши менен кептешип отурганда кызыктуу окуяларды айтып берген. Кийин атам бул дүйнөдөн өтүп кеткенде да кезигип калдым. Ошондо Төлөмүш Океевич "атаң экөөбүздүн жашообуз, мамилебиз оңой болгон эмес. Бирок азыр ал мага жетишпей турат" дегени эсимде. Көрсө, залкар инсандар жашоодо жанында дагы бир ошондой адамдын болушун каалайт экен.
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссер, КРдин эл артисти Мелис Убукеев, оң жагында ошол кезде атагы таш жарып турган кесиптеши Болот Шамшиев.
Режиссер, народный артист КР Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Режиссер, КРдин эл артисти Мелис Убукеев, оң жагында ошол кезде атагы таш жарып турган кесиптеши Болот Шамшиев.
— Адамдын жашоосунда, чыгармачылыгында өйдө-ылдый болуп турат эмеспи. Режиссёрдун чыгармачылыгында кандай оор учурлар болгон?
— Атамдын кесиптештери, досторунун айтымында, Мелис Убукеев катуу киши болгон. Бетке айткан, кишинин көңүлүнө карабаган өтө принципиалдуу адам болгон. Эгер кимдир бирөө туура эмес иш кылса, эч нерсеге карабай, принциптерин бузбай бетке айтчу экен. Жашоодо ошол адамдык сапаттарынын азабын чегип куугунтукка кабылды, чыгармачыл номенклатурага жете алган жок. Башкаларга салыштырмалуу КРдин эл артисти наамын кеч алды.
Ошондой эле союз маалында түрдүү идеологиялык себептерден улам СССРдин аймагынан чыга алчу эмес, советтик республикаларга гана командировкага барчу. Үй-бүлөсүн багуу үчүн 70-жылдары бир нече жыл Алматада жашап "Казакфильмде" иштеген кездери болгон. Ал жакта жазуучу Олжас Сулейменов, Аскар Сулейменов, актёр Асанали Ашимов, режиссёр Сатыбалды Нарымбетов, Игорь Вовнянко, коомдук ишмер Мурат Ауэзов өңдүү ынак достору болчу. Мен да аларды азыркыга чейин жылуу сезимдер менен эстейм.
© Фото / Александр ФедоровРежиссер, КРдин эл артисти Мелис Убукеев кезектеги кинофильмин тартуу учурунда.
Режиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Режиссер, КРдин эл артисти Мелис Убукеев кезектеги кинофильмин тартуу учурунда.
— Мелис Убукеевдин белгилүү жазуучу Касымалы Баялиновдун "Ажар" повестинин негизде кинофильм тартуу кыялы болгону айтылып жүрөт. Атаңыздын жарыяланбай калган чыгармалары, тартылбай калган тасмалары болгонбу?
— Союз маалында Үркүн темасы жабык темалардын бири болгон. Атам өз эмгектеринде ал тарыхый окуяны кыйгап өтө алчу эмес. Себеби 1916-жылдагы окуялардын катышуучуларынан көп маалыматтарды чогулткан. Убагында "Ажар" повести боюнча сценарий даяр болчу, бирок идеологиялык түрдүү себептерден улам тартылбай кагаз бетинде калган. Ошондой эле Совет бийлигинин орногон жылдарындагы жарандык согуш, Октябрь революциясы, басмачылар жөнүндө толук метраждуу эки сериялуу тасма тартуу планы да болгон. Анын башкы каарманы полководец Михаил Фрунзе болмок. Ал дагы цензурадан улам тартууга уруксат берилген эмес.
Андан сырткары, 90-жылдардын соңунда кыргыз элинин кенде эпостору боюнча 10 сериялуу мультипликациялык эмгек жаратууну көксөгөн. Тилекке каршы, каржынын жоктугунан ишке ашпай калган. "Манас" эпосун өсүп келе жаткан жаш муун үчүн ылайыкташтырып жалпак тилде, жеңил жазып басмаканадан чыгаруу боюнча жигердүү иштеген. Бирок атамдын бул дүйнөдөн өтүшү менен көп иштери ишке ашпай калып калган.
— 1995-жылы атаңыз "Манас ааламы" тасмасын тартып жатат. Негизи кинорежиссёр чыгармачылыгында "Манас" эпосуна көп кайрылган. Башка киночулардай эле ал кишинин да Манас жөнүндө тасма тартуу кыялы болсо керек?
— Атам кичинесинен Саякбай манасчыны көрүп өсүп, кийин "Манас" эпосуна көп кайрылган. Каралаев менен чоң атам өтө жакын мамиледе болгон. Ошондон улам атам чыгармачылыгында манасчы менен көптөгөн видео, кино материалдарды тартып калган. "Манас" эпосу атамдын чыгармачылыгында гана эмес, жашоосунда чоң орунду ээлеген. Кыргыз элинин көөнөргүс эпосун изилдеп жүрүп өмүрү өттү. Өз эмгектеринде көп архивдик маалыматтарды колдонгон.
© Фото / Александр ФедоровРежиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев
Режиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Режиссер, народный артист Кыргызстана Мелис Убукеев
— Мелис Убукеев сизди да кино тармагы менен кетип, ата жолун улашыңызды каалачу беле?
— Мен мектепти аяктаганда алгач тарых багыты боюнча билим алышыма жол көргөзгөн. Атам "базалык билим жок режиссёр эч нерсени кыйрата албайт" дечү. Тасма тарта баштаса эле сценарист, сүрөтчү, оператор, композитордон жардам сурап жүрө берет деп калчу. Ошондон улам мен тарых факультетинде билим алып, андан соң киночуларды даярдаган ЖОЖго тапшырып көрмөкмүн. Анткени атам менин дагы кинематография менен кетишимди каалачу. Бирок Советтер Союзу тарап кетип бир топ пландар өзгөрдү. Ошондон улам мен дипломатия жаатына кетип калгам.
— КРдин эл артисти үйдө кандай ата болгон, уул-кыздарын тарбиялоодо эмнелерге өзгөчө көңүл бурчу эле?
— Атам үйдө катуу болчу. Кичинекей балага чоң кишидей мамиле кылчу. Китеп — атамдын алмаштыргыс чоң досу эле. Дайыма китеп окуп, өмүр бою өзүн-өзү өнүктүрүүгө аябай көңүл бурду. Чет тилдери билбегенине аябай өкүнчү. Эгер чет тил билгенимде китептерди жазылган тилдеринде окумакмын деп калчу. Кичинекей кезде атам бизге кызыксыз китепти карматып оку дечү. Биз ыйлактап, көчөдөгү оюндан калып окуганбыз. Кийин анын мындай кылганын ыраазы болуп да жүрдүм. Биз үйдө үч бир тууган болчубуз. Эжем Бермет, мен жана карындашым Жибек. Тилекке каршы, эжем бир нече жыл мурун кайтыш болуп калды. Карындашым болсо учурда Францияда жашайт.
© Фото / из семейного архива УбукеевыхСүрөттө: (солдон оңго карай) режиссер Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз Шамшиев, Мелис Убукеевдин уулу Сеит Убукеев жана Болот Шамшиевдин жубайы, актриса Айтурган Темирова.
Сын режиссера Мелиса Убукеева Сеит Убукеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Сүрөттө: (солдон оңго карай) режиссер Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз Шамшиев, Мелис Убукеевдин уулу Сеит Убукеев жана Болот Шамшиевдин жубайы, актриса Айтурган Темирова.
— Кыргыз интеллигенциясынын өкүлү делген сиздин атаңыз сыяктуу залкардын уулу болуу канчалык жоопкерчиликтүү?
— Албетте, атактуу адамдын уул-кыздарында чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Биз атанын көзү тирүү кезинде эңсегенин, тилегенин алып жүрөбүз жана ал изги тилектерге дал келгенге аракет кылабыз. "Жаратылыш залкарлардын балдары менен эс алат" деген сөз бар. Ошондуктан элдин эсинде өз эмгеги, өнөрү менен калган инсандын атын алып жүрүү чоң жоопкерчилик экенин өзүмө, балдарыма да айтып эскертип турам. Анткени ал адам бизге чоң көрсөткүчтү коюп кеткен.
Народный учитель КР Бектур Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Бектур Исаковдун кызы Каныкей: атамдын "Бектур агай" болушуна апамдын салымы чоң
Кыргыз ССРинин эл артисти, белгилүү композитор Жумамүдүн Шералиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Жумамүдүн Шералиевдин кызы: атам 11 жашында буту баспай жатып калыптыр
Жаңылыктар түрмөгү
0