Бектур Исаковдун кызы Каныкей: атамдын "Бектур агай" болушуна апамдын салымы чоң

© Фото / предоставлено Каныкей ИсаковойНародный учитель КР Бектур Исаков
Народный учитель КР Бектур Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Жазылуу
Эл мугалими Бектур Исаков быйыл 80 жашка чыгып отурат. "Мугалим — мөмөлүү дарак" дегендей, окуучуларга билим берүүдө усулдук методикасы, өз жолу бар эл агартуучунун билим берүүгө кошкон салымы зор. Ал талыкпаган эмгеги үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.
Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" рубрикасында КРдин эл мугалими Бектур Исаковдун кызы Каныкей Исакова болуп, залкардын өмүрү жана педагогикалык ишмердүүлүгү тууралуу маектештик.
Бектур Исаков "Биздин адабият" (5-кл.), "Кыргыз адабияты" (8-кл.), "Кыргыз тили" (7-9-кл.), "Манас сабагы" (3-11-кл.) окуу китептерин жазган. Анын педагогикалык ишмердүүлүгү жөнүндө эки китеп, төрт очерк, 20дан ашык макала жана методикалык колдонмолор жарык көргөн.
— Агай жакшы жүрөбү? Учурда эмне менен алек болуп жатат?
— Азыр атам пенсияда, бирок мугалимдик кесипти аркалап, түйшүгүн тартып калган адам жөн отура албайт экен. Мугалимдерге керектүү методикалык, усулдук колдонмо китептеринин үстүнөн иштеп жатат. Быйыл 80 жашка толду. Күнүнө болбосо да бир жумада эки-үч жолу иштери менен Талас шаарына келип-кетип турат. Азыр Бишкекке бел ашып келе албай калды. Ошентсе да күүлүү-күчтүү, эл менен аралашып, эмгектерин жазып жатат.
© Фото / предоставлено Каныкей ИсаковойКаныкей Исакова: азыр атам мугалимдерге керектүү методикалык, усулдук колдонмо китептеринин үстүнөн иштеп жатат. Быйыл 80 жашка толду
Народный учитель КР Бектур Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Каныкей Исакова: азыр атам мугалимдерге керектүү методикалык, усулдук колдонмо китептеринин үстүнөн иштеп жатат. Быйыл 80 жашка толду
— Мугалим болуп калышына эмне түрткү болгон экен?
— Мен Ысак чоң атамды көрүп калдым. Ал кишинин кесиби зоотехник эле. Айылга ар кандай көчөттөрдү алып келип отургузуп, көрктөндүрүүгө көп көңүл бурса да ал киши турган турпаты менен педагог болуптур. Чоң таякелерибиз академик, окумуштуу адамдар эле. Анан чоң атам бизге "кимдин кызысың десе, Ысактын кызымын дегендей болгула" деп айта берчү. Балалыгыбыз менен ага деле көп көңүл бурбаптырбыз. Атамдын айтуусунда, чоң атам уулунун ар бир берген суроосун жоопсуз калтырбай, жайлоого бара жатканда да атына учкаштырып алып көп нерсе айтып берчү экен. Анан бир жерге түштөнүүгө токтогондо да тамак ичип болуп, куржунуна сала келген китебин окутуп жүрүп отурчу дейт. Ал китептерди чоң атам беш колдой билет, бирок баласына окутуп, анын оюн билгиси келген. Ушинтип уулун билимге, китепке жакын кылып өстүргөн экен. Чоң энемдин атасы Нурмамбет деген чоң уста болгон. Ал "Семетей", "Сейтек" операсы коюлганда жасалгаларын жасап берген экен. Чоң таенебиз болсо абдан сөзмөр, кошокчу аял болуптур. Чоң энем кээде бошобой калганда өз апасыныкына атамды жиберип коёт. Ал киши да чоң атабыздай атамды атка учкаштырып алып жер-суунун аттарын, жомок айтып берет. Сүйлөгөнү тим эле ыр айткандай куюлушкан адам болгон дешет. Ушунун баары атамды тубаса педагог кылып тарбиялаган. Ал киши бизди да ошондой ыкмада тарбиялады.
Ата-энем экөө тең мугалим болгондуктан эртең менен кетип, кечинде келишчү. Кичинекейибизде эле бизге тамга үйрөтүп, жаздырып, анан убактыбызды туура бөлүштүрчү. Эки саат ойноп, кайра келип китеп окуп, жазып, үйгө жардам берип убактысы менен жүрчү элек. Мен китепке абдан кызыкчумун. Анан атам да бизди тоого, жайлоого алып чыгып жаратылыш менен тааныштырып, көп кызыктарды айтып берчү. Мен азыр мугалиммин, бул кесипке кичинебизден тарбия алыптырбыз.
© Фото / предоставлено Каныкей ИсаковойКаныкей Исакова: ата-энем экөө тең мугалим болгондуктан эртең менен кетип, кечинде келишчү. Кичинекейибизде эле бизге тамга үйрөтүп, жаздырып, анан убактыбызды туура бөлүштүрчү
Народный учитель КР Бектур Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Каныкей Исакова: ата-энем экөө тең мугалим болгондуктан эртең менен кетип, кечинде келишчү. Кичинекейибизде эле бизге тамга үйрөтүп, жаздырып, анан убактыбызды туура бөлүштүрчү
— Баарыңыздар эле мугалим болдуңуздарбы?
— Мугалим болгонума абдан сыймыктанам, анткени ардактуу кесипти аркалоо атамдын алдындагы вазыйпам деп билем. Бирок бир туугандарым мугалимдикти окуганы менен ар башка кесипти аркалап кетишти. Менден кийинки сиңдим журналист, ал кичинесинде эле "эфирде бул сүйлөйт" деп ойной берчү. Ата-энебиз "жолубузду жолдогула" деп эч кимибизди мажбурлаган жок. Эжем педагог, башталгыч класстардын мугалими. Атабыз кичинекей кезибизден сынды көтөрө билүүгө, өзүңдү баалоого, намыстуу болууга үйрөттү. Эч качан бизге болушуп мугалимдер менен урушкан жок. Тескерисинче, "окубаса уруш" деп койчу. Советтер Союзунда бир сызыктан чыкпаган, мугалим менен талашып-тартышууну билбеген окуучулардын катарында окудук да. Бир чети оюбузду эркин айта алчу эмеспиз. Кийин Бишкекте №5 компьютердик гимназия ачылып, ал жалгыз кыргыз тилдүү мектеп болду. Ошондо 8-классыбызда айылдан келип өзүм курдуу окуучуларга сабак берип, аныбыз телевидениеге чыгып жүрдү. Кийин университетке тапшырганда да Бектур Исаковдун кызы катары көп сыноолордон өттүм. Ошол себептен намыстанып аябай издендим.
— Ошентсе да атаңыздын жолун улантып жаткандыктан чоң жоопкерчиликти азыр да сезсеңиз керек?
— Студенттерге сабак берип жүргөндө жоопкерчиликти аябай сезчүмүн. Мүмкүн билбей калсамчы, муну атамдан начар билишим мүмкүн деген санааркоо бар эле. Барган сайын изденип, буга чейинки алган тажрыйбалардын бардыгы сага ишеним пайда кылат экен. Бир кезде бийик, чыгууга кыйын көрүнгөн тоо басып өткөн соң бөксө тоо экени көрүнөт эмеспи. Азыр атамдын көзү тирүү кезинде көп нерсени сурап алууга аракет жасайм. Ал киши деле "ордумду баса турган балдарым бар болду бекен" деп түйшөлгөнүн сезчүмүн. Негизи кичинемде жумуш жасагандан аябай каччу элем. Кээде китеп окуп отуруп апамдын берген тапшырмаларын унутуп калып уруш жечүмүн. Ошондо таянарым атам эле, дароо атама корголочумун. Ал киши мага болушуп, арачалап калар эле. Кандай иш жасабайлы атам канатыбызды кайрып кагып же какшыктабай, жазганыбызды кызыгуу менен окучу. Көрсө биздин өзүбүзгө болгон ишенимибизди бекемдечү экен. Бир ирет Айтматовдун "Ак кемесин" окуп алып ыйлап, анан аягында баланы атасына жолуктуруп, аңгемени улап жазып койдум. Атама көрсөтсөм, аябай мактап баалаганы эсимде. Көрсө баланын пайдубалын бекем кылуу керек экен да.
© Фото / предоставлено Каныкей ИсаковойКаныкей Исакова: кандай иш жасабайлы атам канатыбызды кайрып кагып же какшыктабай, жазганыбызды кызыгуу менен окучу. Көрсө биздин өзүбүзгө болгон ишенимибизди бекемдечү экен
Народный учитель КР Бектур Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Каныкей Исакова: кандай иш жасабайлы атам канатыбызды кайрып кагып же какшыктабай, жазганыбызды кызыгуу менен окучу. Көрсө биздин өзүбүзгө болгон ишенимибизди бекемдечү экен
— Сиздердин эң кичүүңөр уул экен. Ага чейин агайдын уулдуу болбой каламбы деп өкүт кылган учуру болдубу же анысын билдирген жокпу?
— Апамдын айтымында, атам да, чоң атамдар да "эркек төрөбөйсүң" деп эч айтпаптыр. Апам төртүнчү кызын төрөгөндөн кийин тартынып, ойлоно баштайт. Бирок атам жооткотуп койчу экен. Кээде гана үйдөгү эркектин жумушун жалгыз жасап жатканын көргөн чоң энем: "Ушулар эркек бала болуп калса жасабайт беле", — деп калчу. Анда атам: "Жок, апа, бир кызымды эки айылдын балдарына да алмашпайм", — дечү. Анан кыздары кепка кийип, шымданып алып талаа иштеринде атама жардам берчүбүз. Кээде бирөөлөрдөн сурансак тил албай койгондо, намыстанып кой кайтарып келген учурларыбыз болгон. Мунун эч кандай уяты жок. Ошентип жардам берчүбүз.
— Агай “Манас” боюнча педагогикалык китебин даярдап, сиздин атыңызды да Каныкей деп атап жатат. Ал киши үчүн “Манас” темасынын мааниси терең болсо керек?
— "Манас" эпосу кыргыздарга мотивация берип, ар бир кыргыздын канында жашайт. Чыңгыз Айтматов да "Кыргыз рухунун туу чокусу — Манас" деген эмеспи. Мурда "Манас таануу" сабагы кадимки кыргыз тили жана адабияты сабагынын тутумуна киргизилчү. "Океандай Манасты баян деп атайбыз. Аны кантип жайылтышыбыз керек, адабияттын тутумуна киргизип коюп эле окутуу жеткиликтүүбү, баланын ичиндеги Манасты кандайча ойготушубуз керек" деген суроолор туулат. Мен да азыр Манас таануу кафедрасында иштейм. Атам адабият сабагында Манас темасын өтүп жатып, кантип балдарга жеткиликтүү окутуу керек деген ой келе берерин айтчу. Анын баатырдыгын, улуулугун айта берүү менен баары бүтүп калбайт. "Мен кыргызмын жана Манастын урпагымын" деп балдарда анын нарктуулугун ойготуу керек.
© Фото / предоставлено Каныкей ИсаковойКаныкей Исакова: Кээде атама "ата, апамдын мыктылыгынан Бектур агай болгонсуз ээ?" деп калсам, атам күлүп мойнуна алат. Апам азыркыга чейин абышкасынын сынчысы
Народный учитель КР Бектур Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Каныкей Исакова: Кээде атама "ата, апамдын мыктылыгынан Бектур агай болгонсуз ээ?" деп калсам, атам күлүп мойнуна алат. Апам азыркыга чейин абышкасынын сынчысы
— Атаңыздын тарбия берүү ыкмасын айтып калдыңыз, ага апаңыздын да таасири болсо керек?
— Кээде атама "ата, апамдын мыктылыгынан Бектур агай болгонсуз ээ?" деп калсам, атам күлүп мойнуна алат. Негизи "атамдын кызымын" деп айтам. Бирок апама болгон сый-урматым атамдыкынан кем эмес. Таазим этем. Апамдын бетке айткан сапаты бар. Азыркыга чейин абышкасынын сынчысы. Атабыз көп жерден макул болбой барып анан ынанат. Ал киши эмне жазса эле "ай, Сабира, ташта ишиңди, муну карачы" деп биринчи апама окуп берчү экен.
Анан атам байбичесинин колунан тамак жемейинче алымсынбайт. Апабыз тамакты укмуш даамдуу жасайт. Мен анын ушул сапатын алууга аракеттендим. Көп үй-бүлөлөрдө жубайлардын ортосундагы барьерди байкайм, бирок ата-энемдин ич ара мамилесин карап сыймыктанам. Апабыз үйдөгү көп түйшүктү мойнуна алып, сегиз баланы өстүрүп, кайната-кайненесин, жолдошун камкордукка алды.
Жолдошунун эркин иштөөсүнө ушуга чейин шарт түзүп берип, неберелерди да "акырын, таятаңар иштеп жатат" деп тыйып турат. Дайыма "атаңар жесин, атаңар келсин" деп келет. Ата-энемдин таттуу жашоосун көрүп өскөнүм үчүн өзүмдү бактылуу сезем. Чынында атамды Бектур Исаков кылган апам болду.
© Фото / предоставлено Каныкей ИсаковойКаныкей Исакова: атам өзү илимге аралашпаса да, андан да керектүү педагогикалык ыкмаларды, эмгектерин элине калтырды. Азыр да иштеп жатат
Народный учитель КР Бектур Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Каныкей Исакова: атам өзү илимге аралашпаса да, андан да керектүү педагогикалык ыкмаларды, эмгектерин элине калтырды. Азыр да иштеп жатат
— Балага ата-энеден ар кандай билим, тарбия берилет. Бирок муну ар бир бала дараметине жараша кабыл алат. Сиз алардын берген тарбиясын канчалык деңгээлде кабыл ала алдыңыз?
— Бул кишилер бизге жакшы тарбия беришти, бирок тарбия берүү ыкмасын эске тутуп албапмын. Убагында Жунай Мавлянов багыт көрсөтүп, атама жакшы кызмат да сунушталган. Студент кезимде "атам эмнеге Бишкекке көчүп келип жашабайт" деп ойлончумун. "Ата, билим берүү министри болуп иштесеңиз бул тармактын көп жерин оңдобойт белеңиз. Биз дагы шаарда окуп, дагы жакшы билим алмакпыз" деген таарынычтарым болчу. Ошондо атам "Кийин түшүнөсүңөр. Кызым, мен силерге шаарда алууга мүмкүн болбогон тарбияны бердим" дечү. Көрсө бизге айылдын касиети менен көсөмдүктү, нарктуулукту, салттуулукту, гумандуулукту берүүгө далалат кылыптыр. Аны шаардан миң билимдүү болсоң да ала албайсың. Бул кан менен деле келбейт экен. Азыр көп эле атактуу адамдардын балдарынын арасында атасынын затына жарашып, элинин нарктуулугун алып кете албагандарды көрүп жатабыз.
— Кандай максаттарыңыз бар?
— Атам өзү илимге аралашпаса да, андан да керектүү педагогикалык ыкмаларды, эмгектерин элине калтырды. Азыр да иштеп жатат. Асыл иштерин жерге калтырбоо максатында келечекте "Бектур агай" деген жеке усулдук мектеп ачууну пландап жатам. Аны академияга чейин жеткирип, атамдын сабак берүү ыкмаларын мугалимдерге, студенттерге жайылтсам деген тилегим бар.
Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Сайра Момунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Азат Дөөткуловдун жубайы: апам жолдошума экинчи аял ал деп айткан
Кыргыз ССРинин эл артисти, белгилүү композитор Жумамүдүн Шералиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Жумамүдүн Шералиевдин кызы: атам 11 жашында буту баспай жатып калыптыр
Жаңылыктар түрмөгү
0