00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
97% школьников с кариесом: как будет работать новая система осмотров
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Давайте" дебей сүйлөңүз! Парламентте Маматалиев менен Айжигитов кайым айтышты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Марлен Маматалиев
Депутат Марлен Маматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Мыйзам долбоору боюнча эки депутаттын пикири карама-каршы келип, талаш жаралды.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Парламенттин жыйынында депутаттар Марлен Маматалиев менен Султанбай Айжигитов кайым айтышты.
Айжигитов алтын казган компаниялардын кирешесинин кеминде 30 пайыздык үлүшүн милдеттүү түрдө мамлекетке алуу мыйзам долбооруна каршы чыкты. Ал мамлекеттин үлүшүн 70 пайыздан кем кылбаш керек деп эсептейт.
Демилгенин автору Маматалиев мында кеминде 30 пайыз деп белгиленгенин, аукционго коюлганда мамлекеттин үлүшү андан да жогору бааланышы мүмкүндүгүн белгиледи.
"Буга чейин лицензияны 300-1000 сомго сатып келишкен. Ошол жерде иштеп жүргөндө сиз эмнеге унчукпай отургансыз?" — деп суроо салды кесиптешине.
Айгижитов ошондой болгон чакта деле мыйзам жең ичинен сүйлөшүү талаасы болуп каларын айтты.
"Жаш саясатчылардын ушундай позициясын укканда Кыргызстандын келечегине күмөн жаралат. Булар келечектеги премьер-министр, президент. Ошондуктан "давайте"...", — деди эле Маматалиев "давайте" дебей сүйлөңүз" деп кайрылды.
Анда Айжигитов улууларды сыйлап, каяша сүйлөбөшүн талап кылды. Маматалиев "ансыз да буга чейин жаш курагыңызды сыйлап келгенбиз, туура сүйлөсөңүз!" деп жооп кайтарды.
Аны менен катар Айжигитов демилгечилерди коррупцияга жол ачып жатат деп айыптады.
Ошол учурда вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев эки депутаттын тең микрофонун өчүрүп, орундарына отурууга чакырды.
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Атазов Ташиев паракорлорду кармап жетишпей жатканына тынчсызданды
Жаңылыктар түрмөгү
0