Жапаров Ширшовду кабыл алганы, Бакиевдин мүлкүн талагандар боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
Президент "Максим Бакиевди башыңан ылдый алтын куябыз деп чакырсаңар да келбейт, ал анчалык акылсыз эмес" деген пикири менен постун жыйынтыктаган.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Алексей Ширшовду кантип кабыл алгандыгын, УКМК жакында Бакиевдердин коттедждерин талап-тоноп алган чоңдор менен Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнүн ысымдарын жарыялаарын жана ишти сотко жиберерин билдирди.
Садыр Жапаров социалдык тармакка жазган постунда Ширшов боюнча элге жана ызы-чуу салып жаткандарга толук маалымат берип коеюн деп түшүндүрмөсүн жазган.
Андан сырткары, Бакиевдин таланган мүлктөрүн, наркы 300 миң долларлык коттеждерди, 100 миң долларлык батирлерди Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү да менчиктеп алган деген маалыматтарды билдирди.
Ал эми Максим Бакиев боюнча жазып, Кыргызстанга келгидей ал акылсыз эмес деген баасын берген.
Президенттин посту толук берилет.
"Ширшов боюнча элге жана ызы-чуу салып жаткандарга толук маалымат берип коеюн. Биздин бардык иштерибизде жашыра турган эч нерсе жок. Баары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат. Мындан 6-7 ай мурда мага жардамчыларым аркылуу Ширшов кайрылды. "Мен Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот, ушул боюнча мени кабыл алабы?" деп суранып жатат дешти. "Ал издөөдө да, кантип кабыл алам" дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Мен дароо баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине "2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле!" деп тапшырма бердим. Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жок экени боюнча жооп беришти. "Анда келе берсин, кабыл алам" деп кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды. Кудай буюрган күнү кайтарабыз.
Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдын 20-мартында Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллары ушундай жол менен кайтарылып, республикалык бюджетке келип түшкөн.
Андан сырткары, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте олтурган чоңдордун аты-жөнүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде "Аврора плюс" пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн талап-тоноп алгандарын, кайсы туугандарына каттатып алгандарына чейин айтып берди. Мен ошол күнү эле УКМКга "баарын дыкат териштирип, пансионаттагы коттедждерди, батирлердин баарын мамлекеттин эсебине алгыла" деп тапшырма бердим. Бүгүнкү күнгө чейин Камчыбек Кыдыршаевичтин көзөмөлүндө кылмыш иши тергелүүдө. Ошол кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат.
2009-2010-жылдарда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2020
Бакиевдердин VIP-шаарчасы кантип сатылган? 2,5 жыл иликтенген иштин чоо-жайы
Албетте, коттедждер менен батирлер жөнөкөй же арзан коттедждерден эмес. 27 коттедж, 69 батир бар экен. Бир коттедждин баасы 300 миң доллардын тегерегинде болсо, батирлердин ар бири 100 миң доллардын тегерегинде экен. Бул жалаң чоңдор талап-тоноп алган коттедждер, арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар. Мен эмне үчүн элге бул маалыматты берип жатам? Себеби ошол эле адамдар эч нерсе болбогондой "Ширшовду чет өлкөдө кармаш керек болчу же камактан чыгарбаш керек!" деп ач айкырык салып, бийликти сындап жатышат. Эми түшүнүктүү эле да. Чет өлкөдө кармасак, булар боюнча көрсөтмө бермек эмес. Иш жылбай, бүгүнкү күнгө чейин бир орунда тура бермек. Жакын арада УКМК коттедждердин ээлерин аты-жөнү менен жарыялап, сотко жиберет. Чоңдор талап алган Максимдин мүлкү мамлекетке өтүш керек!
Ширшовдун өзүнө тиешелүү "Дастан" корпорациясын мамлекетке 100 пайыз өткөрүп алганбыз. Бүгүнкү күндө "Дастан" корпорациясы мамлекеттин карамагында ийгиликтүү иштеп, киреше берип жатат.
Максим чыгарып кеткен акчалар кайда экенин дагы кимдер билсе, келгиле, мамлекетке жардам берсеңер камабайбыз. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланабыз жана кызматташабыз. Эң негизгиси, мамлекеттик иштерге аралаштырбайбыз. Элдин мүлкүн уурдатпайбыз. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштейсиңби, жооп бересиң. Ушундай принцип.
Мага биринчи кезекте мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы жогору турат, башкасы кызыктырбайт!
"Оппозиция эмне дейт, НПОчулар эмне дейт?" деп кылчактап олтурбайбыз, алдыга жыла беребиз. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албаган анча-мынча акылдуулар акыл үйрөтпөй эле койсо.
Ал эми "кийинчерээк Максим Бакиев да келет" деп ач айкырык салып жаткандарга көңүл бурбагыла. Максим Бакиевди "башыңан ылдый алтын куябыз" деп чакырсаңар да келбейт, ал анчалык акылсыз эмес.
Эске салсак, Кыргызстандын энергетика тармагында "серый кардинал" атыккан, "Дастан" трансулуттук корпорациясынын жетекчиси Алексей Ширшов кечээ, 10-майда, кармалып, ал эми кечкурун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.
УКМКнын билдирүүсүндө ал коррупцияга шектелип "Аврора плюс" эс алуу жайынын аймагындагы мамлекетке таандык кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө чыгарып кеткен деп айыпталган. Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес-өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары аныкталган.

"Ысык-Көл райондук жана облустук сотторунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Жогорку соттун судьяларын, ошондой эле президенттик аппараттын, Мамлекеттик мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарын тартуу менен татаал коррупциялык схема түзүшкөн. Натыйжада 56 кымбат баалуу батир жана 27 коттедж жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен. Тергөө учурунда буга чейин кармалган адамдардан тышкары негизги уюштуруучулардын бири белгилүү Алексей Ширшов экени айкын болду", — деп билдирген коопсуздук комитети.

УКМК кылмыш аракеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын кызматкерлерине акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде "Аврора плюс" эс алуу борборунан мүлк берилгени далилденген деп билдирген. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени да айтылган.
Большой Чуйский канал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2019
Бишкектин айланасындагы жүздөгөн гектар жер кантип сатылган. Соттук өкүм
Жаңылыктар түрмөгү
0