Ширшов 26-майга чейин үй камагына чыгарылды

© AFP / GEOFFROY VAN DER HASSELTАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
Ата мекендик энергетикада "серый кардинал" атыккан Алексей Ширшов бүгүн коррупцияга шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген эле.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. "Дастан" ишканасынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Бүгүн, 10-майда, анын баш коргоо чарасы каралган. Ширшов бүгүн коррупцияга шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген эле.

"Биринчи май райондук сотунун токтому менен УКМКнын Тергөө боюнча башкы башкармалыгынын 10-майдагы сунуштамасы канааттандырылды. Ш.А.Ю. аттуу жарандын баш коргоо чарасы 2022-жылдын 26-майына чейин үй камагына чыгарылсын деп өзгөртүлдү", — деп айтылган маалыматта.

Курманбек Бакиевдин президенттик жылдарында Ширшов анын уулу Максимдин жакын чөйрөсүндө болгон. Ширшовду Кыргызстандын энергетикадагы "серый кардинал" деп аташкан. Ал тургай коррупциялык иштерди жасаган "ширшов схемасы" болгону айтылат.
УКМК ал коррупцияга шектелип "Аврора плюс" эс алуу жайынын аймагындагы мамлекетке таандык кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө чыгарып кеткен деп айыпталып жатканын айткан. Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес-өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары аныкталган.
"Ысык-Көл райондук жана облустук сотторунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Жогорку соттун судьяларын, ошондой эле президенттик аппараттын, Мамлекеттик мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарын тартуу менен татаал коррупциялык схема түзүшкөн. Натыйжада 56 кымбат баалуу батир жана 27 коттедж жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен. Тергөө учурунда буга чейин кармалган адамдардан тышкары негизги уюштуруучулардын бири белгилүү Алексей Ширшов экени айкын болду", — деп айтылган мурдагы маалыматта.
УКМКнын версиясы боюнча, кылмыш аракеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын кызматкерлерине акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде "Аврора плюс" эс алуу борборунан мүлк берилгени далилденген. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0