Ташы тийген адамды кечирдим. Самат Курманкуловдун 7-августтан кийинки алгачкы маеги

© Фото / пресс-служба ГУВДЧүй милициясынын мурдагы башчысы Самат Курманкулов
Чүй милициясынын мурдагы башчысы Самат Курманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
Чүй милициясынын мурдагы башчысы Самат Курманкуловдун ысымы Кой-Таш окуясы менен тыгыз байланыштуу. 2019-жылы 7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын жүрүшүндө башына таш тийип, оор жаракат алган.
Операцияны УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы кызматы жүргүзгөн. Курманкулов окуя ал күнү кандай болгонун, башына кантип таш тийгенин, азыркы абалы тууралуу алгачкы жолу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.
— Самат Ажыгулович, ден соолугуңуз жакшыбы? Азыр өзүңүздү кандай сезип жатасыз?
— Кудайга шүгүр, жакшы элемин. Үй-бүлөм менен убакыт өткөрүп жатам. Азыркыга чейин дарыланууну улантып келем, спорт менен машыгып жатам. Бир бөлмөмдү спорт зал кылып алгам. Эшикке тынбай басам. Күнүгө үйдүн 10-кабатына чейин чыгып, кайра түшөм.
© Фото / предоставлено Саматом КурманкуловымСамат Курманкулов ден соолугун калыбына келтирүүнү улантууда. Учурда Алматыда дарыланып жатат.
Бывший начальник Чуйской милиции Самат Курманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Самат Курманкулов ден соолугун калыбына келтирүүнү улантууда. Учурда Алматыда дарыланып жатат.
— 2019-жылдын 7-августу коомчулук үчүн, анын ичинде сиз үчүн унутулгус дата болуп калды... Ошол күнкү окуя эсиңиздеби?
— 7-август мен үчүн экинчи туулган күнүм деп айтам. Бир ажалдан калдым, эстен чыгарып койчу күн эмес.
Тургундар "Альфанын" кызматкерлерин барымтага алганда УКМКнын жетекчилиги бизден ыйламсырап жардам сурады. "Милиция, силер көпсүңөр, биздин балдарга жардам бергилечи, азыр өзүбүздүн курал менен ата баштайт" дешкени эсимде.
Ошондо ИИМ башчысынын орун басары Алмаз Орозалиев мага буйрук берди. "Самат Ажыгулович, "Альфанын" балдарын алып чыгыш керек, үйдүн ичине кызматкерлер менен кирип коридор кылып бериңиз" деди.
Макул болуп милиционерлер кирмей болдук. Эшиктин алдында жүздөй киши туруптур. Биз үйдүн ичине бет алганда таш жаай баштады. Мага таш учуп келе жатканда буйтайын деп сол жакка ыктай бердим, бирок башымдын оң жагына тийди. Эки көзүмөн от чыгып кетти. Башым менен тең болгон чоң таш экен. Азыркыга чейин денем дүркүрөйт. Башыман кан тим эле атып ага баштады, ич кийимиме чейин кан болдум.
Октябрь райондук милициясында иштеген окуучум чуркап келип, мени көтөрүп унаага салды. Ооруканага барганда жандандыруу бөлүмүнө өзүм басып барып, операция столуна жаттым. Кан күчөп агып, дарыгерлер аны токтото албай убара болуп жатышты. Врачтардын колдору титирейт тим эле.
 
Мени алып келген милиционер "байке, баш сөөк сынып кетиптир, кармасам кычырап жатат" деди. Ошондо жаракат оор экенин билдим. Себеби ал бала далай оор кылмыштардын бетин ачканга катышкан эле. Ошол учурду эстегенде азыркыга чейин көзүмөн жаш куюлат...
Бир аз убакыттан кийин наркоз беришти. Андан кийин комага түшүптүрмүн. Кийин канга чакап, анан комага түшкөнүмдү айтышты. Ошол бойдон 40 күн дегенде Москвадагы ооруканада көзүмдү ачтым. Өлүп эле кайра тирилдим да. Түшүмдө аппак жайнамазга намаз окуп жатыптырмын. Ойгонсом келинчегим, балдарым бутумду кучактап ыйлап отурушуптур.
Баса албай кыйналып, жыгылып жүргөнүмдү көрүп балдарым ыйлашат. Оор эле күндөр өтүп жатат. Мен жаракат алгандан кийин үй-бүлөмдүн баары ооруп калды. Келинчегимдин жүрөгү ооруйт.
Бир учурду айтып берейин. Москвадагы ооруканада болчубуз. Мени үчүнчү операцияга алып кетип баратышкан. Хирург келинчегиме барак, ручка берип "доом жок" деп жаз деди. Операцияда ар кандай болот, тирүү чыкпай калышың мүмкүн деди. Биз бири-бирибизди тиктеп эле калыптырбыз.
— Сизге таш ыргыткан адамды байкай алдыңыз беле?
— Көргөн жокмун, билбейм. Намаз окуп жатып "таш менен урган адамды кечирдим" деп айттым. Кудайга тапшырдым, Кудай өзү жазасын берсин.
© Фото / предоставлено Саматом КурманкуловымКурманкулов: 7-август мен үчүн экинчи туулган күнүм. Бир ажалдан калдым, эстен чыгарып койчу күн эмес
Бывший начальник Чуйской милиции Самат Курманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Курманкулов: 7-август мен үчүн экинчи туулган күнүм. Бир ажалдан калдым, эстен чыгарып койчу күн эмес
— Кандай диагноз коюлган? Азыркы абалыңыз кандай?
— Мээнин оор жаракаты, мээнин чайкалышы, контузия диагноздору коюлган. Алгач Бишкектен эки операция жасалды. Ошол экинчиси ийгиликтүү өтүп, жашап кеткенге мүмкүнчүлүк берди. Россиядан баш сөөккө пластик бекитилди, кошумча дарыландым. Ак халатчандардын бардыгына ыраазымын!
— Дарылануу, ден соолукту калыбына келтирүү уланып жаткан экен...
— Ооба. Алматыга үч айга ден соолугумду калыбына келтирүүгө келдим. Ага беш миң доллар керек экен. Досторум, жакындарым менен чогулттук.
© Фото / предоставлено Саматом КурманкуловымКурманкулов: үйдө жатып генералдык формамды көргөндө көңүлүм көтөрүлөт, кадимкидей дем берип турат
Бывший начальник Чуйской милиции Самат Курманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Курманкулов: үйдө жатып генералдык формамды көргөндө көңүлүм көтөрүлөт, кадимкидей дем берип турат
— Бийлик, анын ичинде ИИМ убагында материалдык жардам көрсөттү. Майрам учурунда сизден кабар алып турушат экен. Бирок ден соолук бардыгынан кымбат эмеспи. Өткөн күн жана андагы бийликтин аракети өкүндүрбөй койбосо керек.
— Эн негизгиси мен "Альфа" кызматкерлерин барымтадан аман-эсен куткарып чыкканыма сыймыктанам. Эч кимиси олуттуу жаракат алган жок. Бирок өзүм мына, майып болуп отурам. Өзүмдүн жаракатым менен өзүм жалгыз калдым. Үйгө катардагы кызматкерлер келип ден соолугуман кабар алып, колдон келишинче жардамын берип кетишет. Таш жааганда кимдин ким экенин билдик.
— 2019-жылы ноябрда "Эрдик" медалы тапшырылды, 2021-жылы Милициянын генерал-майору наамы берилди. Азыр бул сыйлык, наамдар сизге канчалык маанилүү?
— Сооронбай Жээнбеков президент кезинде "Эрдик" медалын берип кетти. Азыркы президентибиз Садыр Жапаровго өтө ыраазымын. Чала жан кылып таштап кетишкен мени дарылап, барктап, генерал наамын берди. Үйдө жатып генералдык формамды көргөндө көңүлүм көтөрүлөт. Дем берип турат кадимкидей.
— Кайрадан ишиңизге кайтып келүүнү каалайт белеңиз?
— Буюрса айыксам мен үчүн кеткен чыгымды актап, чын дилим менен, ак ниетим менен Ата Мекенге иштеп бергенге даярмын. Болгон тажрыйбамды, акылымды колдонуп иштеп берем.
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жасалган чабуул - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2020
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жасалган чабуул. Ойлонткон 25 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0