Япония Россиянын көмүрүнөн баш тартса экономикасына катуу сокку урулары айтылды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКөмүр кампасы. Архив
Көмүр кампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Жазылуу
Кечээ күнү Япониянын премьер-министри Фумио Кисида өкмөт Россиядан келген көмүрдүн импортун азайтып, акырындап толугу менен баш тартууну пландап жатканын билдирген.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Токионун Россия көмүрүн ташууга салган тыюусу Япониянын өзүнө эле залакасын тийгизет. Бул тууралуу жергиликтүү Asahi басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, өткөн жылы Россия Японияга дээрлик 280 миллиард йенага көмүр саткан. Токио бул ресурстун 13 пайызын РФтен алат. Аны ташууга чектөө киргизүү менен Япония коңшу өлкөгө чет элдик валютанын кириши азаят деп үмүт артууда. Бирок басылма мындай чара Япониянын экономикасына катуу сокку урарын жазды.
"Көмүр энергетика тармагында гана эмес, темир өндүрүшүндө дагы колдонулат. Дүйнөлүк баа азыр эле асман чапчып кетти. Жеткирүүчү алмашса электр энергиясы кымбаттап, ишканалардын чыгымы артышы ыктымал. Өкмөт бул нерсе экономикага кандай таасир берерин аныктап, эффективдүү чараларды карап чыгышы керек", — деп айтылат макалада.
Кечээ күнү Япониянын премьер-министри Фумио Кисида өкмөт Россиядан келген көмүрдүн импортун азайтып, акырындап толугу менен баш тартууну пландап жатканын билдирген. Мындан тышкары, расмий Токио эл аралык коомчулук менен кызматташуу аркылуу россиялык энергетикалык ресурстарга болгон көз карандылыкты кыскартуу ниетинде.
Россия 24- февралда Украинада атайын операциясын баштаган соң Батыш мамлекеттери бир катар санкцияларды киргизген. Чектөө киргизген өлкөлөрдүн катарында Япония да бар.
Буудайдын түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Эксперт Россиянын уну болбосо ачарчылыкка тушукчу өлкөлөрдү атады
Жаңылыктар түрмөгү
0