1-апрелден тарта жүгүртүүсү 8 млн. сомдон ашкан ишкерлер эсеп-фактураны колдонот

© Фото / Pexels / Andrea PiacquadioНоутбук менен костюмчан адам. Иллюстративдик сүрөт
Ноутбук менен костюмчан адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Жазылуу
Буга чейин кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр менен импорттоочулар жана/же экспорттоочулар гана электрондук эсеп-фактураны колдонуп келишкен.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жылдык соода жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү. Бул туурасында Салык кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин 18-марттагы токтому менен эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби бекитилген.
Анда бир нече эрежелер белгиленди.
Кошумча нарк салыгын төлөөчү жана товарларды импорттоо жана/же экспорттоо менен алектенген салык төлөөчү, ошондой эле 12 айда түшкөн акчанын суммасы 8 миллион сомдон ашкан салык төлөөчү:
белгиленген тартипте электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталат;
ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча эсеп-фактураларды тариздейт.
Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү экендигин маалымдады.
Товарларды экспорттоодо эсеп-фактура Кыргызстандын аймагынан товарлар ташып чыгарылганга чейин таризделет.
Эскерте кетсек, буга чейин КНС төлөөчүлөр менен импорттоочулар жана/же экспорттоочулар гана электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө колдонуп келишкен.
Толук маалыматты Салык кызматынын сайтынын "Электрондук эсеп-фактура" бөлүгүнөн алууга болот.
Документ толтуруп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Бейөкмөт уюмдар 1-апрелге чейин киреше булагы тууралуу маалымат бериши керек
Жаңылыктар түрмөгү
0