00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
10 апреля - День Сопротивления: как кыргызстанцы воевали в лесах Европы
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Колу-буту көгөргөн. Кыйноолорду алдын алуу борбору Атамбаевден кабар алды

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жазылуу
Шаршемби күнү адвокат Атамбаевди абактан күч колдонуу менен Биринчи май райондук сотуна алып келгенин айткан.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыйноолорду алдын алуу борбору мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу соңку окуялардын чоо-жайы тууралуу маалымат берди.
23-март күнү жактоочу Замир Жоошев Атамбаевди абактан күч колдонуу менен Биринчи май райондук сотуна алып келгенин билдирген. Анын айтымында, № 47 колониянын кызматкерлери аны абактан футболка, ич кийимчен мажбурлап алып чыгып конвоирлерге өткөрүп берген. Эртеси Атамбаевдин тарапташтары ага жасалган мамилеге нааразы болуп түрмөнүн алдында митинг уюштурган.
Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери акыйкатчынын орун басары менен биргеликте 24-март күнү №47 абакка барып, мурдагы президенттен кабар алган. Анда Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сот отурумуна катышуудан баш тартуу арызын абак начальнигинин нөөмөттөгү жардамчысына бергенин айткан.
"Бирок жазган арызына карабай мекеменин кызматкерлери (10 кызматкер) аны күч колдонуу менен мажбурлап, үстүнкү кийимин кийгизбей, жылаңайлак алып чыгышкан. Андан соң конвоирлерге өткөрүп берип, алар да күчтөп атайын автоунаага отургузуп сотко алып келген. Маектешүү учурунда Атамбаевдин буту-колу көгөргөнү аныкталды. Бул боюнча медициналык фиксациядан (Стамбул протоколун толтуруу) өткөрүүнү сунуштаганда ал баш тартты", — деп айтылат маалыматта.
Колония начальнигинин нөөмөттөгү жардамчысынын кызматкери М.Э. Атамбаевдин сот процессине катышуудан баш тартуу жөнүндө жазган арызы жана №47 мекеменин кызматкерлерине түзүлгөн акт караулдун жетекчисине өткөрүп берилгенин маалымдады.
"Материалдарды изилдөө учурунда Атамбаевдин өздүк ишинде анын жазган арызы жана абактын кызматкерлерине түзүлгөн акт табылган жок. Мунун жыйынтыгында Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан жогоруда аталган документтер материалдык делодо жок болгону жөнүндө акт түзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Андан соң Улуттук борбордун кызматкерлери камеранын кире беришине коюлган видео байкоого Атамбаевди алып чыгуу учуру тартылган кадрларды көрүүнү сунуштаган. Бирок №47 мекеменин кызматкерлери өздөрү да серверге кире албай турганын айтып, көрсөтпөй койгон. Бул боюнча дагы тиешелүү акт түзүлдү.
Жогоруда белгиленген фактылар боюнча Кыйноолорду алдын алуу борбору тиешелүү органдарга кайрылуу жибере турганы айтылды.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Жактоочу: Атамбаевди сотко ич кийимчен, футболкачан күчтөп алып келишти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0