Көчкү түшкөн Долондун жолу бир тараптуу ачылды, унаалар азырынча өтпөйт

© Фото / пресс-служба МЧС КРНарындагы кар көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери
Нарындагы кар көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Жазылуу
ӨКМ элди өтө зарылчылыгы жок болсо алыскы жолго чыкпай коё турууга чакырып, кырсык катталса 112 номерине чалууну өтүндү.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кар көчкү түшкөн Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун бир тарабы ачылды, бирок азырынча унаалар өтпөйт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 17-мартта болжол менен саат 10:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 296-297-чакырымында (Долон ашуусу) кар көчкү түшүп, жол жабылган.
Билдирмеге караганда, жолду тынымсыз тазалоо иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында Кочкор тарапка түшкөн кар көчкүнүн 48 000 метр кубу тазаланып, жолдун бир тарабы ачылган.
"Азырынча унаанын бардык түрү өтпөйт. Учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Жалпысынан болжол менен 80 300 метр куб кар тазаланды. Жеринде 12 жүктөгүч, бир кар түртүүчү унаа, үч эксковатор иштеп, облустук суу чарба башкармалыгынан бир бульдозер жеткирилди. Ошондой эле ӨКМ башкармалыктарынын башчылары жетектеген 25 куткаруучудан турган ыкчам топ Жарандык коргонуу кызматтары менен бирге иштөөдө", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик Кочкор районунун Сары-булак айылы менен Нарын районунун Оттук айылында жылытуу пунктулары уюштурулганын маалымдап, жергиликтүү администрация менен Кызыл жарым ай коому жолдо калгандарга ысык тамак берип жатканын кошумчалады.
ӨКМ элди өтө зарылчылыгы жок болсо алыскы жолго чыкпай коё турууга чакырып, кырсык катталса 112 номерине кайрылууну өтүндү.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Кар баскан тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Долонго көчкү түшүп жаткан учурдун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0