00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
16:31
20 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
“Менин алтын микрафонум” алтын үндүү диктор Тамара Алсеитованы эскерүү
19:07
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Выгоды ЕАЭС и влияние объединения на страны региона
20:06
41 мин
Ачык кеп
Өлкөдө өспүрүмдөр арасында ашыкча салмактуулар көбөйүүдө — 80 пайызы туура эмес тамактангандар
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Азык-түлүктөн кооптонбоңуздар! Айыл чарба министри пландары менен бөлүштү

© Sputnik / Мария ДевахинаДүкөндөгү сатып алуучу
Дүкөндөгү сатып алуучу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Жазылуу
Министр тамак-аштын негизги түрлөрүнө болгон запас үч айга жетерин белгиледи.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков азык-түлүк боюнча Кыргызстандагы кырдаал тууралуу маалымат берип, жакынкы жылдарга карата оптимисттик божомолдору менен бөлүштү.
Министр элди көп азык-түлүк сатып алам деп ажиотаж жаратпоого чакырып, муну менен алып сатарлардын бааны көтөрүп жиберишине шарт түзүп жатканын эскертти.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 31 компания өлкөнү ун менен камсыздайт, ар биринин кампасында 2000 тоннадан бар. Ал эми Мамлекеттик резервдер фондунда үч айлык запас сакталуу. Министр кумшекер боюнча да кам санабоого чакырды. "Кайыңды-Кант" ишканасынын кампасында 11 миң тонна кумшекер, фермерлерде 8,5 миң тонна бар. Мындан сырткары, импортчулар 1,5 миң тонна алып келген.
"Урматтуу мекендештер, Кыргызстанда азык-түлүктүн бардык түрү боюнча кооптонууга негиз жок. Ошондуктан баасы кескин өсүп кетпеши үчүн жакынкы убакытка керек боло тургандай эле сатып алыңыздар. Себеби ашыкча көлөмдө алуу ошол азык-түлүктүн баасынын кескин көтөрүлүшүнө алып келет", — деди Жаныбеков.
Ошондой эле ал Россиядан 16 миң тонна жогорку түшүмдүү үрөн сатып алынып, фермерлерге 4,5 пайыз менен эки жылга кредитке берилип жатканын белгиледи.
"Келечекте тамак-аштын негизги түрлөрү боюнча өзүбүздү-өзүбүз камсыздап калабыз. Министрлик программа иштеп чыкты. 2023-2024-жылдары буудай, кумшекер, эт, сүт, жер-жемиш, картошка жана жумуртка менен өзүбүздү камсыздайбыз. Бир эле чабал позициябыз — өсүмдүк майы, бирок бул багытта да активдүү иш алып барып жатабыз. Мен сиздерди жакынкы жылдары өлкөдө тамак-аш коопсуздугуна тынчсызданбай каларыбызга ишендирип кетем", — деди Жаныбеков.
Министр өлкө баарын өзүндө өстүрүп, импортко көз карандуулуктан акырындык менен арыла турганын кошумчалады.
Ун сатуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Кыргызстандан кайсы азык-түлүктөрдү ташууга тыюу салынган
Жаңылыктар түрмөгү
0