Улуттук банк Кыргызстандан доллар алып чыгууга убактылуу тыюу салды

© AFP / ADEK BERRYДоллар акчасы. Архивдик сүрөт
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Жазылуу
Долларды тышка алып чыгууга чектөө кечээ, 11-март күнү, саат 17:30дан тарта башталган.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Улуттук банк долларды чет мамлекетке алып чыгууга убактылуу тыюу салганын билдирди.
Бул коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга тиешелүү. Чектөө кечээ, 11-март, саат 17:30дан тарта башталган.
Мындай чара өлкөдө экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында көрүлүп жатат.
Доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Кыргызстандын ЕАЭБдеги соода жүгүртүүсү январда 265 млн. долларга жетти
Жаңылыктар түрмөгү
0