Сыймык, сыйлык, жеңиш! Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынан 14 сүрөт

Жазылуу
IV дивизиондогу хоккей боюнча 2022-жылдагы дүйнө чемпионатында Кыргызстан чемпион болду. Жыйынтыктоочу беттеш кандай болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрө аласыздар.
Улуттук команда 3-мартта Ирандын тайпасын 13:1 упай менен, 5-мартта Малайзиянын тайпасын 22:1 упай эсеби менен жеңген. 7-мартта Сингапурдун хоккейчилерин ири эсеп менен утуп, кийин жыйынтыктоочу оюнда Кувейттен келген команданы 14:0 менен жеңип, үчүнчү дивизионго көтөрүлдү.
Жыйынтыктоочу оюнду мамлекет башчы Садыр Жапаров да көргөн. Оюн бүткөндө президент өзүнүн атынан бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлык тапшырган. Андан соң Жапаров улуттук команданын кийим алмаштыруучу жайына кирип, хоккейчилерди чемпионаттагы ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, Кыргызстан командасы III дивизиондо жеңсе, сыйлык үч эсе көп болорун убадалаган.
Белгилей кетсек, төртүнчү дивизиондун командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 2022-жылдын 3-8-март күндөрү Бишкек шаарында өттү. Бул республиканын аймагында болгон спорттун олимпиадалык түрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат. Турнирге Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Ирандан беш курама команда катышты.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

IV дивизиондогу хоккей боюнча 2022-жылдагы Дүйнө чемпионаты бул ирет Бишкекте өттү

IV дивизиондогу хоккей боюнча 2022-жылдагы Дүйнө чемпионаты бул ирет Бишкекте өттү - Sputnik Кыргызстан
1/14

IV дивизиондогу хоккей боюнча 2022-жылдагы Дүйнө чемпионаты бул ирет Бишкекте өттү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Жыйынтыктоочу оюнда Кыргызстан менен Кувейт командалары беттешти

Жыйынтыктоочу оюнда Кыргызстан менен Кувейт командалары беттешти - Sputnik Кыргызстан
2/14

Жыйынтыктоочу оюнда Кыргызстан менен Кувейт командалары беттешти

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мелдешке мамлекет башчы Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова келди

Мелдешке мамлекет башчы Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова келди - Sputnik Кыргызстан
3/14

Мелдешке мамлекет башчы Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова келди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Жыйынтыктоочу оюнга чейин Кыргызстан командасы Ирандын тайпасын 13:1 упай менен, Малайзиянын тайпасын 22:1 упай эсеби жана Сингапурдун хоккейчилерин ири эсеп менен уткан

Жыйынтыктоочу оюнга чейин Кыргызстан командасы Ирандын тайпасын 13:1 упай менен, Малайзиянын тайпасын 22:1 упай эсеби жана Сингапурдун хоккейчилерин ири эсеп менен уткан - Sputnik Кыргызстан
4/14

Жыйынтыктоочу оюнга чейин Кыргызстан командасы Ирандын тайпасын 13:1 упай менен, Малайзиянын тайпасын 22:1 упай эсеби жана Сингапурдун хоккейчилерин ири эсеп менен уткан

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Кыргызстан биринчи жолу өз мекенинде болгон дүйнө чемпионатына катышты

Кыргызстан биринчи жолу өз мекенинде болгон дүйнө чемпионатына катышты - Sputnik Кыргызстан
5/14

Кыргызстан биринчи жолу өз мекенинде болгон дүйнө чемпионатына катышты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Ата мекендик команданы сүрөгөн күйөрмандар

Ата мекендик команданы сүрөгөн күйөрмандар - Sputnik Кыргызстан
6/14

Ата мекендик команданы сүрөгөн күйөрмандар

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Оюн Бишкекте 3-марттан 8-мартка чейин болуп, ага Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Иран катышты

Оюн Бишкекте 3-марттан 8-мартка чейин болуп, ага Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Иран катышты - Sputnik Кыргызстан
7/14

Оюн Бишкекте 3-марттан 8-мартка чейин болуп, ага Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Иран катышты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Алгач чемпионат 2020-жылга пландалып жаткан, бирок пандемиядан улам ал эки жылга жылган

Алгач чемпионат 2020-жылга пландалып жаткан, бирок пандемиядан улам ал эки жылга жылган - Sputnik Кыргызстан
8/14

Алгач чемпионат 2020-жылга пландалып жаткан, бирок пандемиядан улам ал эки жылга жылган

9/14

Кичинекей хоккей күйөрманы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Кыргызстандыктар Кувейтти 14:0 эсеби менен утту

Кыргызстандыктар Кувейтти 14:0 эсеби менен утту - Sputnik Кыргызстан
10/14

Кыргызстандыктар Кувейтти 14:0 эсеби менен утту

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Садыр Жапаров ата мекендик хоккейчилерди куттуктап, бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырган

Садыр Жапаров ата мекендик хоккейчилерди куттуктап, бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырган - Sputnik Кыргызстан
11/14

Садыр Жапаров ата мекендик хоккейчилерди куттуктап, бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырган

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ошентип Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы кийинки үчүнчү дивизионго өттү

Ошентип Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы кийинки үчүнчү дивизионго өттү - Sputnik Кыргызстан
12/14

Ошентип Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы кийинки үчүнчү дивизионго өттү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Колун жүрөгүнө коюп, гимн ырдаган хоккейчилер

Колун жүрөгүнө коюп, гимн ырдаган хоккейчилер - Sputnik Кыргызстан
13/14

Колун жүрөгүнө коюп, гимн ырдаган хоккейчилер

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жапаров оюн бүткөн соң улуттук команданын кийим алмаштыруучу жайына кирип, Кыргызстан командасы III дивизиондо жеңсе, сыйлык үч эсе көп болорун убадалаган

Жапаров оюн бүткөн соң улуттук команданын кийим алмаштыруучу жайына кирип, Кыргызстан командасы III дивизиондо жеңсе, сыйлык үч эсе көп болорун убадалаган - Sputnik Кыргызстан
14/14

Жапаров оюн бүткөн соң улуттук команданын кийим алмаштыруучу жайына кирип, Кыргызстан командасы III дивизиондо жеңсе, сыйлык үч эсе көп болорун убадалаган

Тема боюнча:
Кийинкиде үч эсе көп болот. Жапаров хоккейчилерге сыйлык тапшырган видео
Конькичен Жапаровдон Украинада эвакуациялангандарга чейин. Таасирдүү 15 ирмем
Пекин XXIV Кышкы Олимпиаданы жапты. Кызыктуу сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0