Конькичен Жапаровдон Украинада эвакуациялангандарга чейин. Таасирдүү 15 ирмем
Конькичен Жапаровдон Украинада эвакуациялангандарга чейин. Таасирдүү 15 ирмем
Sputnik Кыргызстан
Арзандаган сом, кымбаттаган мунай заттары, Россия менен Украинадагы сүйлөшүүлөр, хоккей боюнча Кыргызстанда өткөн чемпионат. Sputnik Кыргызстан өткөн аптада... 07.03.2022, Sputnik Кыргызстан
Арзандаган сом, кымбаттаган мунай заттары, Россия менен Украинадагы сүйлөшүүлөр, хоккей боюнча Кыргызстанда өткөн чемпионат. Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон кызыктуу окуялардын сүрөттөрүн сунуштайт.
"Кальмар оюндарынын" жылдыздары Ли Жон-Жэ менен Чон Хо-Ен АКШнын киноактёрлор гильдиясынын сыйлыгын тапшыруу боюнча салтанатында аталган драмалык сериалдагы аялдын жана эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн сыйланышты. Түштүк кореялыктардын "Кальмар оюндары" 2021-жылдын 17-сентябрында экранга чыгып, Netflix боюнча 90 өлкөдө көрсөтүлгөн картиналардын сап башында турган
Украинанын жанында турган россиялык аскердик техника. Россия аталган өлкөдө атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин: "Максат — сегиз жылдан бери Киевдин басмырлоосу менен геноцидге кабылып келген адамдарды коргоо" деп атаган
Бишкектеги доллардын курсунун таблосу. Акыркы 10 күн ичинде сомдун курсу евро менен долларга карата кескин түшүп кетти. 25-февралда доллар 84,75 сом болсо, 6-мартта 98,5ти чапчыды
Бишкекте мамлекеттик туунун кабыл алынышынын 30 жылдык урматына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Мамлекеттин башкы символдорунун бири КРдин Жогорку Совети тарабынан 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган
Россия-Украина делегацияларынын Беларустагы сүйлөшүүсүнүн экинчи раунду. Тараптар жарандарды эвакуациялоо, элге азык-түлүк, дары-дармек жеткирүү үчүн гуманитардык коридорду биргелешип ачууну сүйлөштү
Гонконгдогу оорукананын жанындагы COVID-19ду дарылоо боюнча ачылган жай. Мындан мурдараак берилген маалыматтарда бир суткада 10 миңден ашык кишинин дартты жуктуруп алганы кабарланган
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкекте өткөн IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатында муз үстүнө коньки тээп чыкты. Ага Кыргызстандын, Кувейттин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Ирандын командалары катышууда
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун чакыруусу менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий сапар менен Москвага барган. Быйыл эки тараптын, Кыргызстан менен Россиянын дипломатиялык мамилесине 30 жыл болду