Лавров Россия менен Кыргызстандын алакасындагы маанилүү учурларды атады

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Жазылуу
Лавровдун чакыруусу менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий сапар менен Москвага барган.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык багыттагы кызматташуусунун маанилүү учурларына токтолду.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун чакыруусу менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий сапар менен Москвага барган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен алар журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.
Лавров сүйлөшүүлөр өз ара ишеним жараткан майнаптуу, стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык маанайда болгондугун айтып берди. Тараптар эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын урматына иш-чараларды өткөрүүнү белгилешкен.
"Президенттердин кызматташтыктын маанилүү учурларын бир нече жылдар алдыга аныктаган мамлекет аралык макулдашуулар менен келишимдерин өнүктүрүү биздин өз ара алаканын негизи болуп кала бере тургандыгын белгиледик. Соода-экономикалык кызматташууну аныктаган өкмөт аралык комиссия активдүү иштеп жатат. Муну менен катар эле быйыл Кыргызстан төрагалык кылган ЕАЭБ боюнча иштер да координацияланган", — деди Лавров.
Ал Россия бийлиги КРдин төрагалык кылуусу боюнча президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунда айтылган приоритеттүү маселелерди колдогондугун айтты.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Казакбаев: Бишкек Украина менен Россияга сүйлөшүү аянтчасы болуп берүүгө даяр
"Быйылкы жыл ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди жаңы деңгээлге чыгарат деп эсептейбиз", — деди министр.
Лавровдун айтымында, Россия активдешип бара жаткан парламенттик алакаларды кубаттоого алган жана министрликтер менен ведомстволордун алдыдагы байланыштары аныкталып, пландалган.
"Биз аскер-техникалык, ӨКМ жана башка жааттардагы кызматташууларды сүйлөштүк. Албетте, биздин жарандардын маданий, гуманитардык, билим берүү боюнча алакаларга кызыкдар экендиги эске алынды. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чаралар да талкууланды жана жакында Бишкек шаарында анын салтанаттуу жабылышы болот", — деди ал.
Лавров Россия Кыргызстанда биргелешкен программаларды ишке ашырууну энтузиазм менен күтүп жаткандыгын билдирди.
Анын айтымына караганда, өлкөлөрдүн БУУ, КМШ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдарда өз ара кызматташуунун актаулдуу маселелери боюнча позициялары төп келет жана бир топ жакын.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Казакбаев Лавров менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат берди
Жаңылыктар түрмөгү
0