Доллардын көтөрүлүшү кыргызстандыктарга кандай кесепетин тийгизүүдө? Видео

Жазылуу
Кыргызстанда доллардын курсу кескин өстү. Экономисттер жана бизнес өкүлдөрү мунун элге жана ишкерлерге тийгизе турган кесепети тууралуу айтып беришти.
Бир жума мурун америкалык валюта өлкөдө 84,9 сом эле, азыр 95 сомго чейин жетип жатат. Эксперттер курстун катуу секирик жасашы экономиканын көптөгөн тармагын алсыратарын айтууда. Мисал катары инфляцияга таасирин тийгизе турган жеңил өнөр жай тармагын айтса болот.
"Интертекс" ири текстиль компаниясынын директору Марат Дүйшөбаев доллардын кымбаттаганынан улам товарлардын өздүк наркы жогорулап жатканын билдирди.
"Ар кандай себептерден улам негативдүү таасир этери түшүнүктүү болуп калды. Биринчиден, серьё импорттолот. Негизинен биз Түркия менен Кытайдан сатып алып, доллар менен эсептешебиз. Андыктан продукциянын өздүк наркынын өсөрү айдан ачык. Экинчиден, сатып алуучу россиялык компаниялар менен келишимди рубль түрүндө түзгөнбүз. Анда 1-1,5 сомдун эсебин алган элек. Азыр 6-9 пайызда калкып турат. Долларды арзандатканда деле биздин кирешебиз 15-20 пайызга азаят", — деди бизнесмен.
Экономисттердин айтымында, дагы көптөгөн импорттук товарлар кымбаттайт. Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров сомдун куну төмөндөгөн сайын Кыргызстанда жашоо оорлошо берерин эскертти.
© Фото / пресс-служба партии "Ата-Мекен"Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Мекен Эльдар Абакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров
"Сом долларга карата дээрлик 12 пайызга төмөндөдү. Адатта сомдун наркы рублге байланыштуу болот. Биржадагы рублдин графигини карап чыктым — курс 105. Башкача айтканда, мурдагы курсунан 40 пайызга арзандаган. Сомдуку 12 эле пайыз, бирок 30-40 пайызга чейинки ыктымалдуу чекке да психологиялык жактан даяр болуш керек", — деди Абакиров.
Кыйынчылыктар болушу мүмкүн экенин президент Садыр Жапаров дагы эскерткен. Анын айтымында, жакын арада улуттук валюта катуу басымга кабылышы ыктымал. Дүйнөдөгү кырдаалдын эпкини, албетте, мекендештерге тийбей койбойт. Мамлекет башчы кыргызстандыктар "сыноодон майтарылбай өтүшү үчүн" бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты.
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Президент Садыр Жапаров
"Министрлер кабинети антикризистик план иштеп чыкты. Бардык министрликтердин сырткы таасирлерди ооздукташы боюнча атайын иш-чаралар кабыл алынат. Азыр биринчи кезектеги тапшырма экономикалык потенциалды сактап калуу", — деди Жапаров.
Экономика жана коммерция министрлиги азык-түлүк базарында спекуляцияга жол бербөөнү убадалады. Эгер баалар кескин жогоруласа, министрлер кабинети чара колдонот. Жеткирүүчү компанияларга субсидия берип, Антимонополия кызматы социалдык маанилүү товарлардын баасын жөнгө салат.
Тема боюнча:
Кыргызстанда доллардын курсу кантип аныкталат? Түйшөлткөн 7 суроого жооп
Улуттук банктын валюта рыногундагы абал боюнча брифинги. Урунттуу учурлар
29 жыл ичинде доллардын баасы сомго карата кандай өзгөрдү? График
Жаңылыктар түрмөгү
0