Кыргызстанда доллар курсу эми кандай болот? Министрдин түшүндүрмөсү

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭкономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев. Архивдик сүрөт
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Жазылуу
Экономика жана коммерция министри Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү жетиштүү экенин жана ал өлкөнүн товарлар, кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн алты айын жабарын айтты.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу жасалма жол менен көтөрүлгөн. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Анын айтымында, ошол учурдагы суроо-талапка жооп берип жана ажиотажды басаңдатуу үчүн каражат жетиштүү болчу. Анын үстүнө Улуттук банк 13 миллион долларды интервенцияга чыгарган.
"Бул сумма курс жасалма жол менен көтөрүлдү дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, доллар тартыштыгы болгон эмес. Рынокто каражат жетиштүү эле. Ага карабай Улуттук банк дагы 80 же 100 миллион доллар сатыкка чыгарууга даяр болчу", — деди Амангелдиев.
Министр кошумчалагандай, Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн алты айын жабат.
Sputnik агенттигинин материалынан Кыргызстандагы доллар жана башка чет элдик валюталардын курсу менен таанышсаңыз болот.
Кыргызстандын желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кыргызстан Россияга салынган санкциядан улам антикризистик план иштеп чыгууда
Жаңылыктар түрмөгү
0