Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАлтынбек Сулайманов. Архив
Алтынбек Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Облустун мурдагы башчысы Мирбек Кожоев башка ишке которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ысык-Көл облусунун буга чейинки башчысы Мирбек Кожоев башка ишке которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Айбек Жунушалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев кызматынан бошотулуп, башка ишке өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0