Кулакка "лапша" илип жатабыз! Депутат Айдарова аткаминерди кекеткен видео

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Айгуль Айдарова
Депутат Айгуль Айдарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Жазылуу
Эл өкүлү "мектепте берилчү 7 сомдук тамакты жеп көрдүңүзбү?" деп сураган.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова менен айтыша кетти.
Депутат социалдык саясат комитетинин жыйынында аткаминерден "мектепте бир баланын ысык тамагы үчүн 7 сом каралган, ошол акчага жасалган тамакты жеп көрдүңүзбү?" деп сурады.

"Бул жерде отурган ар бириңиздерге суроо, ушунчалык бала, мамлекет үчүн деп жатабыз. Калп эле күйүмүш болуп, кулакка "лапша" илип жатабыз. Чындыкты карайлы. Бирөөңүздөр кирип 7 сомдук тамакты жеп көрдүңүздөрбү? Жөн эле айтып көрсөңүздөр "жок же ооба" деп эле. Мага кызык болуп жатат", — деди Айдарова.

Андан соң депутат менен министрдин орун басарынын суроо-жообу төмөнкүдөй уланды:
Жусупбекова: — Азык-түлүк кымбаттай электе кирип карап эле жүрчүбүз, тамак жеткирүүчү компаниялар менен тендер өткөрүп турганбыз. Кийин кымбаттаганда Финансы министрлигине бардык, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте кат дагы жаздык.
Айдарова: — Менин суроомо эле жооп бериңиз, башка эч нерсенин кереги жок. Кирип жеп көрдүңүзбү деп атам. Кымбат-арзаны тууралуу сураган жокмун. Бул баарына тиешелүү, кааласаңыз жаныңыздагы ага-эжекелер жооп берсин.
— Келиңиз, суроо бергенден кийин мага дагы жооп бергенге мүмкүнчүлүк бериңиз.
— Балаңызды же небереңизди жетелеп барып жеп көрдүңүзбү, жөн эле кызыгып?
— Суроого жооп бергенге мага мүмкүнчүлүк бериңизчи, суранам.
— Мүмкүнчүлүк берсем, суроонун айланасында айланып жүрөсүз. Кыска эле айтыңыз болду.
— Мен айланып жооп берип аткан жокмун. 1-4-класстын окуучуларына үч жолу тамак жасабайт, бир жолку ысык тамак. Анан 7 сомду өзүнчө албайт, ал жалпы жасалат. Азыр кыйналып жатабыз, оор болуп жатат. Азыр компот менен бир булочка бергенге мажбур болуп турабыз. Чындыкты ачык эле айтып жатпайбызбы.
— Макул, арзан убагында дагы жеп көрдүңүз беле?
— Арзан убагында дагы жегенбиз, азыр да кирип көрүп, кыйналып жатабыз. Мына Ысык-Ата районунда тендер алты жолу кайра жарыяланды.
— Жок, ачык айтканыңызды билип атам, кымбаттаганга чейин жана андан кийин жеп көрдүңүзбү? Анын баарын түшүнөм бюджетке келип такалып жатат. Мен ортодогу айырманы эле сурадым, башка эч нерсенин кереги жок.
— Арзан кезинде (азык-түлүк) жеп көрдүм абдан даамдуу, жакшынакай жасалган тамак. Кымбаттагандан кийин да көрдүм айла жоктон компот менен булочкага өттүк.
Аягында депутат мектептердин тамагын текшерүү үчүн айттырбай күтүүсүз жерден барууну сунуштады. Буга Жусупбекова макул болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Айымдар, түндө телефон чалбаңыздар. Жапаров депутаттарга кайрылуу жасады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0