20 жашында үйлөнгөн, аялы элге чыкпайт. Сердар Бердымухамедов тууралуу 9 факт

© Sputnik / Александр АстафьевТүркмөнстандын вице-премьери Сердар Бердымухамедов
Түркмөнстандын вице-премьери Сердар Бердымухамедов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Жазылуу
Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу, вице-премьер Сердар Бердымухамедовдун талапкерлигин каттоого алды.
Сердар Бердымухамедов президенттик тактыга атасына мураскер болорун саясий серепчилер буга чейин айтып келишкен. Эми ал 40 жашка толуп (Түркмөнстанда Конституция боюнча президентикке талапкерлигин 40 жаштан өткөн жаран гана кое алат — ред.), өлкө башчылыкка ат салышканы жатат.
Sputnik Кыргызстан бүгүн Түркмөнстандан ханзаадасы тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту. Маалыматтар ачык булактардан алынды.
Туулган жылы жана жери. Сердар Бердымухамедов 1981-жылдын 22-сентябрында Ашхабад шаарында ал кездеги стоматолог Гурбангулы Бердымухамедовдун үй-бүлөсүндө туулган.
Билими. 2001-жылы Сапармурат Ниязов атындагы Айыл чарба университетинен инженер-технолог адистигин алган. 2008-2011-жылдары Россия ТИМинин дипломатиялык академиясын аяктаган. 2011-2013-жылдары Женевадагы Саясат коопсуздугу борборунда окуп, европалык жана эл аралык коопсуздук адистиги боюнча билим алган.
Үйдүн жалгыз уулу. Түркмөнстанды 2006-жылдан бери жетектеп келе жаткан Гурбангулы Бердымухамедовдун айрым булактарда эки кызы бар делсе, башкаларында үч кызы бар экени айтылат. Алардын арасында Сердар жалгыз уул. Бир тууганы (эжеси же карындашы экени тууралуу так маалымат жок — ред.) Гүлжахон Түркмөнстандын көмүр кычкыл ресурстарын тескөө жана пайдалануу мамлекеттик агенттигинин Улуу Британиядагы өкүлү болгон жолдошу Иласгелди Аманов менен Лондондо турары айтылган. Андан кийинки бир тууганы Гүлшан Атабаева жолдошу Давлет менен Парижде жашай турганы ачык булактарда жазылган.
Апасы. Апасы Огулгерек Бердымуxамедова — эл көзүнөн оолак, табышмактуу канайымдардын бири. Ачык маалыматтарда ал жолдошу менен жашташ жана алыскы туугандарынын кызы экени айтылып келет. Кесиби боюнча педагог. Огулгерек айым алгачкы жолу коомчулукка былтыр чыккан. Ал Ашхабад шаарында Гурбангулы Бердымухамедов менен Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган жолукканда жолдошун коштоп барган.
Жубайын эл адына чыгарбайт. Атасы сыяктуу эле Сердар да жубайын эл алдына чыгарбайт. Ал тургай анын аты дагы белгисиз. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, алар Сердар Бердымухамедов 20 жашка эми чыкканда баш кошкон. Учурда үч кыз, бир уулду тарбиялайт.
Уулу чоң атасына жакын. Буга чейин Түркмөнстан президенти небереси менен үч тилде ыр ырдап, интернет-колдонуучуларды кайрадан таң калтырган. Ырдын сөзүн Бердымухамедов өзү жазса, обонун анын небереси Керимгулы Бердымухамедов жараткан. Көпчүлүк учурда чоң атасын коштоп жүрөт.
Жалаң ийгилик коштогон карьерасы. Сердар Бердымухамедов 22 жашынан тарта Тамак-аш өндүрүшү ассоциациясынын башкы адиси болуп эмгектенген. Андан соң айыл чарба министринин орун басары, өндүрүш министри, парламент депутаты, Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы, Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болгон. Мындан тышкары, президенттин уулу тышкы саясат тармагында бир топ жогорку кызматтарды аркалаган. 2008-2011-жылдары Түркмөнстандын Россиядагы элчилигинде кеңешчи, 2011-2013-жылдары Түркмөнстандын БУУдагы туруктуу кеңсесинде (Швейцария) кеңешчи болгон. 2013-жылы Тышкы иштер министрлигинде Европа мамлекети боюнча бөлүмүн башкарган. 2016-2017-жылдары ТИМдин Эл аралык маалымат департаментин жетектеген.
Былтыр атасы өлкөнүн вице-премьери кылып дайындаган, буга чейин өлкөдө мындай кызмат болгон эмес. Анткени Түркмөнстанда премьер-министр жок. Аткаруу бийлигин дагы Гурбангулы Бердымухамедов өзү башкарат.
Бизнесте. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Сердар Бердымухамедов азык-түлүк рыногуна негизги көзөмөл органы болуп эсептелген Тамак-аш өндүрүшү ассоциациясында иштеп жүргөн учурунда тамак жана спирт ичимдиктерин сатуу боюнча ири бизнес түптөгөн. Айрым ЖМКлар ал саясатка караганда бизнеске көбүрөөк кызыгарын жазышкан.
Атасынын жылкы менен алабайга болгон сүйүүсүн тең бөлүшөт. Сердар атасы сыяктуу эле спорт менен көп машыгарын жергиликтүү ЖМКлар байма-бай айтып келишет. Ошондой эле ахалтекин жылкысы менен алабайды жакшы көрөт. Атүгүл алардын ассоциациясын жетектейт.
Келин ата-энеси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Кыз алышып-беришкен саясаттагы кудалар. Министрден президентке чейин
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кызы Рухшона Эмомали. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эмомали Рахмон кызы Рухшонаны Улуу Британияга элчи кылып дайындады
Жаңылыктар түрмөгү
0