Кайнатасынын жан сакчысы, элчи, банкир... Борбор Азия ажолорунун күйөө балдары

© Фото / Pexels / Анна ХазоваҮйлөнүү. Иллюстративдик сүрөт
Үйлөнүү. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Жазылуу
Борбор Азия президенттери үчүн өздөрүнүн уул-кыздарын жогорку кызматтарга дайындап, жанына жакын кармоо анча өөн көрүнүш эмес. Майлуу-сүттүү кызматтардан күйөө балдар дагы куру калбаган мисалдар көп.
Казакстандагы массалык нааразычылык акцияларынан кийин Нурсултан Назарбаевдин мезгилинен бери иштеп келе жаткан бир топ аткаминерлер кызматтан бошотулду. Алардын арасында Елбасынын үч күйөө баласы тең бар.
© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКазакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Китай. День второй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев
Өткөн жумада Назарбаевдин тун кызы Дариганын жолдошу Кайрат Шарипбаев QazaqGaz улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагалыгынан, кенже күйөө баласы Димаш Досанов "КазТрансОйл" ишканасынын башкы директорлугунан четтетилди. Ал эми бул аптанын башында ортончу кызы Динаранын жолдошу, белгилүү бизнесмен Тимур Кулибаев "Ата мекен" ишкерлердин улуттук палатасынын төрагалыгынан кетти. Ал бул кызматты 2010-жылдан бери аркалап келе жаткан.
© Фото / сайт ОА "Интергаз Центральная Азия"

Кайрат Шарипбаев

Кайрат Шарипбаев - Sputnik Кыргызстан
1/3

Кайрат Шарипбаев

© Sputnik / Ксения Воронина

Димаш Досанов

Димаш Досанов - Sputnik Кыргызстан
2/3

Димаш Досанов

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүү

Тимур Кулибаев

Тимур Кулибаев - Sputnik Кыргызстан
3/3

Тимур Кулибаев

1/3

Кайрат Шарипбаев

2/3

Димаш Досанов

3/3

Тимур Кулибаев

Мындан улам Борбор Азия мамлекеттеринин азыркы президенттеринин күйөө балдары кайсы кызматты аркалап, эмне иш кыларына кызыгып көрдүк.

Жапаров менен Токаевдин күйөө баласы жок

Казакстандын ушул таптагы президенти Касым-Жомарт Токаевдин кыздары жок, уулу гана бар. Ал эми Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров күйөө балалуу боло элек. Төрт уулдун арасындагы жалгыз кызы Жанайым азырынча турмушка чыга элек. Учурда студент.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев
Консультативная встреча глав государств Центральной Азии в Туркменистане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Кыргызстан президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев

Рахмондун күйөө балдары элчи, банкир, ишкер...

Кесиптештеринин ичинен күйөө балага өтө байы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Анын жети кызы бар.
© AP Photo / Alexei DruzhininТажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Президент Таджикистана Эмомали Рахмон  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Тун кызы Фируза тажик темир жолунун мурдагы жетекчисине келин болгон. Болгону Хокумовдун уулу боюнча маалымат жокко эсе, ысымы, кесиби эч бир жерде айтылбайт.
Тажикстан Улуттук банкынын төрагасынын биринчи орун басары, 45 жашар Жамолиддин Нуралиев президенттин экинчи кызы Озодага үйлөнгөн. Озода өзү Тажикстандын президентинин, тагыраагы, өз атасынын аппаратын жетектейт. Жубайлар беш баланы тарбиялайт. Нуралиев мурдараак Улуттук банкта экономист болуп иштеген, кийин МВФ жана Дүйнөлүк банкта эмгектенип, андан соң каржы министринин биринчи орун басарлыгын аркалаган.
Первый заместитель председателя Национального банка РТ Джамолиддин Нуралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Жамолиддин Нуралиев
Президенттин үчүнчү кызы Рухшона Рахмон өткөн жылдын декабрь айында Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды. Анын жолдошу — Шамсулло Сохибов. ЖМКдагы маалыматтарга таянсак, анын "Фароз" деп аталган көп профилдүү ири компанияга тиешеси бар. Бул компаниянын транспорт, курулуш, соода, металлургия, туризм, саламаттык сактоо, мейманкана бизнеси, банк, жалпыга маалымдоо каражаттары сыяктуу тармактарда ондогон ишканалары бар экени айтылат.
Бешинчи кызы Парвина мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Шерали Гуловдун уулу Ашрафка турмушка чыккан. Азыр бул күйөө баласы Тажикстандын Түркиядагы элчиси.
Алтынчы кызы Зарина Тажикстандын биринчи каналында диктор болгон, кийин "Ориенбанк" ААКнын башкаруу тобунун төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Бир нече жыл илгери ал Байланыш кызматынын башчысы Бег Зухуров-Сиевуштун уулуна турмушка чыккан. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, ал бокс менен машыгып, эл аралык мелдештерге катышып жүргөн. Рахмондун калган эки кызы, алардын үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалыматтар жокко эсе.

Бердымухамедовдун “сырдуу” күйөө балдары

Түркмөнстанды 2006-жылдан бери жетектеп келе жаткан Гурбангулы Бердымухамедовдун айрым булактарда эки кызы бар делсе, башкаларында үч кызы бар экени айтылат. Кандай болгон күндө дагы алардын өмүрлүк жарлары тууралуу ачык маалыматтар жокко эсе.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТүркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов
Консультативная встреча глав государств Центральной Азии в Туркменистане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов
Бир топ жыл мурда тун кызы Гүлжахон Түркмөнстандын көмүр кычкыл ресурстарын тескөө жана пайдалануу мамлекеттик агенттигинин Улуу Британиядагы өкүлү болгон жолдошу Иласгелди Аманов менен Лондондо турары айтылган. Андан кийинки кызы Гүлшан Атабаева жолдошу Давлет менен Парижде жашай турганы ачык булактарда жазылган.

Шавкат Мирзиёев

Өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен жубайы Зироатхон Хошимова эки кызын тең турмушка узаткан. Тун кызы Саида коомдук жашоого активдүү катышат. Анын жолдошу Ойбек Турсунов президенттик аппараттын иш башкармалыгында эмгектенери белгилүү. Ошондой эле акыркы жылдары жергиликтүү ЖМКлар ал ири банктын акцияларын сатып алгандыгы тууралуу жазып жүрүшөт.
© Фото / пресс-служба президента УзбекистанаӨзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен
Президентские выборы в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен
Отабек Шаханов Мирзиёевдин экинчи кызы Шахнозаны алган. 2017-жылы ал өз кайнатасынын — президенттик күзөт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган.
КМШ мамлекеттеринин президенттери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Президенттер бош кезде эмне кылат? КМШ ажолорунун хоббиси
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) ведомствонун жетекчисинин биринчи орун басары Самат Абиш  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев Назарбаевдин иниси Самат Абишти кызматтан алды
Жаңылыктар түрмөгү
0